Алтынбек Сулайманов тайбоксчу Валентина Шевченкого колдоо көрсөтүү үчүн Чикагого барды

Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракцисынын лидери Алтынбек Сулайманов Чикагодо (АКШ) өткөн кыргызстандык тайбоксчу Валентина Шевченко менен экс-чемпион Холли Холмдун беттешине барды. Бул тууралуу Шевченко фейсбуктагы баракчасында: “Кыргызстандан атайын мага колдоо көрсөтүү үчүн келген Алтынбек Сулаймановго терең ыраазычылык билдирем”, – деп жазды.

Эске салсак, 23-июлда АКШнын Чикаго шаарында UFC турниринин алкагындагы өткөн беттеште Валентина Шевченко америкалык аттаандашы Холли Холмду жеңип алды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *