Алмаз Атамбаев Бириккен улуттар уюмун сынга алды

“Кыргызстанга демократиянын орношу демократиялуу деп эсептелген мамлекеттер тургай эл аралык уюмдарга да кереги жок”, – деп билдирди Алмаз Атамбаев 18-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында.

“Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанга каршы резолюция кабыл алганда, алар ушундай эле резолюцияны Сауд Аравия өлкөсүнө да каршы алгылары келишкен, анткени Сауд Аравияда аялдарга машина айдоого эми гана уруксат беришти, бирок али ишке аша элек. Эгер адам укугу жөнүндө сөз кылсак ушуну сөз кылышпайбы, эмне аял эч нерсе…  Мына, БУУнун адам укуктары комитети ушуну менен алек болуш керек, анын үстүнө комитеттин төрагасы араб өлкөсүнүн өкүлү экен? Сен алгач өзүңдө эмне болуп жатканына байкоо салчы. Эгер силерде аял киши алигиче адам деп эсептелбесе, анда силер кимди үйрөтүп жатасыңар? Бизге каршы резолюцияны кабыл алдыңар, а Сауд Аравиясына каршы резолюцияны кабыл аларда  БУУнун Генкатчысы ачык эле: “Сауд Аравия бизди, БУУнун бюджетинин 5 же 8%ын каржылайт, ошондуктан биз мындай резолюцияны кабыл алалбайбыз”,  деп айтты. Ал эми АКШ БУУнун бюджетинин 22%ын каржылайт. Башкача айтканда Эл аралык уюмдарда дагы чечимдерди акчага кабыл алышат”, – деди Атамбаев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *