Алмаз Калыбаевди калыпка салчу киши барбы?

Биринчи май район сотунун судьясы Алмаз Калыбаев мыйзамга каршы иштеп атканы айтылууда. Интернеттеги комментаторлор бул судья капчыктуу бирөөнүн доо арызын кабыл алууга мыйзам жол бербегенине карабастан, кароого алганын айтып жатышат. Эмгек кодексине ылайык жогорку кызматтарга барган аткаминерлер жумуштан алынып калса, эч кандай даттанууга укугу жок экенине карабай, судья Калыбаев болсо, мурунку премьер-министр Исаковду дагы чакыртып алып, отчетун алам деп атыптыр. Бул кандай прецедент түзүлүп калаарын, эртең президент менен премьер-министрлер чубалып 1-май райондук сотко барып калса, ага жооптуу судья Калыбаев болоорун унутпагыла.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *