Апрель ыңкылабына 8 жыл! Эмне өзгөрдү?

Жогорку жактагылар мамлекетти башкаралбай калып, төмөнкү жактагы элдин бийликке нааразылыгы курчуп, саясий, социалдык-экономикалык талаптарды коюп, митинг- пикеттер, массалык толкундоолор менен коштолуп, өлкөдө революциялык кырдаал жаралып, эл бийликти мөөнөтүнөн мурда кысымга алуу же күч колдонуу менен кетиргени – бийлик революциялык  жол менен кеткенин же куулганын мүнөздөйт. Революциянын аныктамасы – коомдогу сапаттуу өзгөрүүлөрдү, секирикти, олуттуу прогрессивдүү алга карай өнүгүүлөрдү билдирет.       

Мисалы, Грузиядагы 2003-жылдагы түстүү революциядан кийин 5 жылдын аралыгында – ички дүң продукция 3 эсе өскөн, бюджет 4 эсе көбөйгөн. Эмгек акылар да 3-4 эсе жогорулаган. Коррупцияга каршы аёосуз күрөшүп, мамлекеттик кадр саясатында люстрация жүргөн. Азыркы кезде Грузия Европалык типте өнүгүп келе жатат.

Ыңкылап жасаган эл жаңы бийликтен – талаптарынын аткарылуусун, позитивдүү терең өзгөрүүлөрдү, чукул бурулуштарды күтөт. 7-апрелдеги саясий окуя – ыңкылап болдубу, төңкөрүшпү, бийлик талашуубу, байлык талашуубу, ал саясий окуяга келечекте тарых өз баасын берет. Ошондуктан бул темага кайрылбайбыз. Бизге маанилүүсү революция максатына жеттиби, жетпедиби – ушул жаатта иликтөө жүргүзөбүз. Азыркы учурда коомчулукта революция болгон деп жаткандан кийин, революция деп айтылсын. 2010-жылдын 7-апрелиндеги революция өзүнүн максатына жеттиби? Коомдо, элдин турмушунда терең өзгөрүүлөр болдубу? Кыргызстанда сегиз жылдын ичинде өткөн 2010-жылга чейинки мезгилге салыштырганда социалдык-экономикалык жактан кескин өнүгүүлөр болдубу, жалпы элдин турмушу бир кыйла жакшырдыбы? Өнөр-жайыбыз, айыл-чарбабыз өнүгүп, тышкы миграция азайдыбы? Сот системасында, укук коргоо органдарында реформа жүрүп, коррупция кыскарып, акыйкаттуулук орнодубу? Коомдо мыйзамдуулук орноп, бардыгы жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн деген принцип менен жашап калдыбы? Демократиялык принциптер жаңы баскычка көтөрүлдүбү? Эгемендүүлүктүн негизги атрибуту болгон, өз алдынча улут экенибиздин эң орчундуу белгиси – кыргыз тили оңолдубу?  Мына ушул эң көйгөйлүү, талылуу суроолорго жооп издейбиз. Өткөн сегиз жылдын ичиндеги революциялык жол менен келген бийликтин жетишкендиктерине, кемчиликтерине талдоо жүргүзүп, териштирип, салыштырып көрөлү.

Сегиз жылдын ичинде ички дүң продукция 2,4 млрд. доллардын тегерегинде, башкача айтканда 50 пайызга көбөйдү. 2009-жылы ИДП 4,69 млрд. АКШ доллары болгон, 2017-жылы ИДП 7,18 млрд. АКШ долларын түзгөн. Бюджет сегиз жылдын ичинде эки эседен ашыгыраак өстү. Билим берүү жана илим министрлигиндеги мектеп мугалимдеринин, күч структурасында иштегендердин эмгек акылары эки эсе көтөрүлдү. Пенсиялар да жыл сайын 10-12 пайыздан кошулуп, орточо пенсиянын көлөмү 2 эсеге жакын көбөйдү. Бирок, 2009-жылга салыштырганда азык-түлүк жана эң керектелүүчү продукцияларга 100 пайыздын тегерегинде инфляция өскөнүн азыркы күндүн баасы көрсөтүп турат. Энергетика тармагында позитивдүү өзгөрүүлөр болду. Жарыгыбыз мурдагыдай өчпөй калды, электр энергиясынын баасы да оптималдуу, карапайым калкты канааттандырат. Бишкек, Ош, Кара-Кол жана башка шаарларда тазалыкка жакшы көңүл бөлүнүп, таза, көрктүү болуп калды. Куралдуу Күчтөрүбүз күжүрмөн болуп, реформаланып жатат. Улуттук маданиятыбызга, каада-салттарыбызга жакшы көңүл бурулуп, өнүгүп келе жатат. Курулуш тармагында Бишкек, Ош жана башка ири шаарларда көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулуусу көбөйдү. Өнөр-жайында, жүздөгөн кубаттуу ишканалар ишке берилбей, алгылыктуу өнүгүүлөр болгон жок. 10 миң деген, 100 миң деген жумуш орундары түзүлбөгөндүктөн, тышкы миграциянын агымы солгундабай, мурдагы эле ыргакта баратат. Жеңил өнөр-жайын комлекстүү өнүктүрүүгө акыркы жылдары гана аракеттер көрүлүп жатканы байкалат. Тигүү индустриясында ишканалар юридикалык жак болуп катталып, ирилешип жаңы баскычка көтөрүлө баштады. Айыл-чарбасында, он миң деген гектар жерлерди өздөштүрүп, ирригациялык системаны өнүктүрүп, каналдарды куруп, үрөн чарбаларын өркүндөтүп, фермердик чарбаларды ирилештирип, жеңилдетилген узак мөөнөттүү насыяларды берүүнү калыптандырып, инновацияга, жаңы технологияларга умтулуп, ветеринардык-фитосанитардык кызматты күчөтүп, системалуу түрдө алга карай жылуубуз зарыл эле. Тилекке каршы, процесс өтө жай жүрүп жатат. Азыр бизде тамак-аш өнөр-жай продукцияларынын 70 пайызга жакыны импорттон келет. Ата-Мекендик экологиялык жактан таза тамак-аш продукцияларын чыгарып, ички рынокту 70-80 пайыз ээлеп, экспортту да көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар эле. Ошондо экономикабыздын өнүгүүсүнө кыйла түрткү берет элек. Чет элдик инвесторлорго ачык-айкын, мобилдүү климатты түзүп, эркин либералдуу экономикага жол ачылбады. Экономиканы, бизнести бир ууч азыркы жана мурдагы бийликтин өкүлдөрү ээлеп, монополиялаштырып, эркин рынокко, атаандаштыкка жол берилбей жатат. Өткөн сегиз жылдын ичинде ушул актуалдуу маселелерди чечкенге, иш жүзүнө ашырганга мамлекеттин даремети жетпеди. Кыргызстан азыр постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен экономикасы эң арткы орунда турат. 2010-жылга чейин Тажикстандан алдыда он төртүнчү орунда болчу, азыр эң акыркы он бешинчи орунга түштү.

Үч бийликтин тушунда кандай көзгө көрүнө турган ири иштер аткарылганын да салыштырып көрөлү. А.Акаев башкарган он беш жылдын ичинде, Бишкек-Ош жолу реконструкцияланган. “Манас” эл аралык аэропорту реконструкцияланган. Жогорку окуу жайлары көбөйүп, мектептер, мечиттер көп курулган. БУУга, КМШга, ЖККУга, ШКУга жана Дүйнөлүк Соода уюмуна мүчө болгон. Баткен облусу түзүлгөн. Ош шаарына экинчи борбор деген статус берилген. “Манас-1000”, “Ош-3000” юбилейлери республикалык, эл аралык деңгээлде майрамдалган. Бир катар мамлекеттин атрибуттары кабыл алынган.

К.Бакиевдин мезгилиндеги беш жылдын аралыгында, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин бир гидроагрегаты ишке берилген. Кызыл-Кыядагы ири цемент заводу курулган. Ош-Сары-Таш-Иркештам жолу реконструкциялана баштаган. “Ош” эл аралык аэропорту реконструкцияланган. Тигүүчүлүк өндүрүшү өрүш алган. Ички дүң продукция 90 пайызга жогорулаган. Бюджет 100 пайыздан ашык көбөйгөн.

2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин келген бийликтин сегиз жыл башкарган убагын алып карайлы. Апрель ыңкылабынан кийин келген бийликти бир командада, бир топто каралганынын себеби, Роза Отунбаева президенттикти өзүнүн мураскери Алмазбек Атамбаевге административдик ресурсту колдонуп шайлоо жолу менен өткөрүп берген. А.Атамбаев да ошондой эле альтернативалуу шайлоо жолу менен Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берди. Ошондуктан акыркы сегиз жыл-бир тарыхый этап менен каралат.

Роза Отунбаева бир жарым жыл президент болуп турган убакытта, президенттик аппараттагы иш кагаздарын толук бойдон кыргыз тилине өткөрөм деп ишти баштаган. Тилекке каршы, Р.Отунбаева бийликтен кеткенден кийин ал иш улантылбай, кайра артка кеткен. 7-апрелдеги кандуу саясий окуялар, Оштогу улут аралык жаңжалдагы кан төгүүлөр – өлкөдө башаламандыкты жаратып, кооптуу, туруксуз кырдаал жаралган. Тактап айтканда, 2010-жылдын апрелинен сентябрга чейинки убакыттагы өтө кооптуу, туруксуз абалды Р.Отунбаева тез аранын ичинде туруктуу абалга жеткирип, тынчтыкты, стабилдүүлүктү орноткон.

Алмазбек Атанбаевдин алты жыл башкарган убагында, “Датка-Кемин” электр линиясы, подстанциясы курулду. Түндүк-түштүк альтернативалуу жолу курулуп жатат. “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту ишке берилди. Чакан болсо да Токмоктогу пахтадан кездеме токуу комбинаты курулду.”Кошой”  кант заводу жанданып, ишке берилди. ЕАЭБке мүчө болду. ВСП+ макамын алды. Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын 1-2си эл аралык деңгээлде өттү.

А.Акаевдин убагында ишкана-мекемелерди компьютерлештирүү, “Кыргыз Телекомду” сандуу технологияга өткөрүү болгон. К.Бакиевдин тушунда уюлдук телефондордун жайылуусу, интернет-технологиясы, видео-камера техникасы өнүгө баштаган. А.Атамбаевдин тушунда, биометрикалык шайлоо өткөрүлдү, санариптик телевидениеге өттүк. Азыр “Таза коом” элге электрондук кызмат көрсөтүү долбоору башталды. Эми бул жаңы модернизациялык-технологиялык жараяндар дүйнөлүк илимий-техниканын өсүүсүнө байланыштуу ар бир жер планетасындагы өлкөлөрдүн компьютердик-электрондук технологияларды кабыл алуусу зарылдык. Каалайсыңбы каалабайсыңбы турмуштун агымы ушул жаңыланууларга алып барат. Өткөн кылымдын орто ченинен кийин радио, телевизор, телефондор массалык түрдө дүйнө жүзүнө жайылып, эртеби-кечпи ар бир өлкө пайдаланган сыяктуу эле көрүнүштөр. Албетте, бара-бара жаңы чыккан технологиялар татаалдана берет, умтулуп жаны технологияларды турмушка эртерээк пайдаланганыбыз прогресс.

Эми Кыргызстандагы шаарларды иликтейли, майда шаарларды айтпайлы. Өлкөнүн саясий-экономикалык, соода, маданий очогу болгон, борбор деген макамы бар – Бишкек менен Ош шаарын алып карайлы. Адамдарга ыңгайсыздык жаратып, укугун басмырлаган мыйзамсыз курулуштар толуп кеткен. Эми бул мыйзамсыз курулуштардын арбыны мурдагы бийликтердин тушунда салынган, бирок азыр деле мыйзамсыз курулуштардын курулушу уланып жатат. Экологиялык нормалар сакталбай, бак-дарактар, жашыл аймактар барган сайын азайып баратат. Көз көрүнөө бактардын башаламан кыйылып, талкаланышы кадыресе көрүнүш болуп калды. Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген, маданиятсыз соода-тейлөө түйүндөрү өкүм сүрүп турат. “Улагасын көрүп төрүнө өт” дегендей, эгер мындай көрүнүштөр узай берсе, инвесторлор, туристтер да Кыргызстандан качып калат. Ал эми Ош шаарынын экинчи борбор деген статусу кагаз жүзүндө эле бар. Бир дагы министрлик же жогорку бийлик бутактары Ош шаарына которулган эмес. Расмий маалыматтар боюнча Ош шаарынын калкы 290 миң, расмий эмес маалыматтар боюнча 500 миңден ашат. Ош шаарынын айланасын толук бойдон 450 миң калкы бар Кара-Суу району каптап турат. Ошондо шаарда бир миллиондой калк турмуш-тиричилигин өткөрөрү маалым. Шаардын өнөр-жай продукциясынын көлөмү 4 млрд. 160 млн. сом, бюджети 835 млн. сом. 300 миң калкы бар шаар үчүн, бул начар экономикалык көрсөткүч болуп эсептелет. Союз мезгилинде, пахтадан кездеме токуу комбинатында 12 миң адам эмгектенип, шаардын 60 пайыз экономикасын ээлейт болчу. Ал комбинатта 2010-жылга чейин үч жүзгө жакын адам иштеп жаткан эле. Азыр бир да адам иштебейт, жок дегенде беш жүз жумушчуну жумуш менен камсыздап, комбинатты иштетип койгонго мамлекет кызыкдар болбоду, Өкмөттүн күчү жетпеди. Мисалы, Ош шаарындагыдай 300 миң калкы бар, Өзбекстандын Фергана шаары, кыргыз сому менен санаганда 25 млрд. сомдук өнөр-жай продукциясын өндүрөт.

Сот системасында, ички иштер министрлигинде, прокуратура органдарында реформалар максатына жетпей чайналышып, адилетсиздик өкүм сүрүп турат.  Көз карандысыз, акыйкат, ыймандуу кадрлардын жетишпегендигинен акыйкат коомду курууга аракеттер текке кетип, реформалар ишке ашпай келе жатат. 8-февралдагы Коопсуздук Кеӊешинде президент Сооронбай Жээнбеков, бул органдарды туташ коррупцияга батканын мойнуна алды. Чечкиндүү кадамдарга барарын, коррупцияга каршы аёосуз күрѳш жүргүзѳрүн жарыялады. Коопсуздук Кеӊешинде отургандардын  айрымдары чечкиндүү кадамдарга баруунун кажети жоктугун, “ акылдуу шаар”,  “электрондук өкмѳттү түзүү”  профилактикалык иштер менен чектелүү жѳнүндѳгү академиялык ойлорун айтышты. “Ачтын кадырын ток билбейт”,- дегендей, Кыргызстандын итке минген абалы аларды кызыктырбады. Алардын максаты- эптеп убакыттан утуп, арам акчалар менен чѳнтѳктѳрүн толтурмай экени мимикаларынан  байкалып турду.

Акаев мезгилинде иштеген ири коррупционерлер, Бакиевдин убагында да иштеген. Атамбаевдин тушунда да майлуу-сүттүү жерлерде иштешти. Азыркы кезде да иштеп жатышат. Кадрлар бардыгын чечет дегендей, кадрдык саясатта бир топ    мүчүлүштүктөр болду. Трайбализм, уруучулук-жердешчилик, дос-тууганчылык жана паракорчулук кадр маселесин бир топ аксатып, өлкөнүн өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип жатат. Кадрлардын тазалыгына, ыймандык, адептик, мекенчилдик сапаттарына, кесипкөйлүгүнө, билимине, иштермандыгына өзгөчө көңүл бурулбай жатат.

Мамлекеттин казынасынын чыгашалары жана сырттан келген кредиттер, гранттар эффективдүү сарпталбай коррупциялык жолдор менен ыксыз чачылып жатат. Жол курулушу, мектептердин курулушу, мамлекеттик мекемелерди ремонттоо, эмеректерди сатып алуу жана башка чыгымдар өзүнүн баасынан бир канча эсе көбөйтүлүп, мамлекеттик сатып алуулар, тендерлер таза эмес өтүп, акчанын бир бөлүгү сол чөнтөккө түшүп жатканы өкүнүчтүү. “Кумтөр” алтын кени, мамлекеттик бажы кызматы сыяктуу ири кирешелүү тармактардан жогорку бийликте отургандар ири өлчөмдө мыйзамсыз салык алышат, башкача айтканда “доляда” отурушат деген кептер эл арасында калкып жүрөт. “Шамал болбсо чөптүн башы кыймылдабайт”- дегендей, чын-төгүнү бир күн билинип, казанга калкып чыгат. Казанга калкып чыгып да жатат. Кытай менен Кыргызстандагы бажыдан регистрацияланып өткөн товарларынын айырмасын эсептегенде ортодо үч эсе айырмачылык келип чыгып жатат. Парламенттин трибунасынан  да айтылды, 380 млн. долларлык бажы төлөмү казынага түшпөй жатканы ачыкка чыкты. Эгер электрондук реформа жасайбыз деп коюп эле, транзит деген ар түрдүү айла-амалдар, фокустар менен чайналсак, 35-40 млрд. сомдук пландын тегерегинде эки-үч жыл убакыт ѳткѳрѳбүз. Ошондуктан бажы төлөмүнүн жылдык планын 60 млрд. сомго көтөрүп, планды аткар деген милдеттеме коюу зарыл болуп турат. Планды аткарганга толук мүмкүнчүлүктѳр бар. Орто жана чакан бизнести алып карасак, ал жерде да коррупциялык элементтер бар.  Соода-тейлөө тармагында айына 300-500 миң пайда тапкан көп эле ишканалар 10-15 миң сом эле мамлекетке салык төлөшөт. Ошондуктан соода-тейлөө тармагындагы жашырылган кирешелерге салык кызматы тарабынан реалдуу хронометраж жүргүзүү зарыл. Азыр көп ишканаларда эмгек акы бухгалтериядан өтпөй, конверт түрүндө берилип, салык төлөнбөй жатат. Ошондой эле ижара акы ижара акы салыгы менен кыймылсыз мүлк салыгынын механизмдерин иштеп чыгып, туура жолго коюшубуз зарыл болуп турат. Бул жерде миллиарддаган акчаларды мамлекеттин казынасына түшүрсө болот. Энергетикада, аэропорттордо жана башка салык төлөөчү субъектерде салыктар жашырылып жатат. Негизинен салыктын жылдык планын 110 млрд. сомго  жогорулатканы толук мүмкүнчүлүктѳр бар. Жашырылган кѳмүскѳ киреше булактары жетиштүү. Бир ууч адамдардын коррупциялык жолдор менен байышына шарт түзбѳй, ѳзүбүздүн ички каржылык ресурстарыбызды толук пайдаланып, мамлекеттин каржы жѳндѳмүн чыӊдообуз зарыл.

Салык төлөбөгөндөр, ишкананы мыйзамсыз көзөмөлдөп-тоногондор, элдин жон терисин сыйрып байыгандардын көпчүлүгү министрлер, депутаттар, жогорку кызматтагылар. Дагы бир мисал, эгемендүүлүккө жаңыдан ээ болгон жылдары “Кумтөр” алтын кенин канадалык инвесторлор менен келишим түзгөндө алар 70 пайыз акцияга ээ болуп, ал эми Кыргызстан тарап акциянын 30 пайыз үлүшүнө ээ болгон. Кыргыз Өкмөтү акциясын 30 пайыздан 50 пайызга көтөрөбүз деп он жылдан бери маселени кабыргасынан коюп келе жатат. Бирок, азыркы күнгө чейин “Кумтөрдүн” чыры бүтпөй иш оң жагына чечилбей келет. Ошону билип туруп 2014-жылы “Кыргызгаздын” 100 пайыз акциясын Оруссиялык “Газпромго” 1 долларга сатып жиберди. Эмне үчүн 1 долларга сатканыбызга карабай 51 пайыз акциясына же 30 пайыз акциясына ээ боло албадык деген суроо жаралат. Мисалы, Армения Оруссиялык “Газпромго” 45 пайыз акциясын олчойгон акчага саткан. Арменияда Кыргызстандагыдай эле долбоорлор аткарылып жатат. Газдын баасы да арзан. “Кыргызгаз” даяр инфраструктурасы бар, стратегиялык ири кирешелүү тармак. Биз 100 пайыз акцияны берип, келечекте финансылык булактардан эле тайбастан, эгемендүүлүгүбүздүн принциптеринен да тайып жатканыбызды түшүнүшүбүз абзел. Өткөн кемчиликтерибизди оңдогондун ордуна кынтыксыз кайталап келебиз. Ушул жогорудагылардын кесепетинен мамлекеттин казынасы жүз миллиарддаган сом акчалардан кол жууп жатат. Азыркы кырдаал менен жүрүп олтурсак, жеп-ичкич, арам тамактар, маргиналдар менен иш алып барсак, Кыргызстан эч качан оңолбойт. Африканын артта калган Мадагаскар, Либерия ж.б. мамлекеттеринин катарын толукташыбыз шек жаратпайт.Темирдей тартипти, туруктуу кѳзѳмѳлдү орнотуп – ушул арам жолдордон арылып, тазаланып, ыйманыбызга келип, мекенчил болгонубузда мамлекеттин казынасы тез аранын ичинде эки эселеп көбөйүп, элдин турмушу кескин түрдө жакшырат болчу.

Азыркы бийлик, “кардыма ыйлабайм, кадырыма ыйлайм” деген макал менен элди кыйла убакыт сооротуп келди. Акыры убакыт өткөн сайын ал макалдын мааниси элдин жүрөгүнөн түнөк таппай калды. “Кардыма ыйлабайм” деп көкүрөк какканыбыз менен экономикабыз өнүкпөй, карапайым элдин курсагы ач бойдон кала берди. “Кадырыма ыйлайм” дегенибиз менен көп жылдардан бери кадыры жок болуп келген эне тилге жакшы мамиле жасалбай, кулдук сезимден, маңкурттуктан арылалбай келебиз. Революциялык жол менен келген бийликтин тушунда да мурдагы бийликтерден айырмаланып мамлекеттик кыргыз тилине чындап көңүл бурулбады.

Президенттин аппаратында, Өкмөттүн аппаратында, министрликтерде иш кагаздарынын 80-90 пайызы расмий орус тилинде жүргүзүлүп жатат. Ошондо мамлекеттик тилде 10-20 пайыз эле иш кагаздары жүргүзүлөт экен. 2016-жылы мамлекеттик казынадан 200 млн. сомго жакын акча-каражаты мамлекеттик тилдин өнүгүүсү үчүн бөлүнгөн. Бирок, ошол акчанын 10 пайызы гана иштелиптир, калган 90 пайызы иштелбей калыптыр. Ошол иштелбей калган 90 пайыз акча-каражатын багыттуу, эффективдүү зарыл болгон жерлерге сарптап, жогорку бийлик бутактарында иш кагаздарын 10-20 пайыздан 70-80 пайызга кыргыз тилинде жүргүзүү үчүн максат коюп иштеткенде сөзсүз жакшы натыйжалар жаралмак. Жогорку бийлик бутактарындагылардын мамлекеттик кыргыз тилине өтүүсү менен төмөнкү мамлекеттик мекеме-ишканаларда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүлүүсү ыкчамдайт эле. Мамлекеттик тилдин кадыр-баркы көтөрүлүп, кыргыз тилинин жашоо-турмушка зарылдыгын түшүнгөн ата-энелердин, балдардын кызыгуусу артып, бала-бакчаларда, мектептерде кыргыз тилин үйрөнүүгө дилгирленип, иш-аракеттери күчөйт болчу. Жогорку окуу жайларында көптөгөн медициналык, техникалык, гуманитардык, экономикалык, юридикалык окуу китептерин кыргыз тилине которсок болот эле. Кыргызстанда акча-каражаттуу, илим-билимдүү, көп тилдерди билген мугалимдери жетиштүү беш-алты жогорку окуу жайы бар. Ошол беш-алты жогорку окуу жайлары биригип, жылына жүздөгөн китептерди өзүнүн эсебинен кыргыз тилине которуп, китеп кылып чыгарууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн стратегиясында тактикалык багыттарын өзгөртүп, оптималдуу жолдорун тандап алып иш жүргүзүүбүз зарыл. Бешик ыры, кѳркѳм китептерди которуу, кыргыз тилине эл аралык тилдерден кирген терминдерди которуу менен мамлекеттик тилди ѳнүктүрүп  кетеалбайбыз. Анткени, бул экинчи-үчүнчү пландагы маселелер

Чейрек кылымдан бери өксүп келген мамлекеттик, улут аралык катнаш тил деген конституциялык статусу бар – кыргыз тил маселесин өнүктүрүп кеткенде да, революциянын максаты кандайдыр бир деңгээлде ишке ашты дегенге негиз бар эле. Өзүнүн эне тилине ээ боло албаган мамлекеттин кадыры эч убакта бааланбайт. Эгер дүйнөлүк көчкө ар-намыс менен татыктуу улут катары кошулалы десек, анда улуттук тилибизди карай чечкиндүү бурулушубуз керек.

Демократиялык принциптер, сөз эркиндиги, адам укугу боюнча рейтинг бир аз төмөндөдү. Бирок, жалпысынан мурдагы эле ыргакта баратабыз. Дүйнөлүк рейтинг боюнча Кыргызстан 89-орунда, орто эле көрсөткүч. КМШдагы өлкөлөрдүн ичинен алдыңкы саптардын биринде, Борбор Азияда чейрек кылымдан бери биринчиликти бербей келебиз. Бирок 2015-2016-жылдары 85-орунда болсок, 2017-жылы 89-орунга түштүк. 2018-жылы да рейтингдин төмөндөөсү күтүлүүдө. Шайлоолор жана референдумдар таза, ачык өтүш үчүн биринчиден, админстративдик ресурстарды колдонууга тыюу салынып, добуштарды акчага сатып алууга ар тараптан бөгөт коюлуп, мыйзамдуу түрдө жазаны, кылмыш иштерин күчөтүү зарыл. 2017-жылы президенттик шайлоодо да көптөгөн мыйзам бузуулар болду. Бийлик тарап, административдик ресурсту колдонгону аз келгенсип, шайлоочуларды акчага сатып алууну да ачык эле колдонду. БШКа да мыйзамдарды аттап, өзү каалагандай добуштарды бурмалап, шайлоону биринчи тур менен аяктады. Ошондуктан негизинен БШКны реформалоо  зарыл болуп турат.

Ушул жогорудагыларды талдап, салыштырып, иликтеп көрүп бир жыйынтыкка келгенде, Акаев-Бакиев мезгилиндеги бийлик менен азыркы бийликтин тушундагы айырмачылыктар көңүл жылытарлык эмес. Себеби, чукул социалдык-экономикалык өзгөрүүлөргө барбаганын, коомдо секириктер жасалбаганын, жогорку бийлик бутактары ирип-чирип баратканын иликтөөлөр көрсөтүп турат. Үй-бүлөлүк бийликтин формасы гана өзгөрдү, маани-мазмуну ошол бойдон эле турат. Апрель революциясынын максатына мындай мүнөздөмө берет элем: бийлик-байлык талашуу төңкөрүшү болду деп…  Тилекке каршы, апрель революциясы максатына жетпей, коомдук турмушта өнүгүүлөр болбой калганы өкүнүчтүү.

Жакыр өлкөдө оорулуу реформа жүргүзүш үчүн акактай таза адамдар бийлик башында турганы шарт. 2018-жылдан баштап экономикалык рычагдардын  бардыгы премьер-министрдин колуна өттү. Эгемендүүлүктү бекемдөө, мамлекеттин ички-тышкы саясатын аныктоо, үч бийлик бутактарына кѳзѳмѳл жүргүзүү, коррупция менен күрөшүү президенттин милдети. Жогорудагы белгилеп өткөн кемчиликтер менен чын жүрөктөн күрөшүп, орчундуу реформаларды иш жүзүнө ашырса, сөзсүз элдин турмушу сезилерлик оңолуп, позитивдүү, прогрессивдүү натыйжалар жаралып – Кыргызстан дүйнөлүк аренада өз ордун татыктуу түрдө табат эле.

(Уландысы бар)

Кадырбек Эшмурзаев      

Булак: Майдан.kg

 

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *