Алматыда «Жаңы Казакстан» форуму түзүлдү

Алматыда жарандык активисттер жана саясатчылардан турган топ «Жаңы Казакстан» форуму деп аталган коомдук уюм түздү. Негиздөөчүлөрдүн айтымдарында, бийлик менен диалог жүргүзүүнү максат кылган уюм кийин партияга айланышы мүмкүн.

«Жаңы Казакстандын» өкүлдөрү уюм радикалдык билдирүүлөрдү жасабай турганын, бирок ошол эле маалда коомдун көйгөйлөрүн көтөрүп тураарын айтышууда.

«Форум радикалдуу билдирүүлөрдү жасап, көчөлөргө чыгууга, мыйзамсыз аракеттерге барууга үндөгөн уюм болбойт. Биринчи кезекте бул элге жана демократияга каршы кабыл алынган мыйзамдарга карата конкреттүү, объективдүү жана сабаттуу баа бере турган интеллектуалдардын жыйыны болот», — деди саясат таануучу Расул Жумалы.

«Жаңы Казакстан» форумун түзүү тууралуу апрелде Брюсселде бир катар казакстандык активисттер, саясатчылар жана журналисттер билдиришкен. Алардын арасында өлкөнүн мурдагы премьер-министри Акежан Кажегелдин болгон. Ал мекенинде жемкорлук айыбы менен соттолуп, 1999-жылдан бери чет өлкөдө жашап келет.

Айрым талдоочулар «Жаңы Казакстан» чет өлкөдө жашап жүргөн мурдагы банкир Мухтар Аблязов тарабынан түзүлгөн «Казакстандын демократиялык тандоосу» деп аталган кыймылга каршы күч катары түзүлдү деп эсептешүүдө. 13-мартта Астана соту «Казакстандын демократиялык тандоосун» экстремисттик уюм деп таап, жарандарга анын мүчөсү болууга жана идеяларын жайылтууга тыюу салган.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *