“Алмамбет Салиевдей жаштар менен келечекти бирге курабыз”

Соңку убакта президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев тууралуу сөздөрдүн көбөйүп жатышы эмнени билдирет? 35 жашты эми багынткан бул персонанын тез арада көпчүлүктүн оозуна алынышы түркүн божомолдорго жол ачууда. Эмесе биз президент Сооронбай Жээнбековго кыйын кырдаалдарда арка-бел болуп, өлкө башчысынын тээ эзелтен бери ишенимин актап келе жаткан бул фигуранын ким экендигине кызыгып, коомчулук көзүндөгү аттуу-баштууларга собол салдык. Бүгүнкү бийликтеги өз ишин билген олуттуу кызматкерге төмөндөгү инсандар ой-пикирлерин айтышты.
Кубатбек Кожоналиев, генерал-майор:
– Мен Алмамбет Абдимиталиповичти өзүмдүн юридикалык кесибим аркылуу билем. Ал жаш болсо да өз ишин мыкты билген, компетенттүү жана чечкиндүү адис. Жоопкерчиликти өзүнө алып, аракет кылган жетекчи. Мамиледе жөнөкөй, адамды угуп, аны түшүнгөнгө жана өзүнүн позициясын жеткиргенге аракети бар десем жаңылбайт болушум керек. Мен билгенден, Алмамбет ажобуздун жанында аны менен бирге Ош коогалаң окуяларын, кийинки далай кыйынчылыктарды башынан өткөргөн,  кризис кезде өзүнүн ишмердүүлүгүн, адамдык, адистик сапаттарын көрсөткөнгө үлгүргөн. Ал азыркы кызматында да ийгиликтүү иштейт дегенге толук негиз бар деп ойлойм. Өз убагында мен да жашым отуздан ашканда ушундай жооптуу кызматтарды ийгиликтүү аркалагам, берилген ишенимди актоого аракет кылгам. Балким, ошон үчүнбү, өз башымдан өткөргөнгөбү, мындай кызматтарга сыноолордон өткөн, профессионал, чечкиндүү жаш кадрларды дайындаганды туура деп эсепеймин.
Даир Кинекеев, “Учкун” АККсынын башкы директору:
– Мен негизинен Алмамбет Салиевди жакындан жакшы тааныбайт элем. Бирок, бир курдай мен өкмөттө вице-премьер-министр болуп иштеп турганда жумуш аркылуу бир-эки маселе менен чогуу болгонбуз. Ошондо аны жаштыгына карабай ишбилги, компетенттүү, образдуу салыштырып айтканда, алыска чуркай алчу аргымактай адис катары бааладым. Ал киши жөнүндө ушул кезге чейин жаман-жуман сөз уга элекмин. Жүгү оор кызматта иштеп жатат, ийгилик гана каалаймын. Кыргыздын тирикарак, тың, чыйрак жигити катары бийиктиктерди багындырып, кыргыз элибизге дагы да бел чечпей кызмат кылып берерине ишенем. Кыргыздын “күлүк күнүндө, тулпар тушунда” деген жакшынакай сөзү бүгүн Алмамбет Салиевге куп жарашып турат.
Бактыбек Райымкулов, ЖК депутаты:
– Мен билген Алмамбет Салиев: ал бүгүнкүдөй бийиктиктерге төмөнтөн жогору көздөй өсүп отуруп жеткен экен. Мамлекеттик башкарууда, өзгөчө бийликте мындай кадрлар аз. Андыктан, мамлекеттик кызматтын эң төмөнкү тепкичтерин тээ региондордон бери ырааттуу басып келе жаткан мамлекеттик ишмер катары ал баарын түшүнөт. Айрымдарчалап жогорку бийликке асмандан түшө калган жок. Ток этери, өсүп келе жатат, келечеги кең. Дал ушундай жаштар башкаруу бутактарыбызга аралашып, келиши керек. Алмамбет Салиевди көтөрө чалып мактайын деген жерим жок. Болгону, ал боюнча калыс позициямды билдире алам.
Жеңиш Молдокматов, “Замандаш” партиясынын лидери:
– 2018-жылды президентибиз Сооронбай Жээнбеков жакшы жөрөлгө менен баштады. Бул жаңы доордун жаш муундарын мамлекеттик кызматтарга алып келүүсү. Президенттик аппараттын жетекчилик кызматына Алмамбет Салиевге ишеним артып дайындаганын мен жылуу кабыл алдым. Алмамбет Салиевди өзү жаш болсо да мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин басып өткөн, кесипкөй, дасыккан адис катары тааныйм. Жаңылбасам, үч жогорку билими бар, кичипейил, жумушуна так жана эң негизгиси туруктуу, сөзүнө бекем. Акыркы 27 жылда бийликтин түрүн, башкаруунун ар түрдүү ыкмаларын көрдүк. Бүгүн мамлекетибиз жаңы кан, жаш кадрларга суусап турган чак. Андыктан, жигердүү кызматкер кызматын өтөп жатса, аны буттан чалып, көргө түртпөстөн, колдоо менен бийиктикке ыктатып, көтөрмөлөшүбүз абзел. Мен жаңыдан дүбүртү катуулап келе жаткан Алмамбет мырзанын ишине ийгиликтерди каалаймын! Керек болсо, жакшы сөздү аябайм! Аны президентибиз жоопкерчиликтүү кызматка дайындаганы Салиевге ишенгендегиси. Ошол эле учурда бул аябагандай чоң жоопкерчилик десе болот. Муну кыраакы Алмамбет өзү деле жакшы түшүнөт.
Урмат Самаев, ЖК депутаты:
– Президенттик аппарат жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев бүгүнкү өлкө башчыбыздын бийлик бутактарына жаңы кан жүгүрткөн кадрдык жүрүштөрү аркылуу кызматка келген жаш жетекчилердин бири. Салиев боюнча азырынча артынан жаман кептер ээрчий элек. Ээрчибей эле койсун. Алманбеттин иш-билгилиги, билимдүүлүгү, адамгерчилик сапаттарынан башка да өлкө башчыбыз Сооронбай Шариповичке кыйын кырдаалда арка-бел болуп, ишеничин актап келе жатканы боюнча жакшы кептерди кулагым чалып келет. Жаштыгына карабай, ушундай кызматты аркалап жатканы кубандырат. Эгерде ушул темп менен эч булганбай, жаман иштерге аралашпай, түз багыт менен кете берсе, анда келечекте бул жигит спикер, премьер-министрлик бийик постторду да аркалап калышы ажеп эмес. Биз бийликтин бийик бутактарындагы дал ушул Алмамбет Салиевдей жаштар менен келечекти бирге курушубуз керек!
Искендер Матраимов, ЖК депутаты:
– Алмамбет Салиевди мен тээ Ош облусунда иштеп жүргөнүнөн бери жакшы билем. Экөөбүз кезегинде бир имаратта чогуу иштегенбиз. Тагыраагы, Алмамбет мамлекеттик кадр кызматынан конкурстан өтүп, Ош облустук администрацияга ишке кирген. Жаңылбасам, өзү милициядан келген. Ошондон бери таман акы, маңдай тери, карандай эмгеги менен өсүп келе жатат. Адамгерчилиги, ишбилгилиги жагынан сөз жок. Дили таза, ичинде кири жок, жакшы экенин жашырбай айта алам. Алмамбет – келечектеги лидер жигит. Ага карата айткан сыпаттамам ушундай.
Булак: “Азия ньюс” гезити

1 ой-пикир

  • Адилет says:

    Бугун мактап эртен боктогонго биздин эл аябай эле кыйын. Эмнеге мынча мактадынар… “Жожону куздо сана” деген соз бар. Шашпагыла эртен тилинерди тиштеп калбагыла. Мен бир дагы эл оозуна алынаарлык мамлекеттин осуусуно жанын уроп иштеген, таза, татыктуу чиновникти коро элекмин Кыргызстанда. Бар болгону Оштун мурдагы МЭРи Мелиске бир аз ыраазы болгомун шаарга жасаган иши учун. Калгандары бут эле тойбогон, ач коз, кыска ойлуу, дунуйого туркук болом деп энсеген, мамлекетти курмак тургай куураткан адамдар. Ошол чиновниктерден эл качан эле умутун узгон. Оз арабасын эптеп кылдыратып жатат.Бул менин жеке оюм.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *