Алмазбек Атамбаевдин оптимисттик трагедиясы

Эгерде СДПК партиясынын лидери Алмазбек Атамбаевдин «Апрель» телеканалына берген бир жарым сааттык интервьюсуна кандайдыр бир кошумча ат (подзаголовок) коюу зарылдыгы туулса, анда бул маекти “экс-президенттин телевизиондук автопортрети” деп атап коюу абдан таасын аныктама болмок. Анткени, анын саясий оппоненттерин айтпай эле коелук, бери эле болгондо саясат менен эч иши жок, жогорку бийлик эшелонундагылардын өз ара “ички разборкалардан” такыр кабарсыз, кайдыгер болгон телекөрүүчүлөрдүн көбү деле: “Экс-президенттин чыныгы интеллектуалдык-инсандык потенциалдык дарамети ушул болсо, анда эбак эле баары бүтүп, жетер жерибизге эчак эле жеткен турбайбызбы?!” — ​деген көңүл калган маанай жаралгандай болду. Анткени, демагогиялуу, ашкере абсурддуу, курулай кыялкечтикти элден эбак эле бөлүнүп, өзүнчө башка бир аралчада жашап жүргөн бирөөдөн гана күтсө болору белгилүү.

Чын-чынына келгенде, Атамбаевдин өз кызыкчылыгы үчүн мыйзамды, ар кандай коомдук-мыйзамдык баалуулуктарды каалагандай тепсей берчү адаты өткөн жылкы президенттик шайлоолордун учурунда эле ачыкка чыккан. Эл менен коштошмокчумун деген таризде (же минтип коштошкудай, ал отставкага кеткенден кийин биротоло жашоо үчүн башка бир чет өлкөгө чыгып кеткенге даярданган беле?!), Кыргызстандын бүт региондорун түрө кыдырып чыккан. Иш жүзүндө президенттик шайлоолордун үгүт-насыят иштеринин башында дал өзү тургандай таасир калтырган. Президенттикке талапкер болгон Сооронбай Жээнбеков досун жерге-сууга тийгизбей мактап, анын атаандаштарынын ашмалтайын чыгаруу жагынан Алмазбек Атамбаев айрым жалаң буйрутмалар менен гана иштешкен жалданма жазмакерлерден да ашып түшкөн жагымсыз окуялар орун алган.

Учурунда” Майрам Акаеваны “канайым” деп атап алышып, аны айга-күнгө теңеп, кошомат кылгандардын армиясы пайда болгон. Анын кайдагы бир мандикер-жазмакерлер чампалап жазып беришкен “Үмүттүн шооласы үзүлбөйт” аттуу халтурасын мактагандардын катарында күтүүсүздөн эле залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун ысымы пайда боло калган. Ошондо эл арасында бул чыгарманы башка бир “осмонакун-сосмонакун” сыяктуулар каалаганча макташса да, Айтматов жөн эле унчукпай койсо болмок деген өкүнүч жаралган…

Атамбаевдин кыйла кеч өкүнүп жатканы да, өмүрдөгү ар кандай өйдө-ылдыйлар, утурумку укук бузуулар, өкүнүчтөргө карабастан, жашоодо баары бир акыры айланып келип, кандайдыр бир деңгээлде эң жогорку адилеттүүлүк (высшая справедливость!) бар экендигин тастыктап турат. Эгерде ал ошондо эле баарына калыс болуп, “эл кимди шайласа да, мен эл эркине баш ийип беремин, мен үчүн элдин тандоосу жана мыйзам баарынан ыйык, эл кимди шайласа дагы, жеке мен үчүн баары бирдей!” — ​деп туруп берсе, азыр ошондогу сөздөрүн теңирден-тескери мааниге айланткан аргасыздыкка жетпес эле!..

“Демократиялык коомду куруп жатабыз, парламенттик өлкөгө карай баратабыз!” — ​деп канчалык ооз көптүрбөйлүк, баары бир күнүмдүк жашообуздагы өкүнүчтүү фактылар көзгө сайып, мыйзамды да, моралдык-нравалык баалуулуктарды да уруп ойнобогон, бийлик менен байлык гана баарына үстөмдүк кылган жарым-феодалдык, жарым-тоталитардык, жарым-жапайы капиталисттик коомдогудай көрүнүштөр биздин жашообузду каптап кеткен. Ушунун өзү эле биздин азыркы тапта канчалык ыплас коомдо жашап жатканыбызды эч үнсүз-сөзсүз эле, ачык далилдеп тургансыйт.

Нукура демократиянын сезилерлик эпкиндери келип калган өлкөдө баары башкача болот. Айталык, Украинада мындан он жылча мурда өткөн президенттик шайлоолордун биринде ошол кездеги президент Виктор Ющенко башка атаандаштары менен бирдей абалда, катардагы талапкер катары катышып, жети талапкердин ичинен араң бешинчи орунду ээлеген. Шайлоо жыйынтыктары боюнча анын келишкис атаандашы Виктор Янукович утуп чыккан. Ошондо улутчул Ющенко пророссиячыл Януковичтин жеңишин таанып: “Украине потом будет стыдно за этот свой выбор. Но это есть — ​демократия!” — ​деген.

Баарынан кызыгы, Ющенко мурда Украина Центробанкын башкарып, бизнесте башы иштеген саналуу адамдардын бири экендигине карабастан, президенттик мөөнөтү аяктаган учурду мурдагы эле катардагы жаран кезинде алган жупуну квартирасы менен тосуп алыптыр. Босфордон вилла сатып алып, же чет өлкөлөрдөгү банктарга президент кезинде арам жолдор менен байыган акчаларын катуу жөнүндө ойлоп да койбоптур… Шайлоодон соң, журналисттердин: “Эми президенттик резиденциядан чыгып кетүүгө мажбур болсоңуз, кайда барып жашайсыз?” — ​деген суроосуна, экс-президент эч кебелбей: “Мага азыркы бийликтегилер кайда барып жаша дешсе, дал ошол жакка барып жашаймын. Вокзалда жаша дешсе — ​вокзалга барып жашаймын!” — ​деп айткан. Мына, накта демократиялык баалуулуктарды аздектөө жана экс-президент деген ардактуу статуска болгон бийик ишеним! Өзүнүн саясий көз карашы дал келбеген, ал тургай айыгышкан оппоненти бийликке келсе деле, баарынан мыйзамды жана укуктук чен-өлөмдөрдү жогору коюп жашоо деген позиция ушул!

А бизде болсо илгерки бай-манапча психологиядан эч арыла албаган жаңы типтер пайда болду. Мен сени 3%дык рейтингиң менен президент кылган элем, а сен Кокон хандыгына Нүзүп аталык алып барып такка олтургузган Шералы-хандай болбой, өз алдыңча жолду тандап кетип, менин айткандарымды укпай койдуң! — ​деген сыяктуу жеке таарынычтар гана үстөмдүк кылууда… Бул кейпибизде демократияга дагы чейрек кылымда да жетпейбиз. Бери эле болгондо — ​азыркы саясатчылар мууну коомдук-саясий аренадан өз мурастары менен кошо такыр жиксиз жок болмоюнча!..

Башкача айтканда, эгерде бизде да мыйзамдуулук кыйшауюсуз орун алып, демократиялык баалуулуктар баарынан жогору коюлса, экс-президент Алмазбек Атамбаев да өзүнөн кийин ким президенттикке келсе да, ал кандай саясат жүргүзсө да, ардактуу экс-президент статусуна татыктуу болуп, башты бийик көтөрүп жашап жүрө бермек!..

Ушул трагикомедиялуу абалга абай салып олтуруп, кайрадан эле Атамбаев кандай ыплас жолдор менен болсо да, керек болсо мыйзамдарга да көңүл бурбай, шайлоо кодексиндеги жоболорду тепсеп туруп, өзүнүн айтканынан чыкпай турган, жеке өз адамын президенттикке өткөрүүгө абдан кызыкдар болгон тура? — ​деген түкшүмөл жаралат. Себеби, конкреттүү жагдайлар жана фактылар дал ушундай өйго түртөт.

Азыркы кезде экс-премьер-министр Сапар Исаков менен Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов өз күнөөлөрүн такыр моюнга албай жатышканы кабарланууда. Тергөө иштеринин создуктурулуп жатканын дал ушундай парадокс менен гана түшүндүрүүгө болот. Кылмыш-жаза кодекси менен жакындан тааныштыгы жок болсо да, жөнөкөй эле сабаттуу адамдар мындай кырдаалдарда тергөө процессинде чогултулган фактылар соттун кароосуна өткөрүлүп берилерин жакшы билишет. Ал эми сот айыпталып жаткан адам ага коюлган айыптар боюнча күнөөсүн мойнуна алабы, же жокпу — ​бул жагдайга карап олтурбайт. Чогултулган конкреттүү фактылар жана экспертизалык жыйынтыктардын негизинде, айыпталуучу абсолюттук түрдө “Мумуга” айланып калган күндө деле, эч кандай сурдокотормочусуз эле, дал ошол жылаңач далилдер боюнча мыйзамда каралган жаза мөөнөтүн аныктап, өкүм чыгарып салууга милдеттүү. Албетте, бардык мыйзамдар тиешелүү жооптуу кызматкерлер тарабынан кыйшаюусуз аткарылып, эң жогорку адилеттиктин жер үстүндөгү символу болгон соттордун акыйкаттыгы салтанат кура турган болсо!..

Арийне, тереңирээк көңүл коюп, талдоого ала турган болсок, бул эки башка жана сыртынан бири-бири менен эч кандай байланышы жоктой сезилген жагдайлардын да ички тымызын байланышы бардай туюлат. Эмне үчүн Алмазбек Атамбаев жогорудагы чуулгандуу коррупциялык иштер боюнча айыпталып жатышкан Сапар Исаков, Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана Икрам Илмияновдорду “ак жерден торго чалынган, айланган тоонун бүркүтү,” деп ишендирүүгө далалат кылды. Эң эле таң калычтуусу — ​Алмазбек Атамбаев дал ушул эле “ТЭЦ-коррупция” алкагында айыпталып жаткан экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин ысымын мындай мааниде атаган жок. Бул деле түшүнүктүү. Анткени, ал экс-президенттин жакын чөйрөсүнө кирбейт. Демек, ал үчүн алдын ала “адвокат болууга” далалат кылуунун эч кандай зарылдыгы да жок!..

…Азыркы кезде биздеги сот реформасы аягына чыкпай, арабөк калгандай абалда тургандыгы маалым. Ошол эле убакта, бул тармактагы өзгөрүүлөргө кескин нааразы болгондор да, эч өзгөрүү болгон жок, же, сот системасынлдагы паракорчулук мурдагы бойдон эле калды дегендер да бар. Ал тургай, жоопкерчилик жана тобокелчилдик күчөгөндүгүнө байланыштуу (коррупция менен күрөшүү процессинде, күтүүсүздөн пара алуу маалында кармалып, айыпталуучуга айланып, “курмандыкка чалынып” калуу коркунучу жаралгандыктан улам!), абалкы пара ставкалары алда канча көтөрүлүп кетти деген нааразычылыктар да жаралууда. Ошол эле учурда, чыныгы мыйзамдуулук орноп, сот системасында накта адилеттик өкүм сүрө баштады деп (соттон толук акталган мурдагы ЖК депутаты Каныбек Осмоналиев сыяктуу), кубана айкыргандар да бар.

Мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөл кылуу жана цивилизациялуу өлкөдөгү мыйзамдуу адилеттикти орнотуу миссиясы жүктөлгөн прокуратура жана сот органдарынын ишиндеги айрым кабыл алынган чечимдер бул мамлекеттик органдарда деле коомубуздагы башка бардык тармактардагыдай өтө карама-каршылыктуу, бири-бирине кайчы келген кадамдар жасалып жаткандыгын айкын көрсөтүп турат. Мисалы, айыптоочу прокурор сот залында Каныбек Осмоналиевди 15 (он беш!) жылга эркиндигинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоону талап кылган. Ал эми сот Эмиль Кайыпов, сот органдары прокуратура кызматкерлеринен айрымаланып, такыр башка мыйзамдардын жетекчилиги боюнча иштешкен сымал, өз өкүмү менен аны толугу менен актап жиберди. Логика кайда калды? Бул жерде алардын кимисинин чечими туура болду — ​прокурорбу, же айыпталуучуну толук актап салган сотпу?! Өлүм жазасы, же эң жогорку жаза чеги (высшая мера наказания) бизде жоктугунан улам, узак мөөнөттүү эркинен ажыратуу — ​эң эле оор жаза сымал кабылданат. Бул кылмыш иши боюнча прокуратура тарабынан сот өкүмүнө карата тиешелүү апелляция берилгендиктен улам, кийинки инстанцияда аталган эки мамлекеттик органдын ортосундагы мыйзамдык полемика уланары түшүнүктүү…

Биздин бул кылмыш ишине өзгөчө маани берип жатканыбыздын себеби, — ​учурдагы айрымдарынын соттук кароосу башталып, калгандары сотко өтүүгө жакындап калган көптөгөн чуулгандуу кылмыш иштердин фигуранттары да (ТЭЦ иши боюнча айыпталган экс-премьер С.Исаков баштагандардын тобу, жана дагы К.Кулматов, И.Илмиянов ж. б.) дал ушундай юридикалык абсурддук, кылмыш-жаза кодексиндеги пат абалына кептелбейт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Алмазбек Атамбаевдин “телеавтопортрети” боюнча байкалган бир өзгөчө маанилүү деталь — ​ал өзүнүн жеке инсандык трагедиялуу абалына карабастан (элдик, же коомдук пикир менен эч эсептешпей, тескерисинче, ага карама-каршы агымга жетүүнүн өзү эле, башка терс жагдайларды айтпаганда да, кечээки мамлекет башчысы үчүн чоң трагедия эмеспи?), психологиялык жактан кыйла эле оптимисттик маанайда экендиги байкалды. Демек, анын өз тарапкерлерине карата соттук өкүмдөр актоочу нукта чыгарылат деген ички ишеними али да болсо өчө электиги ачык байкалгансыйт.

Ал эми “дүйнөдөгү эң гумандуу” биздин соттордун өкүмүнө таасир этүүчү көмүскө рычагдар арбын. Кээде жада калса кылмыштуулук боюнча мыйзамды семичкедей чаккан прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн деле такыр күтүүсүз болгон өкүмдөр чыгып калышы да толук мүмкүн экендигин жогорудагы мисалдар көрсөтө алат.

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *