Алтынбек Сулайманов: “2040-жылга чейинки улуттук стратегияны ишке ашырууга каржы булактары барбы? 2017-жылга чейинки стратегия аткарылбай эле калып кетти го…”

“Россияга каршы дүйнө өлкөлөрү кабыл алып жаткан санкциялардын залакалары бизге тийбейт деп ким кепилдик бере алат? Биз деген ЕврАзестин мүчөсү эмеспизби. 2020-жылдан тартып биз жыл сайын тышкы карызды төлөөгө 350 млн доллардан акча табышыбыз керек”, – деп билдирди бүгүн, 13-августта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында анын мүчөсү, парламенттеги “Бир бол” фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов.

Биз сөз кылып жаткан 2040-жылга чейинки Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясында планданып жаткан иштердин каржы булактары так көрсөтүлүш керек. Антпесе буга чейин кабыл алынган 2017-жылга чейин өнүгүү стратегиясы аткарылбай эле калып кетти. Мындай пландарды ишке ашырабыз деп айтардан мурда аны кайсы жолдор менен жана кандай каржыга ишке ашырарыбызды тактап алышыбыз керек.Биз мынчанчы жылга чейин муну жасайбыз деп убада кылабыз да анан аткарылбай калып кетип жатат. Кыргызда “санаасы менен байыйт” деген сөз бар. 2017-жылга чейинки стратегия ошондой болду. “Жигиттин сөзү өлгөнчө өзү олсүн” дейт. Убада берип аткара албай калсак эмне болобуз? Ошондуктан реалдуу пландарды убадаласак. Мына, коңшубуз Кытай жакынкы жылдарга 70 млн кишини бакубат жашоо деңгээлине жеткиребиз деп жатат. Өзбекстан 2030-жылга чейин инновациясы өнүккөн өлкөлөрдүн тизмесине киребиз деп пландашууда Ал эми Казакстан 2050-жылга чейин дүйнөнүн өнүккөн 50 мамлекетинин катарына киребиз деп чамынып жатышат. Биздин өкмөт да 2040-жылга чейин так аткара ала турган реалдуу гана пландарды стратегияга киргизип, элге убада кылыш керек. Баарынан башкысы ошол пландарды ишке ашырууга кайсы реалдуу каржы булактары бар экенин белгилеши зарыл”, – деди Алтынбек Сулайманов.

Булак: Кyrgyztoday.кg

2 comments

  • Пенсионер says:

    350 млн. доллар же 24 млрд. (24 000 000 000) сом б.а. бюджеттин 1/4 болугу. Чыныгы “жыргал” башталат экен ошондо Кыргызстанга.

  • пенсионер says:

    Нарушаете мое конституционное право. Где свобода слово? Почему не публикуете мои комменты. “Ооруну жашырсан олум ашкере кылат”. Жашырып, кошомат кылып журуп ушул итке минген абалга алып келдик олкону.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *