Амангелди Муралиев, экс-премьер-министр: “Сооронбай Жээнбеков бир туугандарына “пленге түшүп” калса, анда алыска барбайт”

Кезегинде кызматтык тоодой бак күткөн Амангелди Мурсадыковичтин ээлебеген бийик посттордон бирин-экини эле калса керек. 70 жаштын кырындагы тажрыйбалуу мамлекетчил инсан менен учур кырдаалы, көйгөйлүү Кумтөр маселеси, кадрдык саясат, жээнбековдордун кланы тууралуу кеп козгодук. Козгогон маселелерибиздин тегерегинде аксакал тереңинен болбосо дагы жакшы түшүнүк менен ой кербезин улап турган кезеги.

— Амангелди ага, учурда сыртта чуулгандуу Кумтөр, андагы мөңгүлөр катуу кеп-сөзгө алынып, талкуу жараткан кербези. Мен билгенден, Кумтөр көйгөйүн өлкөбүздө сизден артык кыйын билген деле киши болбосо керек. Дал ушул талуу маселебиз боюнча кандай пикир айта аласыз?

— Негизинен бул иштердин айланасындагы элдин талабы туура эле. Мөңгү кыргыз элинин Кудай берген табигый байлыгы. Керек болсо жаратылыштын мындай белеги экономикабыздын да түгөнгүс байлыгы десем болот. Анткени, мөңгү – суу. Биз ошол суунун башындабыз. Суунун башында турган мамлекет бай өлкө болушу керек. Кумтөрдүн негизи тарыхы бар. Андыктан, мындай тарыхты терең изилдеп, туура чечим кабыл алуу зарыл. Өкүнүчтүүсү, акыркы убакта Кумтөр саясый оюндардын бутасына айланып бара жатат. Азыр саясатчылардан кимиси болбосун саясый капитал алууну көздөсө эле Кумтөр темасын козгосо, анча-мынча упай алат экенмин дешип эле бул иштерге күйгөн киши болуп чыга келишүүдө. Биздин Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн колунан келсе Кумтөрдүн тарыхын ачык-айкын изилдеп, буга чейин кандай документтер кабыл алынгандыгын, анын ичинен кайсынысы мыйзамченемдүү же ченемдүү эместигин баарын талдап, ачык жазуу зарыл. Ошондо гана системалуу иш башталат. Маселен, Кумтөрдүн тагдыры чечилип жатканда мөңгүлөр маселеси же Суу кодекси бар беле же жок беле? “Камеко” менен өкмөттүн ортосундагы келишим жөн эле келишимби же парламенттен ратификациядан өткөн келишимдерби? Эгер булардын ортосундагы келишим парламенттен өтсө, анда күчүнө кирген мыйзамдуу келишим болуп калат. Ошондуктан, Кумтөрдүн тегерегиндеги мындай иштерди системалуу түрдө изилдеп, андан соң гана чечим кабыл алуу керек. Анткени, бул иштер жалаң гана бизге эле керектүү иш эмес, муну тышкы инвесторлор да азыр карап жатышат. Көйгөйдүн айланасындагы иштер мыйзам ченемдүү болсо, анда азыркы өкмөткө ишенимдер пайда болот да, туурабы? Эгер бул иштердин айланасында кичине эле мыйзамсыз иштер катталса, анда бул жерде коррупциянын илеби уруп, тышкы инвесторлор да бул жакка келиштен тартынат. Акыркы убактагы Кумтөрдүн тегерегиндеги спекуляциялар биздин өлкөгө келчү инвестициянын жолуна бир топ эле тоскоолдуктарды жаратууда. Ошондуктан, азыркы парламент кабыл алган келишимдер менен чечимдер бир жагынан жакшы. Чынын айтканда, Кумтөрдүн “экология үчүн 50 миллион доллар беребиз” дегендери кулакка жакшы угулат. А мунун келечеги эмне болот? Азыр мөңгүлөрдү казганга тыюу салынып жатат. Бул туура кадам. Кумтөр иштеп жаткандан кийин андагы мөңгүлөр жоголуп бара жатат. Эми мунун зыянын да кароо керек. Буга чейин өкмөттүк органдар Кумтөрдү экология боюнча канча ирет сотко беришти. Бирок, бир дагы жолу соттон утушкан жок. Анткени, Кумтөрдүн тарыхындагы кабыл алынган документтер бул ишкананы коргоп жатат. Бул иштердин айланасындагы Суу кодекси боюнча иштерди азыркы парламент албетте, өздөрү чечсин.

— Сиз 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөбүзгө коңшулар чек арасын жаап койгон оор шартта техникалык өкмөттү жетектебедиңизби. Азыр да коңшу Казакстан ЕАЭБге мүчө экенибизге карабай чек арасын жаап, мунун айынан экономикабызга оор сокку урулууда. Биз 2010-жылдагы оор кырдаалдан кантип чыкканбыз? Азыр кантип чыксак болот? Ийиле кечирим суроо мененби?

— 2010-жылдагы апрель революциясынан кийинки түзүлгөн оор кырдаалдардан биз коңшу өлкөлөр менен эки тараптуу сүйлөшүү, дипломатиянын жолу аркылуу гана чыкканбыз. Ачык айтканда, бизде революция болуп жаткандан кийин коңшуларыбыз коопсуздук маселеге абдан көңүл бурушуп, өздөрүнүн чек арасын жаап салышкан. Ал жагы эми түшүнүктүү дечи. Ал эми Казакстан менен азыркы түзүлгөн оор мамилени деле эки тараптуу сүйлөшүү, дипломатиянын тили менен чечүү зарыл. Сүйлөшүүлөргө тез арада баруу керек. Биздин өкмөт коңшу өлкө менен бир-эки жолу сүйлөшүүлөргө барган. Бирок, казак өкмөтү негизинен өздөрүнүн позициясын өзгөртүшкөн жок. Мунун арты менен биз экономикалык жактан бир топ зыянга учурап жатабыз. Муну жаап-жашырбастан, ачык-айкын айтыш керек. Мындай шартта коңшу өлкө менен жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү өткөргөндө, биздин бийлик жетекчилери өзгөчө сак болушса жакшы болот эле. Өкмөттүн артында эл бар. Элди ойлошсо, жөн эле куру намыска алдырбаш керек. Мен ойлойм, казак туугандар менен болгон чыңалган мамилени тез арада дипломатия жолу менен жогорку деңгээлде чечпесе болбойт. Жаңы шайланган өлкөбүздүн президенти жакын арада ишке кирүү алдында турат. Ал киши ишин дал ушул көйгөйдүү чечүү менен баштоосу кажет. Өзүңөр билесиңер, биздин темир жол баштаган коммуникациябыздын баардыгы Казакстан аркылуу өтөт. Анан калса биздин тышкы соодабыздын бир топ көлөмү Казакстанга байланыштуу. Ал жакта канчалаган эмгек мигранттарыбыз бар. Алардын тагдыры кандай болот? Алардын тагдырына да зыян келип жатат да, туурабы?

— Кыргызстан эгемендикти алганы 30 жылга чукулдап бара жаткан убакта далай саясый окуяларды баштан өткөрдүңүз да. Бул арада эки ирет кыргыз өкмөтүн да жетектедиңиз. Азыр кыргыз өкмөтүнүн курамы буга чейин болуп көрбөгөндөй жаңыланды. Жаштардан куралган азыркы министрлердин курамына тажрыйбалуу мамлекетчил инсан катары ичиңиз чыгабы?

— Мен өкмөт курамындагы жаштарды, өзгөчө Сапар Исаков менен анын биринчи орун басары Толкунбек Абдыгуловду жакындан тааныйм. Албетте, бул жигиттердин тажрыйбалары жок эмес. Экөө тең ар кайсы структураларда иштешкен. Мен 2010-жылы техникалык өкмөттү жетектеп турганымда бул эки жигит тең мени менен иштешкен. Бийликтин курамында иштеп жатышкан жаштарга карата менин эч кандай кызганычым жок. Кезегинде өзүм да жапжаш кезимде жетекчи болгом. Бирок, тажрыйбалуу, оор салмактагы, жашы келген кадрларды четке сүрүп салбаш керек. Андан көрө улуу муун менен жаңы муундагы кадрларды аралаштырып, бириктирүү керек. Азыр чынында абалыбыз кыйын. Өкмөт экономикабызды ойлоп, кайсалап турат. Керек болсо бул өкмөттөгүлөр глобалдык, стратегиялык көйгөйлүү маселелерибизди чече албай жатышат. Алыс барбай ошол эле Казакстан менен болгон мамилени алалычы? Андан башка да кечиктирилгис бир топ маселелер жайнап жатат. Экинчи жагынан ички маселелерибиз да баштан ашты. Өзгөчө жол коопсуздук көйгөйү күн сайын курчуп, чекке жетип баратат. Жол көйгөйүн, андагы күн сайын катталган кырсыктарды чечүүгө аракетин кылып жатышат. А бирок, булар аракеттерин бир эле идеологияга “Таза коом” долбооруна байланыштыруушуда. Ал эми элибиз мындан алыс. Керек болсо “Таза коом” эмне экенине элеттеги карапайым элибиз толук кандуу деле түшүнүшө элек. Негизи өкмөттүн толук кандуу программасы болушу керек. Ар бир өкмөт ошол эле жол коопсуздук маселесин үстүртөн эмес, тереңирээктен карашы зарыл. Жол коопсуздугун караган структуранын атын өзгөртүп, аталышын башкача кылып койгон менен маселе чечилбейт. Азыр булар “патрулдук милицияны жоюп жатабыз, жаңыча структураны жолго коёбуз” деп жатышат. Ой айланайындар, бизде буга чейин деле канча ирет МАИ, жол коопсуздук полициясы дегендер болгон. Мындай структуралардын атын өзгөртө койгонубуз менен маселе чечиле калбайт. Тармактын атын өзгөртө бербей, негизги пайдубалдуу маселелерди көтөрүшүбүз кажет. Андай негизги пайдубалдуу маселелердин эң башында коррупция турат. Азыр миңдеген айдоочулар күбөлүктөрдү эч кандай окубастан, сатып алышкан. Анан калса бизде бул жаатта ырааттуу система жок. Илгери 3-класстагы айдоочу бир гана жеңил автоунааларды гана айдачу. Автобус айдаш үчүн дагы окуш керек болчу. Окуп гана тим болбой сынак тапшырып, татыктуу түрдө алышаар эле. Кыскасы, жакшы система болоор эле. Биз андай системаны таркатып, азыр бул жаатта бардак система орноду. Мунун кесепетин мына күнү куру болбогон жол кырсыктарынан улам билип, көрүп жатабыз. Азыр МАИ бар болсо да, тартип жок. Анткени, бизде керек болсо тыңгылыктуу жол сызыктары да чийилген эмес. Айдоочулар жол эрежесин сакташпайт. Айтор, мындай комплекстүү маселени бийлик үстүртөн карабай, тезирээк жолго салбаса, абал кооптуу болуп баратат.

— Өлкөбүздүн жаңы президенти Сооронбай Жээнбеков ант берүү алдында турат. Бул кишинин бир тууган агасы бир катар өлкөлөрдөгү өлкөбүздүн элчиси болсо, экинчи бир тууган үкасы парламенттин депутаты. Сооронбай Шарипович тылын бекемдеп алса, бул клан бир кездеги КурСалиевичтин доорундагыдай аке-үкөлөрү “серый кардиналдарга” айланышып, ажыдаарга айланып кетишпейби?

— Албетте, андай коркунучтар дагы бар. Анткени, биздин буга чейинки тарыхыбыз сенин сурооңдогудай көрүнүштү тастыктаган. Президент болгон адам өзүн туура кармаган, салмактуу, адилеттүү, өзүнүн жарандарын терең урматтаган киши болушу зарыл. Бийликте турганда бир туугандары албетте, курчап алып, акыл-насаат, суроо талап, кеп-кеңештерин айтышат дечи. Өлкө жетекчилигин колго алганда байлык-бийлик деген образдуу айтканда азгырык пайда болот. Мен Ош облусунда үч жылдай губернатор болуп иштегем. Ал жакта иштеп жүрүп бир тууган жээнбековдордун атасын жакшы таанып калдым. Шарип аке аябай акылдуу, салмактуу, өрөөндө кадыр-баркы бар, абройлуу инсандардын бири болчу. “Алма сабагынан алыс түшпөйт” деген таамай айтылган кеп бар го, Шарип акенин балдары да аябай жакшы чыкты. Эми Сооронбай инимдин алдында чоң сыноо турат. Ал сыноолордон өзүн абдан кармап, жакшы өтүшү керек. Бул бир тууган жээнбековдорду айрымдар “булар динге жакын” деп сыпаттама берип жатышпайбы. Бул жаман көрүнүш эмес. Ыйык Куранды жакшы билсе, анда ал жерде да падышанын кандай болушу керектиги таамай, так жазылган. Элдикин уурдабаш керектиги, адилет, калыс, ишбилги болуш керектиги ташка тамга баскандай ыйык китепте да жазылган. Мен ойлойм, баардык нерсе Сооронбай Жээнбековдун өзүнөн. Ал буга чейинки эки президент сымал аялына же бала-бакыра, бир туугандарына “пленге түшүп” калса, анда анын иши алыска барбайт. А негизинен Сооронбай инимдин баскан жолу президенттикке ылайыктуу эле. Бирок, дагы бир ирет эскертип койгум келет, анын мындан аркы өлкөбүздүн “эки тизгин, бир чылбырын” татыктуу кармап кетиши өзүнөн. Биз ар бирибиз өзүбүзгө өзүбүз душманбыз да. Эгер жаңы президент чынчыл, адилет, калыс болсо, анда иши шыр кетет. Кичине эле чынчылдыктан, адилеттүүлүктөн тайып кетсе, бүттү дей бер. Анда иши андан ары жүрбөй калат.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *