“Аппетитиңен” айланайын Абдыкадыров

Айлык жаатында рекорд койгусу келгендер өтө эле арбын экен. Бирок, анын ичинде өзгөчөлөрү да бар. Дегеним, алган айлыгы канча сумманы түзөөрүн билбегендер десек болот. Эгер алган айлыгынын суммасына кызыкпаса анда демек бул кишиге айлыктын зарылчылыгы деле жок дегендик эмеспи. Эгер айлыктын зарылчылыгы жок болсо анда бул кишилерге киреше кайдан түшүп турат? Коррупциянын кокосу ушул жерде жаткан жокпу? Айталы, «Улуттук Энергохолдинг» деген аталыштагы башкармалык бар. Электр жаатын тейлемиш этет. Айбек Калиев камалып кеткени башкармалыктын эки тизгин бир чылбыры Азамат Абдыкадыров деген немеге тийген. Эмнени кыйратып атканын билбейбиз, бирок 200 000 (эки жүз миң) сомдун тегерегинде айлык алаарын жакшы билебиз. Өткөндө Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров Абдыкадыровго: «Канча айлык аласыз, так сурайын, сентябрь айында канча сом колуңузга алдыңыз?» деген суроо берди. Азамат мырза: «100 000 (жүз миң) сом алам» деп жооп берип, кээде бул суммадан да ашык айлык болоорун кошумчалады. Ошондо бул алган айлыгынын теңин эле айтты. Жашырды. Эми бизге кызыгы Азамат Абдыкадыров кайсы эмгеги үчүн олчойгон айлык алат? Дегеле «Энергохолдинг» деген эмне кызмат аткарат? Булардын эмгеги мындай айлыкка татыктуубу? Айтор, жооп жок…

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *