Алмаз Атамбаев: “Мен Икрамга (Илмиянов) “сенин ордуңда мен болсом шофёрлордун партиясын ачып, президент болуп алмакмын” деп айттым”

“Мен Икрамга (Илмияновго) “сенин ордуңда мен болсом шофёрлордун партиясын ачып, президент болуп алмакмын” деп айттым” – деп билдирди Алмаз Атамбаев бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы мамлекеттик N 2-резиденцияда журналисттерге берген акыркы жайкы маалымат жыйынында.

“Икрамжанды канчалык казсаңар да эч нерсе таппайсыңар. Эмне, айдоочулардын баары жаманбы анда? Мен ишенем, андан эч бир илинчек таппайсыңар. Ал да ар кандай сөздөрдөн тажаганын айтты. Мен ага “сенин ордуңда болсом мен шофёрлордун партиясын ачып, президент болуп алмакмын”
дедим”, – деп жооп берди Алмаз Атамбаев журналисттердин “акыркы жылдарда Икрамжан Илмиянов Кыргызстандагы 100 байдын катарына кантип кирип калды?” деген суроосуна.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *