Алмаз Атамбаев жан сакчыларын алмаштырды

Бишкектин Алматы көчөсүндөгү “Форум” ишканасына тынбай каттап иштей баштаган Алмаз Атамбаев өлкөдөгү абалдын өзгөрүшүнөн уламбы же башка себептери барбы айтор жан сакчыларын толук бойдон орус сакчыларга алмаштырыптыр. Алтургай эң ишенимдүү жан сакчысы болгон Дамир Мусакеевди да өзүнөн арылатып, башка жумуш берген.  Эми Атамбаевдин жанында эки эле кыргыз жан сакчы калып калганы бүт бойдон орус жана башка улуттардан куралган жан сакчылар кайтарат экен.

2010-жылы 7-апрелдеги революциядан кийин да Атамбаев Россиядан атайын жан сакчыларды жалдап келип, ошолор гана анын коопсуздугун камсыз кылышчу.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *