Алкы бузуктар ажо болом дейт

Ыр-чыр менен башталган Балыкчы-Корумду жолу аягына чыкпай ара жолдо токтоп турат. Аталган жолду реконструкциялоону кытайлык «Лонг Хай» компаниясы колго алат, анда 72 чет өлкөлүк, 474 жергиликтүү жумушчулар иштеп жаткан.

Аталган компания «Тамчы-Чолпон-Ата» участогун 2016-жылдын 31-августуна карата шашылыш бүткөрүшкөн. Ал эми жолду толук бүткөрүү 2017-жылдын 31-декабрына пландалган. Жалпы узундугу 104 чакырымды түзгөн жолдун наркы 9 млрд. 202,4 млн. сомду түзгөн. Учурда иш акча жоктугунан токтоп, жергиликтүү тургундар быйыл да чаң жутуп, жайкы сезондо оңдуу иштей албайт экенбиз деп нааразы болушууда. Ал эми бул ишти чалды-куйду кылып, каржылоо булагын аныктабай туруп ишти баштаган ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев жарым миллиард сомго шектелип кызматтан кетип, эми болсо чалмакей чалган ишине жооп бергендин ордуна президент болмокчумун деп чамынып жүрөт. Ким бизди укуктук мамлекет деп айтат? Жеп-ичкенге күнөөлөнгөндөрдун баары эле президент болом деп жутунат. Деги ушундай жандимилерден качан кутулабыз?

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *