Алмазбек Атамбаевди КСДПнын төрагалык креслосу күтүүдө

«Кыргызстан социал-демократтар партиясы» февраль айында курултай өткөрүүгө даярданууда. Анда каралчу маселе – экс-президент Алмазбек Атамбаевди партиянын төрагалыгына шайлоо.
Маалыматты КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү тастыкташты. Азырынча курултай өтүүчү күн так аныктала элек, бирок уюштуруу иштери жүрүүдө.
2017-жылы 20-ноябрда президент катары соңку маалымат жыйынында Алмазбек Атамбаев КСДПны келерки парламенттик шайлоого даярдап, партиянын катарын тазалап, өзү аны жетектеп чыгышы мүмкүн экенин айткан. Мындан улам серепчилер экс-президенттин спикер же премьер-министр кызматтарына келип, саясаттагы жаңы сапары башталышы мүмкүн экенин айтып келе жатышат.Алмазбек Атамбаев президенттик кызматта турганда өлкө жетекчилигинен кеткенден кийин эч бир саясий жогорку кызматка барбасын, КСДПнын курамын бекемдөө жана чыгармачылык менен алектенерин айтып жүргөн.
Маалымат үчүн: Алмазбек Атамбаев учурда 61 жашта. Ал 1995-жылдан тарта саясатка активдүү аралаша баштаган. Саясий карьерасында Жогорку Кеңештин депутаты, министр, премьер-министр болуп эмгектенген. 2011-жылдын 1-декабрынан 2017-жылдын 24-ноябрына чейин Кыргыз өлкөсүнүн президенти катары иштеди.

Булак: Супер Инфо 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *