Алмаз Усенов «Форумда» партиялык иштер менен алектенип, ЖМКларды да башкарууда

Мурдагы президенттин аппарат башчысы Алмаз Усенов жумушсуз деле калган жок. Ал «Форум» имаратында иштеп атат. КСДПнын ички уюштуруу иштерин жайгарып, ошого катар Алмазбек Атамбаевдин пиар-менеджери катары да алектенүүдө. Жакында партиянын съез­ди өтөт, дал ошол иш-чарада Атамбаев лидер катары кайрадан дайындалып, парламенттик шайлоого даярдыктар батыл көрүлмөкчү. Негизи Усенов мыкты аткаруучу, шефинин тапшырмаларын «таш­ка тамга баскандай» жасайт. Учурда Усенов партиянын саясый-идеологиялык иштеринен сырткары да бир топ маалымат булактарын «көшөгө артынан» башкарып, шефинин душмандарын «ур-тепкиге» алдыруу жагынан таланты бар экенин далилдеп аткан чагы.

Булак: Азия Ньюс

4 comments

  • Макс says:

    Опытный специалист, удачи во всех начинаниях.

  • Асира says:

    Алмаз Усенов озун мыкты адис экендигине шек, ал оз ишин мыкты башкаруучу катары баалашат, ал эми тастыкталбаган ушак имиштер Усеновдун артынан каралагандар аман болгула, коро албастыктын да чеги болуш керек

  • Максат says:

    Усонов кайсыл жумушту аркалабасын майын чыгара жасаган адам катары билем. Анын торт жагы топ келген инсан, адис катары, адамгерчилик катары озун ьтатыктуу алып жургон адам. Ишине ийгилик.

  • Макс says:

    Эн негизгиси Алмаз Усенов таза инсан, мыкты жетекчи жана оз кесибинин чыныгы устаты. Андыктан ичинер куйсо, Кочкордун тузунан жалап алгыла 🙂

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *