Андрей Бельянинов досторун камап койгон кыргыз бийлигине акаарат келтирүүдө

Алматыда 6-сентябрь күнү өткөн Евразиялык маалымат каражаттарынын Конгрессинде Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельянинов эмне үчүн ал жетектеген банк Кыргызстанда солгун иштеп жаткандыгы боюнча журналисттердин суроосуна төмөнкүдөй жооп узаткан: “Кыргызстан тараптан кредит алуу үчүн долбоорлор сунушталбагандыктан биз аларга кредит бере алган жокпуз. Кыргызстанда ишкердиктин көзү менен караганда эч ким менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес. Кыргыз чиновниктери улам эле алмашып тургандыктан алардын сабатсыздыгын жоюп, улам “ликбез” өтүүгө мажбурбуз. Кыргызстандын Каржы министрлиги биз салган инвестициянын кайтарылышына кепилдик бере албайт. Белгилүү жөөт анекдоту менен айтканда, Кудайдан жардам сураган адамга Кудай: “жок дегенде бир лотерея сатып алып койчу” деген экен…”

Ошол эле учурда Андрей Бельянинов ал жетектеген Евразиялык өнүктүрүү банкы кыргыз ишкерлерине башка банктарга караганда пайдалануу мөөнөттөрү кыска жана пайыздары жогору кредиттерди сунуш кыларын албетте айткан жок. Ал эми кыргыз өкмөтү, анын ичинде Каржы министрлиги жеке ишкерлер алган кредиттерге Бельяниновдун досу  Атамбаевдин учурунда да  кепилдик бербегендигин дегеле оозанбады.

Чындыгында Бельяниновдун минтип кыргыз бийлигине туталанып асылып жатышынын сыры башка жакта – азыр анын Кыргызстандагы досторунун дээрлик баардыгы коррупциялык кылмыштар менен шектелип, алды абакта, арты дымын чыгарбай үйлөрүндө коркуп олтурушат.

Андрей Бельянинов  деген ким өзү?

Бельянинов СССР КГБсына иштеген кезден тартып, Владимир Путиндин “завхозу” катары белгилүү. 1985-жылы КГБнын контрчалгын кызматында тергөөчү болуп Ленинградда иштеген Владимир Путинди ГДРдеги Дрезден шаарында жайгашкан СССР-ГДР достук үйүнүн директору катары кызматка жөнөтүшөт. Бирок бул чындыгында СССРдин чалгын боюнча резидентурасы болгон. Жөнөкөй тил менен айтканда Путин СССРдин бир тууган социалисттик өлкө болгон ГДРге жөнөткөн агенти же болбосо шпиону болгон.

КГБнын Биринчи башкы башкармалыгында  – сырткы чалгын кызматында иштеген Андрей Бельянинов да СССРдин Германиядагы элчилигине дипломат катары 1985-жылдары жөнөтүлөт да бирок жөнөкөй тил менен айтканда агенттик же шпиондук милдетти аткарып кызмат кылган. Ошону менен эле катар ал Владимир Путин жетектеген СССР-ГДР достук үйүнүн “завхозу” болгон.

1991-жылы СССР таркаганда Путин да, Бельянинов да КГБдан кызматтарын таштап, бизнеске кетишкен…

2000-жылы Путин Ельциндин жардамы менен президенттикке шайланары менен Бельянинов “Рособоронэкспорттун” гендиректору болуп дайындалат.

2006-жылдан 2016-жылга чейин Россиянын федералдык бажы кызматынын төрагасы болуп иштейт. Ошол учурларда Бельяниновду Россиянын бийлиги Кыргызстанга куратор (резидент) кылып дайындашат.

2009-жылы Бакиевдик режим Россия бийлигин укпай, моюн толгоп, америкалык “Манас” авиабазасын Кыргызстандан чыгарбай, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун россиялык стандартта эмес, европалык-кытайлык стандартта курууга макулдугун бергенде Россия Бакиевдик режимди бийликтен кетирүү операциясын баштайт. Анда эң чоң ролду Кремлдин Кыргызстанга дайындаган куратору (резиденти) Андрей Бельянинов ойногон.

Кыргыз ММКлары бир нече жолу жазышкандай: 2010-жылы 7-апрелдин алдында Андрей Бельянинов “достору” КР Бажы кызматынын төрагасы Нурлан Акматов менен анын орун басары Кубанычбек Кулматовго 2 млн доллар акчаны накталай түрүндө Атамбаевге жеткирип берүү буйругун берет. Буйрук аткарылат. Бул жерде ал кездеги Россиянын жараны, Кыргызстандын мамлекеттик кызматкери Кубанычбек Кулматов чоң рол ойногон. Ошондуктан 2010-жылдын 7-апрелиндеги төнкөрүштөн кийин Кубанычбек Кулматов дароо Бажы кызматынын төрагасы кызматына дайындалат. Кийин Чүй облусунун губернатору, Бишкек шаарынын мэри, Улуттук Банктын төрагасы жана Кыргыз-орус фондунун төрагасы сыяктуу “майлуу-сүттүү” кызматтарды ээлеп чалчактайт.  Нурлан Акматов Газпром-Кыргызстандын жетекчилик кызматтарына жайгаштырылат.

2016-жылы 26-июлда Россиянын ФСБ кызматы Федералдык Бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельяниновдун үйүн тинтүүгө алып, анын үйүнөн 10 млн рубль, 400 миң доллар, 300 миң евро накталай акчаларын табышат. ФСБ кылмыш ишин козгоп, Андрей Бельянинов Федералдык Бажы кызматынын төрагалыгы кызматынан кетүү боюнча арызын жазып, кызматтан алынат.  Бирок Атамбаев досу Иса Өмүркуловду соттолуп кетүүдөн сактап калгандай эле Путин досу Бельяниновду соттолуп кетүүдөн сактап калат. Алтургай кызмат берип, 2017-жылдын 29-майында Евразия элдеринин ассамблеясынын  Генералдык катчысы болуп шайланат. Ошол эле 2017-жылдын 1-декабрынан тартып Евразиялык өнүктүрүү банкынын төрагалыгына дайындалат.

Андрей Бельянинов Кыргызстанга Атамбаев президент болуп турганда  анын резиденциясынын эшигин тээп ачып кирчү. Атамбаев аны ачык эле досум деп жарыялап чыккан. Алтургай ММКлар экөөсүнүн биргелешкен бизнеси бар экенин, Кытайдан бажы союзуна кирген контрабандалык товарларга ушулар ээ экенин жазышкан. Бирок Россиянын көзүрү Путиндин досу Бельяниновду жана анын досу, кыргыз президенти Алмаз Атамбаевдин ал бизнесин ким текшере алмак эле?  Ошол бойдон жабылуу аяк жабылуу бойдон турат.

Аңгыча эле 2018-жыл кирип келип, февралда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш ачты. Анын алкагында Андрей Бельянинов менен Алмаз Атамбаевдин жакын достору Кубанычбек Кулматов баш болуп, Сапар Исаков, Албек Ибраимов, Жантөрө Сатыбалдиев жана башкалар коррупциялык кылмыштар боюнча камакка алынышты. Атамбаев өзү бийликтен толук четтетилди.

Албетте Андрей Бельянинов Кыргызстанда камакка алынган досторун бошотуу үчүн бардык каналдарды пайдаланып жанталашууда. Алтургай өзү суранып, быйыл 2018-жылдын 5-июлунда КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болуп, көздөгөн максатына жеткен эмес. Президент Жээнбеков Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын кызматташтыгы тууралу расмий талкуунун алкагынан ашык маселелерге чыкпай койгон. Мурун марионеткалары аркылуу Кыргызстанда каалаганын жасап көнгөн Бельянинов азыр эч кимге таасири жок калганын көрүп, “котур ташын койнуна катып” калган эле.

Эми албууттанып, Россияга союздаш өлкөлөрдүн бийлигин сындап, Бельянинов мамлекеттик кызматкердин этикасын бузуп, алтургай коркутуу аракеттерин жасоодо. Кыргызстандагы 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштү ишке ашырууга тиешеси бар деп ММКлар жазып келаткан Бельянинов эми чектен чыгып, ачык эле асылууга өттү. Бирок кыргыз бийлиги мындай чагымдарга алдырбай улуттук кызыкчылыктын негизинде гана саясат жүргүзүүгө умтулуп жаткандыгы алгылыктуу иш.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *