Анжеликаны микрофонду тескери кармады деп каралагандар кимдер?

Ырчы Анжеликанын дарегине дагы сын айтылып, ырчы чындыкты далилдеди. Бул ирет ырчы Ош шаарында 31-август күнү эгемендүүлүк майрамынын урматына концертте ырдап жатканда, ырчы микрофонду тескери кармап ырдап жатат деген маалымат тараган. А түгүл ырчыны видеого тартып да алышкан. Видеодо Анжелика ырдап бүткөндө микрофон иштебей калгандыгы жана микрофон алмаштырганы көрүнүп турат. Ырчы окуянын чоо-жайын түшүндүрүп, микрофонду атайылап пульттан өчүрүп коюшкандыктарын айтып, микрофонду оң эле кармап ырдаганын далилдеген видеосун жарыялады.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *