Алтын Эркебаева, камакта отурган Бектур Асановдун жубайы: «Бектурдун өтү ириңдеп, бооруна өтүп кетиптир»

Бийликке көз каранды соттордун айынан күнөөсүз камакта отурган кыргыздын мекенчил уулдарынын бири Бектур Асановдун жубайы Алтын Эркебаева менен жолдошунун учурдагы абалы тууралуу маектештик

— Алтын айым, бизге жеткен маалыматтарга караганда мындан эки жума мурун жолдошуңуз абакта операция болгон экен. Учурда абалы кандай?

— Бектурдун өтүндө ташы бар экен. Буга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурган кезде ооруп кыйналганда үч жолу“Тез жардам” чакыртылганда, ден соолугун каратканга мүмкүндүк бербей коюшкан болчу. Ал жактан жакшы каралбагандыктан оорусу күчөп, өтү ириңдеп кетиптир. 14-ноябрда Бектурду № 47-жаза өтөөчү абакка которушкан. Ошол жактан операция болгондон бери жолдошумду көрө элекмин. Анын өтү ириңдеп, бооруна өтүп кетиптир. Операциядан кийинки абалы тууралуу маалыматты адвокаттардан алып жатам. Бектур менен жолукканга уруксатты бизге шаардык сот бериши керек эле. Ал жакка эки жолу арыз жаздым. Андан тышкары акыйкатчыга да арыз жазганга мажбур болдум. Бүгүнкү күнгө чейин мага уруксат берилбегендиктен жолдошума жолуга албай жатам. Бирок адвокаттын айтуусуна караганда ахыбалы бир аз жакшы болуп калгандыктан эки-үч күндөн бери жолдошум ордунан туруп басып калган экен. Учурда аман калганына шүгүр кылып жатабыз. Негизи мыйзам чегинде ага эки жумада бир жолу жолугуп турганга укугубуз бар.

— Экөөңөр акыркы жолу качан жолугуштуңар эле?

— Бектурга акыркы жолу 12-сентябрда жолуккам. Эми андан бери эки айдан ашык убакыт болду. Бектурдун күнөөсүз эле камалып жатканына 1 жыл 9 ай болуп жатат. Бектурга жолукканда өзүнө бекем ишенген, кайраттуу адам экендигин байкадым. Камакта отурганына кайгырып, таптакыр өзүн таштап койгон жок. Бектурду камашып, бизге моралдык жактан кыйынчылык келтиришсе да, анын Мекенге болгон сүйүүсүн тартып ала алышпады. УКМКнын убактылуу кармоочу жайында Бектурларга жок дегенде гезит-журнал окуганга шарт түзүп беришкенине тобо кылып жатабыз.

— Учурда үй-бүлөңүздөрдүн абалы кандай болуп жатат?

— Эми үй-бүлөбүз тууралуу айта турган болсом, азыр балдарыбыз жаш, биздин эки уул, эки кызыбыз бар. Улуу кызыбыз окуусун бүтүп, жумушка орношуп иштеп жатат. Андан кийинки уулубуз болсо студент эле. Атасынын башына түшкөн кыйынчылыкка байланыштуу окуусунан убактылуу четтеп, ал дагы иштеп, бизге жардам берип жатат. Кудайга шүгүр, азыркы кезде балдарым мага жөлөк-таяк болуп жаткандыгын баса белгилеп кетмекчимин. Бектур камалгандан кийин алты айга чейин моралдык жактан аябай жабыр тарттык. УКМКнын кызматкерлери барышып, үйүбүздү тинткенде кичүү кызыбыз катуу коркуп калса керек. Түнкүсүн жакшы уктай албай чоочуп, таң аткыча кусуп кыйналып чыккан эле. Эми атасы камалганына эки жылга жакын убакыт болуп калгандыктан, кичине болсо да ал деле тагдырга моюн сунгансыган абалда болуп калды. Бирок атасы камалгандан бери көп ооручу болду. Бектур сыртынан сүрдүү көрүнгөнү менен балдарына аябай мээримдүү ата. Балдарына аябай жапакеч болчу. Бирок балдарын катуу кармаса да, алардын бир гана замандын талабына ылайык билим алуусуна көбүрөөк көңүл бөлчү. Ошон үчүн башкаларга окшоп балдарына жеке бизнес ачып бере турган ойдон деле алыс болчу. Балдары деле атасына окшоп өз жолдорун таап кетишти. Улуу кызыбыз психолог болсо, андан кийинки уулубуз Кыргызстанга белгилүү программисттердин бири. Экинчи уулубуз былтыр мектепти бүткөн болчу. Атасынын шартына байланыштуу азырынча үйдө эле болуп жатат. Кичүү кызыбыз 8 жашта.

— Дегеле жолдошуңуз кандай иштер менен алектенгенди жактырчу эле?

— Бектур саясат, чарба иштери менен алек болгонду жакшы көрчү. Кайнатам менен кайненемдин айтуусуна караганда кичине кезинен эле эмгекчил болуп чоңойгон экен. Ошон үчүн жер иштеткенди жакшы көрчү.

— Буга чейинки өткөн сот процесстери тууралуу эмне айта аласыз?

— Соттордон мыйзам чегинде чечим чыгарып беришин талап кылабыз. Бизге башка эч нерсенин кереги жок. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери жабык өткөн мындай сот процессин көргөн эмеспиз. Азыркы көз каранды соттор Ак үйдөгү таасирдүү аткаминердин буйругуна жараша эле чечим чыгарып калган экен. Чындыгында камактагыларга коюлган күнөөлөр далилденбегендиктен саясий куугунтук экендиги билинип эле жатпайбы. Бектур менен кошо камалгандардын төңкөрүш жасай тургандыгын толугу менен далилдей турган бир дагы күбө жок. Ал эми аларга карата жазылган арыздар “имиш-имиштердин” негизинде гана жазылган экен. Ошон үчүн сот процесси жабык өтүп жатат да. УКМКнын башчысы өзү ойлоп тапкан “жомокко” өзү ишенип алса керек. “Республика” гезитинин акыркы санында Кыргызстанга белгилүү юристтер, генералдар, юридика жаатында эмгектенген ишмерлер дал ушул саясий туткундарга колдонулуп жаткан 295-берене боюнча чыгарган корутундусу жарыяланды. Бул беренеге ылайык мамлекеттик жогорку бийликтиби, же болбосо жергиликтүү бийлик болобу, айтор күч менен тартып алууда курал-жарак, акча каражаты керек экен. Ал эми корутундуну карап көрсөк, Бектур менен бирге камалгандардын бийликти басып алууга эч кандай негиз жок экен. Демек, бийлик өзүнүн саясий оппоненттерин коркутуу үчүн алгачкы кадамын ушулардан баштаган экен да.

— Жолдошуңуз мамлекеттик кызматта жүргөндөгү кайсы учурлар эсиңизден кетпейт?

–2010-жылы Убактылуу Өкмөт бийликке келгенде мамлекетибизде саясий кырдаал оор болчу. Ал кезде бакиевчилер реванш алып кайрадан бийликке келе тургандай коркунуч жаралып турган эле. Бектур ошондо Жалал-Абад облусунун губернатору болчу. Эгерде ал өлкөнүн түштүгүндө контрреволюция жасай тургандарды колдогон Ү. Сыдыковдун сөзүн укканда анын аягы эмне менен бүтөт эле?! Кыргызстанда анда жарандык согуш чыгып, өлкөнүн түндүгү менен түштүгү бөлүнүп мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алмакпыз да… Убактылуу Өкмөттүн ал учурда өлкөнүн түштүгүндө таасири аз болгондуктан Жалал-Абадга Бектурду жалгыз таштап коюшкан. Бектур ошондо үч сутка уктаган эмес. Ал эми К. Батыров уюштурган митингге болсо губернатор катары эле барган. А биз коомчулукка чындыкты жеткире албай башкаларга маалымат жагынан уттуруп жибердик. Бектур негизи эле аткарган иши тууралуу башкаларга окшоп өзүн көп деле пиар кылып коомчулуктун алдына чыга бербейт. Бектур саясатта 1990-жылдан бери жүрөт. Ал саясатка кечээ эле аралашкан адам эмес. Ал кайсы кызматта иштесе да ийгилик жараткан адам деп эсептейм. Депутат кезинде А. Бекназаровду колдоп ачкачылык жарыялагандан тышкары Аксыда жөө жүрүшкө чыкты. Үзөңгү-Кууштун сатылышына каршы турду.

— Саясатка кайсы мезгилдерде аралашканын билесизби?

— Бектур студент экенине карабай А. Акаевге каршы оппозициянын катарында болгон. Саясатка ошондон баштап аралаша баштаган. 2005-жылы А. Акаевдин бийлигин кулатканга Жалал-Абадда жакшы шарт түзүп берди. Андан кийин Улуттук Олимпиада комитетине жетекчи болуп келди. Бектур бул кызматка келгенге чейин эгемендүү Кыргызстандын тарыхында 15 жылдан бери олимпиадалык медалды бир да спортчу алган эмес. Ал кезде белгилүү спортчу Канат Бегалиев Алматыга барып күрөшүп жүрчү экен. Бектур андан келечекте күчтүү спортчу чыгарын билип, бул жактан жакшы шарт түзүп бериптир. Канаттан тышкары да башка спортчулардын стипендиясын көбөйтүп ал жерде жемиштүү иштеп берди. А бирок тилекке каршы олимпиаданын алдында аны кызматтан алып коюшту. Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдин Кыргызстандын туусун желбиретип байгелүү орундарга ээ болушуна Бектурдун чоң салымы бар. Пакистанда элчи болуп турган кезде бул өлкөнүн премьер-министри биздин өлкөгө келип энергетика тармагы боюнча эки тараптуу кызматташууга байланышкан меморандумга кол коюп кеткен. Бул да болсо Бектурдун эмгеги. Дегеле кайсы жерде иштесе да башка аткаминерлерге окшоп коррупцияга аралашпай, өзүнүн алган маянасына ыраазы болуп иштеди.

— Азыркы президентибизден адилеттүүлүк күтүп жатсаңыздар керек?…

— Сооронбай Шарипович Бектурду жакындан билет. Анткени ал киши Ошто губернатор болуп турган кезде Бектур Жалал-Абадда губернатор эле. Ошон үчүн азыркы президентибиз мыйзамды сыйлаган өлкө башчысы катары камакта күнөөсүз жаткан жарандар үчүн соттордон адилеттүү чечим чыгарып берүүсүнө өзүнүн таасирин тийгизет деген үмүтүм бар.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *