Аман Ибраев, тамада: Тамадалык билген адамга өтө оор кесип

Азыр тойлордун болуп көрбөгөндөй өөрчүп, өтө шаң менен өтүп жаткан учуру. Тойго барып өзүнчө эле чоң программадагы коцертке баргандай болосуң.

Эл артисттеринен тартип, эми гана шоу дүйнөсүнө аралаша баштагандардын баарын тойдон кезиктирүүгө болот. Бир күндө бир нече тойго барып ырдап жүргөн ырчылар чекеден саналат. Мына ушул той берүү салтыбыз шоу дүйнөсүндөй эле той дүйнөсүнө айланып кеткенин өзүбүз да байкабай калдык. Дал ошол той дүйнөсүнүн жылдыздары, кеменин рулун кармоочулар бул тамадалар. Канча миңдеген акчаңды чачып той берип жаткандан кийин тойду сөзсүз жакшы тамаданын колуна табыштасак деген элдин тилегин орундатып жүргөн тамадалардын бири Аман Ибраев менен маектештик

– Аман мырза, тамадалык кызмат билген адамга өтө оор кесип. Бул чөйрөдө жүргөнүңүзгө канча убакыт болду?

– Туура айтасыз, бул билген адамга өтө оор кесип. Көп адамдар тамадаларды кооз костюм кийип алып бир аз сөз сүйлөп койсо эле көп акча табышат деп ойлошот. Бирок булдагы бир өэүнчө талант. Себеби ошол конокко келген канча адамдын тилин таап, алардын көңүлүн көтөрүп, тойду аягына чейин жакшы маанайда алып баруу керек. Бул чөйрөдө жүргөнүмө туура 8 жылдын жүзү болду. 8 жылдын ичинде канчалаган жакшылыктарда кызмат кылдым. Кудайга шүгүр. Элимдин жакшылыктары бүтпөсүн.

– Эл талап кылып, ар дайым сурап турган тамада болуш үчүн тамада кандай сапаттарга ээ болушу керек?

– Ар бир эле адамдын эң жакшы с-паты бул жөнөкөйлүк жана адамгерчилик деп билем. Бул сапат биздин чөйрөгө өзгөчө керек. Анткени тамада келген конокко ар дайым жылмайып, сылык мамиле жасап, анын көңүлүн алыш керек. Бирок тойдо ар кандай мүнөздүү адамдар кездешет. Ошондуктан ким сага кандай мамиле кылбасын, алардын тилин табуу биздин милдетибиз. Тойдун жакшы жагын, кыйынчылыгын дагы көрүп отуруп, сабырдуулук менен көздөгөн максатыбызга жетебиз.

– Кээде той ээлери нааразы болуп же нааразы кылган учурлар болбой койбосо керек?

– Ооба, андай учурлар кездешкен. Тамаданы тамада катары сыйлабай, тамада деген акчасын алгандан кийин тигиндей кылыш керек, мындай кылыш керек дегендер болгон. Жашоо дайыма эле жакшы нерседен турса телегейибиз тегиз болуп кетпейби. Азыр эми баары жакшы, нааразылык деле жок.

– Теле же радиодо кызмат кыласызбы?

– Чынын айтсам телеге, радиого убактым жок болгондуктан кызмат деле кылбайм. Өзүмдүн жеке башка иштерим бар болгондуктан мындай жоопкерчиликтүү кызматтан баш тарткам. Убактымды жеткире албай кыйналып каламбы деген ой менен эркин график менен эле иштейм.

– Азыр тамада өтө көп, башкаларга атаандашуу болсо керек сизде да?

– Чынында тамада абдан көп, бирок катардан суурулуш үчүн изденүү, аракет кылуу гана жетиштүү. Алып баруунун башкача жолун тапсаң, башкалардан өзгөчөлөнсөң эл сени өзү эле издеп калат. Бул нерсе Кудайдан берилген талантка жана аракетке байланыштуу.

– Сыр болбосо тойду канчага алып барасыз жана тамадалык менен кандай материалдык ийгиликтерге жетише алдыңыз?

– Менде тойго атайын коюлган ставкам жок. Ал сүйлөшүүгө жараша ишке ашат. Мен той ээлерине ушунча суммадагы акча бересиз деп эч качан айткан эмесмин. Материалдык ийгиликтерге жетишкенимди айтып салсам артымдан ээрчип аңдыгандар толуп кетпесин анан. (тамаша) Кудайга шүгүр, май менен нанга жетип турат. Негизи элимдин маанайы жакшы болсун, элге кызмат кылалы деп эле жүрөбүз.

– Кесибиңиз тууралуу да айтсаңыз?

– Ош мамлекеттик университетинин Дүйнөлүк тилдер факультетин бүтүргөм. Англис тилин окуткан мугалиммин. Ал эми экинчи кесибим финансист.

– Сизди кайсы социалдык көйгөй ойлондурат?

– Мен эч качан көйгөй жөнүндө ойлонгум келбейт. Эгер көйгөйүм болуп жаткан болсо да аны айтуудан баш тартам. Себеби көйгөйдү айтуу менен маселе чечилбейт экенин жакшы билем. Үйдө да көйгөй жаралбасын деп аракет кылам. Өлкөбүздүн ар бир жаранына биримдүүлүктү каалайт элем. Эч качан бөлүнбөсөк, ар дайым кыргыз улутунун баркын көтөрсөк деп ойлойм. Түндүк-түштүк маселеси бар бизде, ошол нерсени жойсок болот эле. Мисалы мен азыр Орусиядамын. Бул жердеги кыргыздар абдан ынтымактуу. 7 дубандан бириккен достор командасы бар. Бири-бирин мактап, көтөрмөлөп турушат. Биз да качан ушундай деңгээлге жетебиз Кыргызстандагылар? Түндүк жакка барып калсаң сарт келиптир дешет, түндүктүктөр түштүккө барсаң дагы бир башка сөз айтылат. Бул туура эмес да. Качан биз ушундай оорудан арылабыз?

– Үй-бүлөңүз тууралуу да айтсаңыз?

– Атам кайтыш болуп калган. Ош мамлекетгик университетинде, Ош технологиялык университетинде, Ош юридикалык институтунда эмгек кылган, салымын кошкон инсан болгон. Юридикалык институтунда чарба иштери боюнча проректор болуп да иштеген. Өзү Нарындын Ат-Башы районунун кулуну. Апам Ошто архивдин башчысы. Келинчегим Мелина паспорт столдо иштейт. 3 кызым, уулум бар. Эки эжем, эки агам бар. Бул биздин чакан үй-бүлөбүз.

– Балдарыңыз жолуңузду жолдойм десе каршы болбойсузбу?

– Жок, каршы болбойм. Эмнеге? Анткени адал акча, мен муну арамдан тапкан жокмун. Элим ыраазы болуп берген акча менен үй-бүлөмдү ак, адал ырыскы менен багам. Мен бул үчүн абдан кубанычтамын жана ыраазымын. Эгерде балам жолумду жолдосо мен ага өзүм жардам берем. Себеби бул өнөрдүн арты менен мен жаман болгон жокмун, элге аз да болсо таанылдым. Ар дайым жанымда жакшы инсандар жүрөт, элдин алкышын алам. Ушул иштин жолун таап алган болсоң бул сонун өнөр. Ал мейли башка кесиптин ээси болсо, бирок тамадалыкты кошо алып кетсе деле болот. Бул өнөр кандан-канга өтсө жакшы болмок деп да ойлойм.

Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *