Алтынай Өмүрбекова, вице-спикер: «Спикердин отставкага кетиши өтө таң калычтуу болду»

– Алтынай Сейитбековна, Чыныбай Турсунбековдун төрагалыктан кетүүсүнө президенттик шайлоо, анын да шайлоодо ат салышам деген амбициясы себеп болгон жокпу?

– Эми ал деле негиз болушу мүмкүн. Бирок, мен ойлойм, бүгүнкү отставкага эч бир негиз жок болчу. Анткени, мен төрага менен көп иштеген киши катары айта алам, бир дагы жолу регламентти, же башка мыйзамдарды аттап, парламентти дискредитация кыла турган туура эмес иштерди жасаган жок. Ошондуктан, бүгүнкү күнү кетиши өтө таң калычтуу болду. Бирок, эми ал киши ушундай чечим кабыл алыптыр…

– Ирина Карамушкина «сиз оппозицияга караганда бизге микрофонду көбүрөөк бердиңиз» деп тамашага салып айтпадыбы. Сиздин оюңузча, Чыныбай Турунбеков канчалык деңгээлде калыс спикер боло алды?

– Менимче, Чыныбай Акунович калыс спикер болду. Үлгүлүү иштеди. Спикер деген бул модератор да. Өзүнүн кайсы партиядан келгенин унутуп, ар бир депутатка бирдей, тең, калыс мамиле кылышы керек. Бул жагынан ал абдан жакшы иштеп берди, терең ыраазычылык билдиребиз. Ал эми Ирина Юрьевнанын айтканы мен ойлойм, негизсиз. Анткени, ал кандайдыр бир мониторинг жасаган жок. Оппозицияга көбүрөөк убакыт берилгени – бул демократиянын жакшы көрсөткүчү. Бул нормаларды регламентке киргизели деген сунуштар бар болчу. Мисалы, фракция лидерлерине он мүнөткө чейин убакыт берилсе, оппозициялык фракциянын лидерлерине керек болсо он беш мүнөткө чейин берилиш керек. Депутатгар бир эле маселе боюнча эки жолу сүйлөй алса, оппозициянын өкүлдөрүнө үч-төрт жолудан берүү кажет. Бул мен ойлойм, демократиянын эң бир жакшы көрсөткүчү болмок.

– Жаңы президенттин келиши менен парламент тарашы мүмкүн деген да пикирлер айтылууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

– Мен ойлойм, бул парламент тарабай, калган үч жылын иштеши керек. Бул дагы туруктуулуктун бир көрсөткүчү болот. Экинчиден, парламентти таркаткаңга кандай негиз бар? Коомчулуктагы «парламент өз ишин жакшы алып бара албай жатат» деген сын-пикирлер көбүнчөсү туура. Бирок, алтынчы чакырылыштагы парламент тарап, анын ордуна мыкты парламент келет десе, ошондой кепилдик болсо, мен бүгүн эле өзүм кеткенге даярмын. Ар бир шайлоо элдин тынчын ала турган өнөктүк да. Каражат маселеси да бар. Ошон үчүн парламент калган мөөнөтүн толук иштеп, анан өз убагы келгенде тараш керек. Мен ойлойм, бул адатка айланышы кажет.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *