Алтынбек Жунус уулу деген “Лөлүнүн” жеңден кончко куюлган эки жүздүүлүгүндө чек жок экен

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясында Алтынбек Жунус уулу деген депутат бар. Пайда чыккан жерге самындай жылмышып кирип кеткен жоругунан улам фракциялаштары «Лөлү» деген ат коюп алышыптыр. Ким койсо да, дал өзүн тааптыр. Кыргызда пейилинен табат деген накыл кеп бар го. Ырасында бул депутаттын айткандары менен жасаган иши такыр төп келбейт. Сүйлөсө популист, патриот болуп көрүнөт, иш жүзүндө жасаганы таптакыр тескери. Мындай жылжыткан жылма өнөрүнө коомчулук Жогорку Кеңеш Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, мөңгүлөрдү талкалоого уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алганда күбө болушту. Кайран «лөлү» «мыйзам долбоорун кабыл алсак эл душманы болобуз, келечек муун кечирбейт, мен каршымын» деп бийик трибунадан шилекейин чачыратып жаткан. Көргөндөр азамат деп кубаттап жатышкан. Анан эле добуш бергенге келгенде макул деп добуш берип, шермендеси чыкты. «Лөлү» дегендей эле бар тура… Жаш туруп «жеңден кончко куюлган» эки жүздүүлүгүндө чек жок экен.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *