Алмаз Атамбаев 30дай таасирдүү чүйлүк азаматка сый тамак берип: “Жазга даярдангыла!” дептир

Алмаз Атамбаев өткөн жумада 30дай таасирдүү чүйлүк азаматтарды (аттуу-баштуу саясатчылар эмес, “полевой командирлерди”) жыйнап, сый тамак берип, өлкөдөгү саясый ситуацияны талкууга алыптыр.

“Мен силердин алдыңарда кечирим сурайм, Сокеге ставка жасап, мен чоң жаңылдым. Керек болсо мен саясатчылардын жана элдин алдында да кечирим суроого даярмын”, дептир ал.

Акырында бир эле сөз айтыптыр: “Жазга даярдангыла! Жазда баарын бүтүрөбүз!” деп. Жазда эмнени бүтүрөрүн билбей биздин баш катып, комментарий сурап кайрылгандар да ийнин куушуруп кутулушууда.

Булак: Кyrgyztoday.кg

3 comments

  • Эми Атамбаевди Бир Гана башы жоктор,акча учун элинжерин саткандар
    Гана укпаса башка эч Ким укпайт.Бул киши 7 жылда Кыргызстанды сызга олтургузду,кайталаймын- Сызга олтургузду!!! Бул киши соо болсо озунун жасаган ишинен жыйынтык чыгарат элего.

  • Алтынбек says:

    Ушундайда ордуна коюп, катуу чара корулбосо Жээнбеков Бакиев менен Акаевдин кейпин кийип калышы мумкун. Алар да тынчылары иштебей, оздору камырабай журуп алдырган бийлигин. АШАдан баарын кутууго болот. Жатып олгучо атып олойун деген урааны эле эмнени канкуулайт?

Leave a Reply to Алтынбек Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *