“Алысты жакын кылган кыз” же кыргыз кыздар эмне үчүн чет элдиктерге баш кошууга кызыкдар?

Дүйнөнүн ааламдашуусу менен чет жерден кыз алып, кыз бергендер көбөйдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстанда акыркы эки жылда 4000ге жакын кыргызстандык башка улуттун жарандары менен никеге турган. Алардын басымдуу бөлүгү  кыз-келиндер. Кыргыз кыздары эмнеге чет элдиктер менен баш кошууга кызыкдар? Чет элдиктерге тийгендер бактылуу жашап жатабы? Ушул суроого жооп издеп көрсөк.

Биздин каарман Алтынай Камчыбекова мындан беш жыл мурун канадалык жигитке турмушка чыккан. Андан бери жубайлар бир кыздуу болду. Күйөөсү экөө бири-бирин сыйлап, ынтымактуу  жашап жатканын айткан Алтынай бактылуу болуу улутка карабайт деп эсептейт.

“Жолдошум менен Кыргызстанда таанышканбыз. Ал дипломат болгондуктан  иштери менен Кыргызстанга келген. Мен котормочунун жана гиддин милдетин аткарып жүрүп таанышып калдык. Баш кошконубузга беш жыл болду. Талаш-тартыш ар бир үй-бүлөөдө болот.Бирок ал Кыргызстандагы үй-бүлөөлөрдөгү уруштарга жетпейт. Бир жолу жашайбыз, аны жакшы жашагым келет. Күйөөгө тийип, жаман болсо да анын көзүн карап, тилин угуп, таягын жеп, кордук көрүп, балдар менен кошо аны да багып жүргөндү каалабайм. Кыргызстанда азыр андайлар толтура,”-дейт Алтынай Камчыбекова.

Дагы бир каарман Эльмира Тойгомбаева түрк жараны Ахмет Хасчелик менен баш кошкону турат. Алар Америкада окуп жүргөндө таанышышкан.  Эмне себептен Ахметти тандагандыгы  тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди..

“ Ата-энелерибиз макул, той күнүн да белгилеп койгонбуз. Түрккө тиеримди уккандар көбүнчө сындап, “кыргыз куруп калды беле”-дешет. Мен кыргыз балдар менен да сүйлөшүп көрдүм, бирок, биздин эркектер өздөрүн дайым аялдардан бийик көрүшөт, аялдар баш ийиш керек деп эсептешет, аларды  жакшы карашпайт. Ал эми Ахмет мени аябай сыйлайт, каш-кабагымды карап турат. Кыргыз эркектеринен көрбөгөн сый-урматты, жакшы мамилени Ахметтен таптым.”-дейт Эльмира.

Тилекке каршы  чет элдик менен баш кошуп, өкүнгөндөр да четтен чыгат. Кийинки каарманыбыз Айпери мындан бир жыл мурун корей улутундагы мырзага турмушка чыккан.Кореяга никелешүү агенттиги аркылуу келген. Көрсө ал элестеткендей эмес экен.

“Күйөөм сүрөтүмдү көрүп эле “сүйүп калдым” деген. Мен “көнүп кетем, эл көрөм, жер көрөм” деп ата-энемдин каршылыгына карабастан келгем. Таң калганым, мен барган жерде жаштардын дээрлик жоктугу. Айылдын чекесинде, кичинекей үйдө жашап калдык. Күйөөм ар кайсы жерде жакшы иш чыкса кыдырып иштей берет. Мага ушунчалык оор болду. Анын үстүнө бул жактын маданияты такыр башка. Мисалы, улуу адамдардын көзүнчө күлгөнгө же катуу сүйлөгөнгө болбойт. Корейлер муну психологиялык жактан басым жасап жатат деп кабыл алышат. Кыскасы акыры жашай албай койдум. Ажырашып, мекениме келе бердим,”-деди Айпери.

Башка улутка турмушка чыгып, багы талкаландандардын дагы бири Венера Арстанбекова. Ал тажик бала менен баш кошуп төрт жыл жашаган, андан бир уулу бар. Венера башынан өткөргөндөрдү кыскача айтып берди:

“2013-жылы Россияда иштеп жүргөндө тааныштык. Башында баары жомоктогудай эле,мени сыйлап, аяп,жакшы мамиле кылчу. Туугандарыбыздын каршылыгына, улутубузга, салтыбыздагы айырмачылыктарга карабай баш коштук. Тажикстанга барганда туугандары таасир кылдыбы же негизи өзү ушундай беле, айтоор, мамилеси таптакыр өзгөрдү. Орой мамиле кылып, кол көтөрө баштады. Паспортумду да алып, туугандарым менен сүйлөштүрбөй койду.Үйдөн такыр чыгарчуу эмес, кошуна-колоң, өзүнүн тууган-уругунан  кызганып, уруп, күн көрсөтпөй жатты. Былтыр  Россияга иштегени барып, ал жактан качуу мүмкүнчүлүгүм болуп, Кыргызстанга келебердим. Арызданып эч жакка барбадым, кутулганыма шүгүр.”

Кыргыз коомчулугунда башка улуттар менен баш кошкон адамдарга терс сын-пикирлер айтылып келет. Буга Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жана “Дордой” клубунун коргоочусу  Даниел Нии Арма Тего жана Эльнура Орозбаеванын баш кошуусун мисалга алсак болот. Социалдык тармактардын колдонуучулары көбүнчө терс пикирлерин билдирип,айрымдары Эльнураны күнөөлөп, “акчасына кызыкты” дешсе, кээ бирлери “сүйүү түскө карабайт” деп, акырында жаш жубайларга бакыт каалашкан.

Мындан тышкары  2012-жылы Орусияда өздөрүн “патриоттор” деп атаган топ пайда болуп, башка улуттар менен жүргөн кыздарды жылаңачтап, сабап, “суракка алган” видеолор интернетте тараган.Аны көргөн социалдык тармактардагы колдонуучулардын бир бөлүгү “туура кылыпсыңар, бул видеолор башка кыздарга үлгү болсун” дешсе, көпчүлүгү адам укугун чектөө катары кабыл алышкан.

Үч жылдан бери түрк мырзасы менен  сүйлөшүп жүргөн Жылдыз Бактыбекова өзүнүн дарегине көп терс пикирлерди угуп келет. Ошондой эле сүйүктүүсүнүн өмүрү үчүн  кооптонот.

“Биз Бишкекте жашайбыз. Жигитим Кыргызстанды жакшы көрөт, кыргыз маданиятын сыйлайт. Эң биринчи мага кылган жумшак мамилеси, камкордугу назарымды бурган. Экөөбүз жолугушканда  же чогуу баратканда балдар аябай жаман көздөрү менен карап, келип бетке айтып же жигитимди четке чакырышат. Мен ким менен жүрсөм, кимди тандасам өзүм билем. Укугумду чектеп, ишиме аралашкандардан тажадым. Баш кошкондон кийин Бишкекте жашайын дегенбиз, бирок, терс көз-караштагы мамилелерден тажадык. Ошондуктан Түркияда жашайбыз, деп ойлонуп калдык.”-дейт Жылдыз.

Ал эми чет элдик кыздарга үйлөнгөн  мырзаларга кыздар тарабынан андай чектөө, терс көз караш байкалбайт. Мисалга, Нурсултан менен москвалык Кристинаны алсак болот. 2017-жылы бул жаштар баш кошкондо, социалдык тармактардын колдонуучулары көбүнчө оң билдирүүлөрдү  калтырышкан.

Анткен менен кыргыз коомунда баары эле интернационал үй-бүлөө курууга, өзгөчө  алыскы өлкөлөрдөн куда-сөөк күтүп,кызын берүүгө даяр эмес. Алардын бири Махпурат айым.

“Төрт кызым бар. Экөө студент, экөө мектепте окуйт. Азыртан эле кыргызга турмушка чыгасыңар деп айтып атам. Чет элдиктерге кыздарымды бербейм. Алыска кызын ким эле бергиси келсин? Кыздарын бергендер  каршы чыга албай, аргасыздан макул болушса керек.”-дейт Махпурат.

Улуттук статистика маалыматы боюнча  Кыргызстанда айрыкча орусиялыктар менен никеге тургандар басымдуу. Андан кийин Түштүк Корея, Өзбекистан, Түркия жарандары менен кол кармашкандар турат. Казакстан, АКШ, Германия жана Кытай жарандарына турмушка чыккандар да бар.

Автор: Нурзида Тойгомбаева

Булак: Kyrgyztoday.kg

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *