Алыскы союздаштан жакынкы өнөктөш артыкпы?.. же Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон биринчи иш сапарынан кийинки ойлор

Айрым билдирүүлөргө караганда, коңшулаш Өзбекстан президенти Кыргызстанга 17 жылдан бери алгачкы жолу расмий иш сапары менен келди. Бул визит жаңы шайланган өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга жасаган биринчи мамлекеттик иш сапары болуп калды. Көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан талаштуу чек ара маселелеринин 85% аралыгына кол коюлгандыгы, кыргыз-өзбек чек ара постторундагы өткөргүч пункттардын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте иштей башташы, өзбек президентинин иш сапарынын реалдуу жыйынтыгы болуп калгандыгы эч кандай талашсыз факт.

Ошентсе да, бул иш сапардын жыйынтыгы боюнча айтылып жаткан оптимисттик маанайдагы ойлор, Кыргызстандын коңшулаш мамлекет менен мурдатан болуп келген татаал мамилелеринин баары тең дароо эле оң жолго коюлуп, биротоло артка кайрылгыс болуп чечилип калды деген сыяктуу үстүртөн берилген жеңил баа билдирүүлөр ар тараптуу жана өтө дыкат талдоолорду талап кылары шексиз.

…Жаңы өзбек президенти Мирзиёевдин Кыргызстанга биринчи иш сапары мурдагы маркум президент Ислам Каримов дүйнөдөн кайткандан кийин туура бир жыл өткөн соң жасалды. Эгемендик доорунан бери “демократия аралчасы” аталып, өзүнүн эркин басма сөзү менен мактанган Кыргызстанда көбүнчө “диктатор, узурпатор” деп сындалып келген ири мамлекеттик ишмер — ​Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов эми тарыхый фигурага айланып калды. Бул сөздүн түз да, өтмө да маанисинде да. Анткени, көп эле президенттер артында эч из калтырышпай, же тескерисинче, жалаң гана жаман эскерүүлөр менен оозго алынган учурлар арбын. Ал эми Ислам Каримовдун жөнү такыр башка…

Өзбекстан Борбордук Азияда эле эмес, керек учурда жалпы дүйнөдөгү саясий аба-ырайынын өзгөрүшүнө таасир эте алган, өзүнө өткөн коммунисттик доордон, мурунку союздан кийин “мураска” калган өтө татаал, карама-каршылыктуу чоң өлкөнү “былк” эттирбей, мыкчып, бекем кармап турган жолбашчысы менен түбөлүккө кош айтышты. Батыш саясат таануучулары жана дүйнө геосаясатчылары жапырт түрдө “Борбордук Азиянын Югославиясы” катары баалашып келишкен өлкөнү, ал тургай, ХХI кылымдагы цивилизациялар кагылышынын чордону катары карап келишкен жер жүзүндөгү калкы эң жыш жайгашкан Фергана өрөөнүн да кризистик кырдаалдан чыгарып, туруктуу өнүгүү багытына карай буруп кете алган эрки күчтүү, акылман, алысты көрө билген жетекчиси менен кош айтышты…

Жогоруда айтылган себептерге байланыштуу гана эмес, Ислам Каримовдун өлкөнүн саясий-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттары боюнча көз караштары бири-бирине ача келишкендиктен улам да, мурунку президент Аскар Акаев менен өз ара мамилелери кыйла салкын болуп келгендиги (албетте, дипломатиялык сый-парданы сыйрып, ачып карай турган болсок!) жашыруун эмес. Арийне, жекече инсан катары деле алар ар башка мүнөздөгү жана ар кандай деңгээлдеги адамдардан болушкан… Тээ 2000-жылдардын башында эл арасында чоң саясатчылардын демейде “кадрдын артында” көмүскөдө кала берүүчү жашоосунан тартылып алынган мындай бир элести берген видео-диск популярдуу болуп кеткен: алкоголдук ичимдикке кыйла эле кызуу болуп калган Аскар Акаев оозу кулактарына жеткенче жылмайып, колдорун өйдө жакка улам-улам сереңдетип, кылыктуу, жаш, сулуу өзбек кызы менен өзбекче бийлеп жатат, а четирээкте кабагын чытып, аларды жактырбагандай жаман көзү менен карап, же сыртка чыгып кете албагандай түрү менен Ислам Каримов карап турат!.. Болжолдуу алганда, бул тасма Ош шаарындагы президенттердин жолугушуусунда болгон. А бирок, ким тарабынан тартылып алынган? Жөнөкөй адамдар тартып алышы мүмкүн эмес болчу. Демек, Өзбекстандын атайын кызматтары жашыруун түрдө тартып алышып, “демократ президенттин” чыныгы жүзүн элге көрсөтүп, дискредитациялоо үчүн жайылтышкан болушу мүмкүн деген да ой жаралбай койбойт…

Кандай болгон күндө да, бир нерсе ачык-айкын: өзбек атайын кызматтары союз ураган доордон бери эле жогорку профессионалдуу деңгээлде иштеп келе жатышкандыгы маалым. Ар кандай көп аракеттерге карабастан, өлкөсүн ичтен ыдыратпай, сырттан кирген ар кандай таасирлерди да өз учурунда бөгөт коюу менен сактап калуу — ​биринчи иретте алардын эмгеги экендиги түшүнүктүү. Бул жагынан алганда, кечээ эле келип кеткен Шавкат Мирзиёев менен болгон жолугушууда “жыйырма алты жылдан бери чечилбей келе жаткан чек ара маселесинин 85%ын чечип алдык” деп мактануу да бир аз күмөндүү ойлорду жаратпай койбойт. Мындан бир-эки жылча мурда кыргыз өкмөтүнүн эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Муралиев (экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу!) Өзбекстандын пайдасына тыңчылык кылган, чек ара маселелери боюнча мамлекеттик жашыруун сырларды камтыган маалыматтарды берип турган деп, 22 жылга соттолгондугу белгилүү. Ошол сот жүрүшү убагында чек ара аймактарын делимитациялоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири массалык-маалымат каражаттарына мындай маанидеги маек берген: биз материалдарды өтө дыкаттык менен даярдап, ар тараптан аргументтештирип, даярдап алып барсак эле, алардын баары тең өзбек тарапка мурдатан эле белгилүү болуп калып, алардын контраргументтери да даяр болуп калып жатты деп…

Демек, жогорудагы сөздүн маанисин чечмелеп айтканда, ошол талаштуу чек ара аймактары боюнча жүргүзүлгөн макулдашуулардын бардык этаптарында кыргыз тарап дайыма жеңилип, кандайдыр бир деңгээлдеги чегинүүлөргө барууга мажбур болуп келген десек болот. Эми болсо биз ошол сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн документтерге кол коюп алганыбызга кубанып жатабызбы?.. Эгерде кырдаал чындап эле ушундайча түзүлүп калган болсо, аталган комиссиянын мурдагы жасалган иштеринин баарын биротоло жокко чыгарып, жаңы комиссия баарын кайрадан нөлдөн баштаса, жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы толук сакталмак эле деп үмүттөнсөк болмок. Ансыз деле, байыркы ата-бабаларыбыздан далай доорлордогу кан төгүлгөн салгылашуулардан кийин сакталып, мураска калган, аймагы анча чоң эмес, асыл жерибизди улам-улам четинен башкаларга кертип, берип келген “эл башчыларынын” ысымдары XIX–XX кылымдарда эле тарыхта жууса кеткис, өчпөс кара так сыяктуу болуп калды окшойт!..

Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга Ислам Каримов дүйнөдөн кайткандан кийин туура бир жыл өткөн соң келди. Бул мезгил учурунда ал мурдагы режимди бир аз гана косметикалык реставрациялоо (мен прокурорлорду жаман көрөмүн деп ачык айтып, Каримов учурунда бул системада иштешкендердин толугу менен алмашуусуна умтулуп, саясий качкындардын көбүн актап, өлкөгө кайтып келүүгө чакырып, өлкө ичинде чет өлкөлүк валюталык эркин алмашууга жол ачкандыгы) сыяктуу айрым бир өзгөртүүлөргө барганы менен да, мурунку системаны жана өлкө өнүгүү стратегиясын толугу менен сактап калды жана ийгиликтүү улантууда. Дал ошон үчүн мурунку президенттен кийин өлкөдө толкундоолор жана кардиналдуу өзгөрүүлөр болушу мүмкүн деген терс божомолдорго жол берилген жок.

Баса, Ислам Каримовдун кандай шарттарда жана кандай маанайда дүйнө салгандыгынын өзү да кыйла символикалуу. Ал мамлекеттик жетекчилердин тар чөйрөсүндө Өзбекстандын Рио олимпиадасынан кайтып келген курама командасын тосуп алган банкетте соңку ирет көтөрүңкү маанайда, кубанып олтурган. Өзбек спортсмендери 4 алтын, 2 күмүш, 7 коло медалдары менен кайтышканы аз келгенсип, өзбек боксерлеру (мушкерлери) салмактардын бардык категориялары боюнча финалдык беттешүүлөргө чейин жетишкен! Бул өзү эл аралык спорт аренасында өтө сейрек орун ала турган ийгилик экендиги түшүнүктүү. (А биздин Кыргызстан болсо, бир коло медалга араң ээ болуп, ошого кубанычыбыз коюнубузга батпай турган кезде, кайра допингге байланыштуу алдырып жиберип, оозубуздагыны жулдургандай эле абалда бозоруп кала бербедикпи?!).

…Өзбек оппозиционери, жыйырма жылдан ашуун убактан бери чет жакта бозгун болуп жүргөн Мухаммед Салихтин билдиришине караганда, Ислам Каримов ошол кубанычтуу, салтанаттуу банкет учурунда өзүнүн жеке дарыгеринин жана аппарат жетекчисинин эскертүү-суранычтарына карабастан, сүйүнгөндөн улам, адаттагыдан бир аз көбүрөөк ичип койгон да, өнөкөт оорусу кайра күчөп кармоосуна өзү себепкер болгон.

Албетте, сырттан саясатчыга сыртынан сын тагып, анын ден соолугунун начардыгын табалап, же жөн эле аны көрө албай, “ал жакында өлөт” деп күткөндөр дагы жетишерлик эле санда болгондугу маалым. Арийне, Каримов сыяктуу өзү талбай жасаган чейрек кылымдык эмгегинин жыйынтыгын, өз мээнетинин акыбетинин кайта башташын өз көзү менен көрүү шыбагасы да бардык эле мамлекеттик жетекчилерге ыроолоно бербейт. Башкача айтканда, Ислам Каримов бутуна ишеничтүү туруп, туруктуу өнүгө баштаган өлкөсүнүн эң алгачкы эл аралык деңгээлдеги жемиштерине күбө болуп, кайсыл бир деңгээлде Өзбекстандын өзүнүн көзү өтүп кеткенден кийин дагы тайбай улана бере турган жашоосун да көрүп тургандай болуп кеткен десек болот.

А балким, ким билет, ал өзү деле жакынкы арада бул жарык дүйнө менен түбөлүккө кош айтышаарын сезип жүргөндүр. Президент Каримовду акыркы сапарга узатуу эч кандай күтүүсүз тополоңсуз, ырааттуу жана өтө ардактаган-салтанаттуу түрдө, алдын ала даярдалгандай ишке ашкандыгын эске ала турган болсок, президент Самарканддагы жыйырма жылдан бери эч ким көмүлбөй, жабык турган Шахи-Зинда көрүстөнүнө өзүн коюуга керээзин айтып, мураскери болуп калган (жана да өмүр жолуна көз чаптырсак, — ​өзү тарбиялап-өстүргөн) Шавкат Мирзиёевге өлкөнүн мындан кийинки стратегиялык өнүгүү багыттары тууралуу да зарыл кеп-кеңештерин берип кеткендиги түшүнүктүү.

Каримов өз жашоосун, өмүрүн толугу менен мамлекетке арнаган инсан болгондугу шексиз. Ошондой адам гана жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыктардан өйдө туруп, мамлекет кызыкчылыгын коргой алат. Мындан он жылдан көбүрөөк илгери убакта эле, кызы Гүлнара Каримованын күйөөсү — ​Америкада жашаган афгандык ишкер Мансур Максудинин Өзбекстандагы «Кока-Кола» чыгарган компанияга өкүл болуп келип, өз кызыкчылыгы үчүн чалмакей чала баштаганда, аз жерден соттоп, каматып сала жаздап (аны башка өлкөнүн жараны экендиги гана сактап калган!), кууп чыккандыгы шардана болгон. Башка бир майда деңгээлдеги адам болсо, албетте, кызынын жеке үй-бүлөлүк бактысы үчүн мындай “майда-чүйдө” нерселерге көзүн жумуп деле коймок!.. Ким билет, кызы Гүлнара дал ошол кезде өзүмчүлдүктүн айыкпас “вирусун” жуктуруп алган чыгар. Айтор, 2014-жылы, — ​президент Каримов али толук күч-кубаттуу кезинде эле! — ​өзбек прокуратурасы (Шавкат Мирзиёев: мен силерди жактырбаймын, Каримов учурунда иштегендер толук тазаланышы керек деп жаткан прокуратура!) Гүлнара Каримованы мамлекеттен 65 миллион доллар уурдашкан кылмыштуу топко катыштыгы бар деген айыптоо таккан.

Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиёев да Ислам Каримов сыяктуу эле өнөр-жай жана өндүрүш, чарба иштеринде жедеп такшалып, комсомолдук кызматтан баштап, бардык этаптарды тепкич-тепкичтери менен басып өткөн, премьер-министр болгонго чейин эки ири (Жизак жана Самарканд) областтарды жетектеп, андан кийин он беш жылга жакын республика өкмөтүн башкарып турган. Бул, албетте, абдан чоң мектеп жана башка эч нерсеге (ондогон “Гарвард дипломдоруна” да!) алмашкыс тажрыйба.

Адатта эң алгачкы жолугушуу сыноо иретинде болору айкын. Кыргызстандык коом жана жалпы эле эл арасында Шавкат Мирзиёев өзү жөнүндө бир топ жагымдуу таасир калтырууга жетише алды. Жөнөкөй, иштиктүү, ар кандай деңгээлде жана ар башка чөйрөдө тил табыша билген жетекчи экендиги дароо эле көзгө урунат. Маалым болгондой, “биз мурдатан эле ушундай жакын мамилелердин түзүлүшүн абдан каалап келген болчубуз, бирок, ал кезде бизге көп нерсе көз каранды эмес эле” деген актанган, моюнга алуу сыяктуу билдирүүдөн башка, ал эч жерде бир да ашыкча сөз сүйлөгөн жок. Бир сөз менен айтканда, Шавкат Мирзиёев өзүнүн сырткы жөнөкөйлүгүнүн артында, кыйла терең ой жүгүрткөн, абдан ийкемдүү жана куулугу да жетишерлик мамлекеттик-саясий ишмер экендиги талашсыз. Мындай типтеги мамлекет башчылары дайыма өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын алдыңкы орунга коюшат. Көрүнгөн жерде ойду-тоону ойлонбой сүйлөй беришпейт жана да ар кандай эл аралык деңгээлдеги документтерге жеңил мамиле кылып, утурумдук маанайынын өзгөрүшүнө жараша кол коё беришпейт.

Кыргызстандагы алдыда келе жаткан президенттик шайлоого байланыштуу айта кете турган бир байкоо, — ​өлкөдөгү эң ири диаспоралардын бири, — ​өзбек улутундагы шайлоочулар түштүктөгү таасирдүү электорат бөлүгү болуп эсептелери анык. Шавкат Мирзиёев да эки күндүк иш сапары учурунда парламенттин фракция жетекчилерине чейин баары менен таанышып, маек куруп, алардын тамырларын тартып көрүп, президенттикке болжолдуу талапкерлердин ички-сырткы дараметтерин салмактап көрүп, азыркы президенттен баштап, кийинкилерине чейин ким менен кандай сүйлөшүп, кандай иштешүүгө боло тургандыгы боюнча алдын ала кандайдыр бир өзү ичтен купуя чыгарган өз жыйынтыктары менен кайтып кетти десек болот.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *