Алмазбек Атамбаев: “Чубак Жалиловду Гүлен менен жолугушууга мен жиберген эмесмин”

“Чубак ажы Жалилов менен Фетхуллах Гүлендин жолугушуусун Атамбаевге каршы пайдалангысы келгендер бар. Керек болсо Чубак ажы өз убагында “азыркы бийликтен да өткөн коркунучтуу эч нерсе жок болушу мүмкүн” деп айткан”, – деп билдирди Алмаз Атамбаев бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы мамлекеттик N 2-резиденцияда журналисттерге берген акыркы жайкы маалымат жыйынында.

“Ал кишини Гүлен менен жолугушууга мен жиберген эмесмин. Бизде демократия – эгер Чубак Жалилов барса, Гүлен менен жолукса, ал Кыргызстандын муфтийи эмес, кызмат адамы эмес. Мен Гүлен менен тааныш эмесмин”, – деди Атамбаев.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *