Алмаз Мамбетов Балыкчыга инвестиция тартуу жагын жолго коюуда

Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ушул күндөрү Монголияга иш сапары менен жөнөп кетти. Тышкы иштер министрлигинде көп убакыт иштеп калгангабы, Алмаз мырза Балыкчы шаарына чет элден инвестиция тартуу жагын жакшы жолго салганы, кунары кеткен калааны эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен жаңы идеялардын астында оңдоп-түзөө иш аракеттерин көрүп жаткандыгы кубандырды. Заман талабына шайкеш билими бар, эл аралык тажрыйбадан түшүнүгү терең жигит колунан келишинче иштей берсин да. Эсиңерде болсо, Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттары ишинде кылтың-мылтың жүрүшкө бара койгон буга чейинки мэрлерди бийликтеги тирөөчтөрүнө карабай айдап жолго салышкан. Азыркы Алмаз Мамбетов Балыкчы шаардык кеңешиндеги «карт бөрү» депутаттар менен тирешпестен, дипломаттык чеберчилигине салып, тынч маанайда иштеп жаткандыгы каңкууланды. Өсчү жигиттер өздөрү эле камчы салдырбай иштеп кетет тура.

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *