Алтынай Өмүрбекова, ЖКнын вице-спикери: “Кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөн мурунку транпорт министри Нурлан Сулайманов кандайча Алайда ээн-эркин жүрөт”

“Бир Нурлан Сулайманов деген мурунку транспорт министри бар эле, ошол мырза кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөн. Азыр болсо президенттикке бир талапкердин өкүлү болуп Алай жакта иштеп жүрөт экен”, – деп билдирди КР ЖКнын вице-спикери Алтынай Өмүрбекова 8-сентябрда “Республика-Ата-Журт” фракциясынын жыйынында КР Генпрокурорунун орун басары Кылычбек Токтогуловго суроо берип жатып.

“Ал киши Кыргызстанга кандайча келип калды ? Ага карата ачылган кылмыш иши токтотулду беле?  Кандай жол менен Кыргызстанга келген?  Кыргызстанда  жүргөнү чынбы?”, – деп сурады.

“Нурлан Сулаймановдун кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөн. Кыргызстанда жүргөнүн азыр угуп атам. Мен муну изилдеп, тактайын…” – деп жооп берди Токтогулов.

“Ошол кишинин качан, кайсы жол менен кандайча Кыргызстанга келгенин изилдеп, тактап анан бизге билдирсеңиз?”, – деди Өмүрбекова кайра кайталап.

“Макул, сизге жазуу жүзүндө маалымат беребиз”, – деп убада кылды Токтогулов.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *