Амангелди Муралиев, экс-премьер-министр: Программасы жок келген өкмөт өзүн көрсөтө албай жатат

-Амангелди Мурсадыкович, акыркы бир аптадан бери Кытай элчилигине 3,5 гектарга жакын жер берилгени коомчулукта кызуу талкууга алынып жатат. Бийлик өкүлдөрү муну «дипломатиялык алаканы бекемдей турган кадам» дешүүдө. Чоң көлөмдөгү жерибизди көп жылдык акысыз ижарага берүү чечими туура болдубу?

– Бул чечим Кыргызстанга зыян алып келбейт. Албетте, дипломатиялык мамилени арттырат. Анүстүнө Кытай менен соодалаш, алакалашпыз. Экинчиден, ал жер 25 жыл мурун эле дипломатиялык аймак үчүн каралган болчу. Бирок, планды бузуп, үйлөрдү куруп салышты. Эми да болсо элчиликке ижарага берилгени менимче туура. Жер маселелерин башка маселелерге байлабаш керек. Кытай тарап да биздин элчилигибизге жер берип, имарат курууга жардам бергени жатышат. Айтор, цивилдүү жол менен чечилип жатат, мындан трагедия издөөнүн кажети жок. Дүйнөлүк практика да бар мисалы, мен премьер-министр болуп турганда Москвада өкүлчүлүгүбүз отурганга имарат жок эле. Эки тараптуу сүйлөшүү жолу менен Бишкектин Белинский көчөсүнөн аларга имарат берип, Москвадагы азыр биздин элчилик отурган имаратты өзүбүзгө алганбыз. Ушундай алака катыш болуп келген, мындан ары деле болуш керек.

– Кытай тарап бизге жооп кылып, Пекиндин борборунан 25 сотых жер берип, ага кошумча элчилигибиздин имаратын кошо куруп бергенге жардам бермей болду. Бирок, муну кыргыз коомчулугу «мамлекеттин коопсуздугуна, кадыр-баркына туура , келбейт» дешүүдө. Бул боюнча оюңуз кандай?

– Коопсуздук жагынан көйгөй болорун ойлобойм. Албетте, элчиликте жашыруун маалыматтар болот, техникалык коопсуздукту күчөтүш керек. Американын элчилиги деле Москванын борборундагы эски имаратта отурат. Ара-чолодо чуулгандуу иштер чыгып кетип жатканын угуп калабыз. Элчиликтерде маалыматтар көп болот, бири-бирин аңдыйт, маалыматтарын алгысы келишет. Сак иштеш керек.

– Дагы эле жер маселеси боюча, Алай тарапта бир топ жерлер Кытайга берилип кеткени тууралуу мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов айтып келет. Ошондой жерлер барбы?

– Мен ал тууралуу билбейт экенмин. Ооба, жер чатагы дагы деле көп болуп жатат. Айрыкча түштүктө чектешкен тилкелерде такталбаган жерлерибиз, анклавдар көп. Үзөңгү-Кууш, Каркыра, Шахимардан, Баткенде нейтралдык зоналарга үстөмдүк кылган учурлар бар. Негизи жер маселесин эки тараптан адискөй өкүлдөрү кирген комиссия түзүлүп, жергиликтүү проблемаларды эске алып, географиялык белгилерди тактап, ынтымакташып чечиш керек. Совет өкмөтүнүн архивинде бир топ материалдар бар. Биздин өкмөт 1 чарчы метр кыргыз жерин бербегидей, кылдат, бекем туруш керек. Расмий сүйлөшүү жолу менен эле тактап алсак болот.

– Өкмөттүн ишине кандай баа бересиз?

– Өкмөт жаңы эле ишке киришти. Азыр сындаганга эрте. Күздөн баштап ишине баа бере баштайбыз. Ошентсе да айтып коюшум керек, өкмөттүн күнүмдүк маселелерге көңүл бургандан башка ишин көрө элекмин. Күзүндө Ысык-Көлдө Көчмөндөр оюндары өтөт. Бул чоң иш-чара, аны сөзсүз өткөруш керек. Бирок, «жаңы өкмөттүн алы жетеби?» деп коомчулук карап турат. Бул оюнду кантип өткөрүшөт, даярдык кандай болуп жатат, кандай программалар даярдалды, кимдер чакырылды, кимдер келет, эч кандай маалымат жок. «Кыштын камын жазда көр» дейт. Кышка даярдык, отун суу камдоо маселелери турат, бул тууралуу да маалыматтар жок. Жаан-чачын болуп, эгин-тегинге жай болгону менен, үшүк жүрдү, бир топ мал-жан кырылды. Өкмөттүн реакциясы кандай болду? Маалымат берилбегени -өкмөттүн кемчилиги. Стратегиялык маселелерди айтпай эле коеюн. Өкмөт келди, программасы жок келди. Бир-эки сөз сүйлөп коюп бекилип калбадыбы. «Долбоорлорду улантабыз» дешти, менимче, долбоорлор биринчи орунда болбош керек. Өкмөттүн негизги иши – бюджеттин тартыштыгын бүтөө. Кредит алып эле жашай беребизби? Тышкы карыздарыбыз өсүп, муундан муунга калчудай болуп жатат. Ички экономиканы көтөрүү жолдорун караштырыш керек да. Ал жагынан да эч кандай программаларды уккан жокмун. Балким, өкмөт иштеп жаткандыр, бирок көрүнгөн жок. Мындай иштесе, көпкө узабайт.

– Бажы биримдигине киргени экономикабызда жылыш болгон жокпу?

– «Бажы биримдигине кошулушубуз керек, антпесек болбойт» деп жатып, ага да кирдик. Бирок, жолубузду таба албай жатабыз. Экономикалык биримдикке киргенден кийин өз пайдасын издеш керек болчу. Биз азырынча пайда көрө элекпиз. Бажы салымдар көбөйдү. Жаңы президентибиз Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштү баштады. Мурда аркы-терки кеткен бажы салымдары казынага түшө баштады. Бул тартипти сакташ керек. Жээнбековго жардам кылыш керек. Экономикабыздын акыбалы начар. Аны көтөрүү үчүн «Кумтөр», «Жерүй», «Кыргызалтын», «Макмал» сыяктуу жана башка алтын кендерибизди иштетүү, киреше табуу, бюджет жыртылып бүтөө керек. «Кумтөрдүн» кирешеси азайды, «Жерүйдү» сатышты, бул кендер кандай тартипте иштеп жатышат, жыл жарымдап калды, кирешеден кабар жок. «Кыргызалтындын» иши таптакыр угулбай да калды. Ал жер миң кишиге жумуш бере турган ишкана. Өкмөт аларды карап, жөнгө салыш керек.

– Атамбаевдин бийлигинин тушунда бир топ коррупциялык иштер болгону азыр четинен чыгып жатат. Эмнеге, айрыкча экономикалык иштерде ири коррупцияларга жол берилет деп ойлойсуз?

– Экономикада ири долбоорлор келет. Андан ири акчаларды жегенге мүмкүнчүлүк тапса болот. Мисалы, жолдорду курууда миллиарддаган акчалар алынат. Бирок, бүткөн иш ал суммага чаппайт. Түндүк-түштүк жолунун курулушун текшерсе, чоң коррупция чыгат. Эки миң сом пара бергендерди камап жатабыз, миллиарддаган кредиттерди алып, андан уурдап алгандарды эркелетип багып жүрөбүз. «Датка-Кемин» долбоору башында башкача болчу, долбоор бүткөндөн кийин суммасы бир топ көбөйүп кеткен. Текшериш керек, эмнеге андай болду? «Таза доор, таза башчы келди» деп эл президент Жээнбековдон үмүттөнүп жатат. Мен деле ойлойм, Жээнбеков таза киши, элге жакын киши. Көп жакшы иштерди жасайт.

– Коррупция менен күрөштү аягына чыгарарына ишенесизби?

– Коррупциянын аягына эч ким жете алган эмес. Бирок, күрөштү күчөтөт. Ал кишинин саясый эрки да бар, көз карашына ылайык тема. Мен деле элдин арасындамын. Буюрса, 2019-2020-жылдары өлкөбүз жакшы жолго түшүп калат деген ойдомун.

Динар Турдугулова

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *