Алмаз Атамбаев: ” 2010-жылдан кийин айрым Убактылуу өкмөт мүчөлөрү элди тоноого аракет кылышты”

“Биз коррупцияга каршы системалуу күрөштү баштап, мамлекеттик башкаруу органдарын, айрыкча жогорку бийлик эшелондорун  бул жаман өнөкөттөн катуу тазалай баштадык. Коррупцияга каршы биз катуу күрөш жүргүздүк”, – деп билдирди 31-августта Алмаз Атамбаев “Ала-Тоо” аянтында эгемендик күнүн белгилөө салтанатында.

“Мени бул иште эч нерсе  – ким болсо да, кандай кызмат ээлебесе да, досум болобу же тууганым болобу, айтор, токтоткон жок. Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок. Акыркы беш жылдын аралыгында гана  7 миң коррупциялык ишмердик, анын ичинде  эң жогорку бийликтеги чиновниктерге карата  катуу чуулуу  кылмыш иштери аныкталды. 2005-жылдан кийин Бакиевдер өлкөнү тоной баштаган, 2010-жылдан кийин айрым Убактылуу өкмөт мүчөлөрү элди тоноого аракет кылышты. Мурдагы коррупциялык системага кайра кайтпайбыз. Кыргызстан эли эми  буга жол бербейт деп ишенимдүү айта алабыз”, – деди Атамбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *