Ар бир аял күнүнө отуздан кем эмес эркекти тейлеген…

1991-жылы кореялык Ким Хак Сун аттуу аял экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде мажбур түрдө сойкуга айлантылып, борделдерде япон жоокерлерин тейлегени тууралуу көрсөтмө берген. Ага чейин бул аял өз мекенинде куугунтукка кабылуудан коркуп, өтмүшүн жашырып келген. Себеби, конфуциандык моралды катуу кармаган Кореяда сойкулук өтө уят нерсе катары эсептелет.

Хак Сундун демилгесин Түштүк Кореянын аман калган даты 35 жараны колдоого алып, Япониянын өкмөтүнө чогуу-чара доо коюшат. Алардын көбү согуштан кийин өз мекенине кайтып келе албай, чет өлкөлөрдө жашап жүрүшкөн.

Япония үчүн бул согуштан калган дагы бир кара так. Бирок, күн чыгыш өлкөсүнүн бийлиги өз күнөөсүн моюнга алууга шашылган жери жок. Мурдагы бийликтер аскерлердин аракетинде эч кандай кылмыш жок катары эсептешчү, азыркылар деле ошондой эле пикирде.

1932-жылы генерал-лейтенант Ясудзи Окамуранын колуна япон аскерлери оккупациялап алган Кытайдын аймагында аялдар массалык түрдө зордуктоого дуушар болгону тууралуу 223 доклад келип түшөт. Ушуга байланыштуу генерал-лейтенант жогору жактагыларга аскерлер жыныс ооруларына кабылып, согушка жөндөмдүүлүгүн жоготуп коюшпасын үчүн көңүл ачуучу жайларды ачууну сунуштайт. Көңүл ачуучу биринчи мекеме ошол эле жылы Шанхайда ачылат.

Япониянын аскердик саясый жетекчилеринин планы боюнча, мындай көңүл ачуу жайларында жалаң Япониянын жарандары – буга чейин өз мекенинде сойкулук менен шугулданган «түнкү көпөлөктөр» иштешмек. Алгачкы учурларда чындыгыда эле япон сойкулар иштеп, офицерлерди тейлешкен. Бирок, бара-бара көңүл ачуу жайларына келгендердин, кызыккандардын саны көбөйүп, аларды тейлегенге япон аялдары аздык кылып калат. Ошондуктан, Кореядан, Индонезиядан, Кытайдан, Филиппинден, Бирмадан, Таиланддан, Жаңы Гвинеядан аялдарды алып келе башташат. Кореялык кыздар өзгөчө баалуу товар катары эсептелчү. Анткени, Корея мурда Япониянын колониясы болгондуктан, корей кыздар япон тилин жакшы билишчү. 1942-жылы Кытайдын аймагында эле 280 талаа борделдери ачылган.

Аялдарды сойкуканага ар кандай жолдор менен, көбүнчө «тигүү фабрикасында, ооруканада иштейсиң», же «япон офицерине турмушка чыгасың» деп алдап алып келишчү. Ачкалыктан эптеп өлбөстөн күнүн көрүп жаткан байкуштар эч ойлонбой макул болушчу. Бирок, 12-30 жаштагы али турмушка чыга эле кыздар ишке эмес эле япон сойкуканасына туш болушчу. Кээде 12-13-14 жаштагы кыздарды таламандын тал тушунда жөн гана уурдап кетишчу. Ата-энелери алардын кайда кеткенин билбей, ыйлап-боздоп кала беришчу. Атүгүл бир жолу кокусунан алдыларынан чыгып калган голландиялык кызды да уурдап кетишип, ал шордуу да 1945-жылга чейин Ява аралында сексуалдык кулчулукта болгон.

Кээ бир маалыматтар боюнча, япондорго сексуалдык кулчулукка кабылган аялдардын 20 пайызы гана аман калышкан. Эч кандай шарты жок, көбүнчө аскердик чатырларда жайгашып, тикен зым менен курчалган мындай борделдерде ар бир аял күнүнө отуздан кем эмес эркекти тейлөөгө милдеттүү эле. Демалыш күндөрү алардын саны элүүгө жетип кетчү. Жоокерлерге оору жукпасын үчүн сойкуканадагы аялдарды аскер врачтары текшерүүдөн өткөрүп турушчу. Бирок, аларды врачтар өздөрү да зордуктаган учурлар көп болчу экен. Эгер аялдардын кимдир бирөөсү жугуштуу оору менен ооруп, же боюна бүтүп калса, аларга «препарат 606» (салварсан) деп аталган дарыны беришчу. Курамында мышьяк болгон бул антибиотик бойдон түшүрүп, тукумсуздукка алып келчу. Аялдардын кимдир бирөөсү мындай оор шарттарга чыдабай өз милдетин аткаруудан баш тартса, же качканга аракет кылса, андайларды кундак менен сабап өлтүрүп, же кылыч менен башын кесип салышчу. Кээ бирөөлөрү өздөрү эле дары жеп, же сүлгүгө муунуп өлүп алышчу. Такталбаган маалыматтар боюнча, 13 жылдын ичинде көңүл ачуу жайларында 200 миңден 400 миңге чейин аялдар иштешкен. Бирок, алардын арасынан саналуулары гана аман калган. Айрымдарын ата-энеси күрүч ж.б. баалуу буюмдарын берип бошотуп алышкан. Берерге эчтекеси жоктор «кызымды бошоткулачы, бекер иштеп берейин» деп жалдырап отурушчу.

Бирок, көңүл ачуу жайларынын ачылганы массалык зордуктоолордун толкунун токтото алган эмес. Сойкуканага акча төлөш керек. Япон жокерлери болсо акча төлөбөш үчүн кыздарды көчөдөн эле баса калышчу. Эң көп сандуу зордуктоолор 1937-жылы Нанкин менен Шанхайда болгон.

1991-жылы Ким Хак Сун алардын кылмышын ашкерелеп чыккандан кийин да япон өкмөтү тастыктоочу эч кандай документтер жок экендигин бетке кармап, «аялдар өз ыктыяры менен иштешкен» дешип, көңүл ачуу жайларын ачууга тиешеси бар экендигин моюндарына алышкан эмес. Бирок, ошондон бир жыл өткөн соң япон тарыхчысы Ёс Ими Ёси Акинин документтерге негизделген иликтөөсү жарык көрүп, ал коомчулукта чоң резонансты пайда кылды.

Интернет булактардан

Булак: “Азия ньюс”

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *