Аракетчил кадамдын акыбети кайтат…

Аракет кылып, аны жеке кызыкчылыкка эмес, элдин мүдөөсүнө жумшасаң анын сөзсүз кайрымы кайтат. Дегеним, Өкмөттүн Нарын областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жан үрөп иштеп жаткан кези. Ар дайым эл менен бирге иш алып барып, элдин колдоосуна ээ болуп жатканы байкалат. Ушу тапта Теңир-Тоолуктар асыресе бейгам турмушта жашап, саясаттан алыс, коомдук туруктуулукта күн кечирип келатканы Аманбай мырзанын ал чөлкөмдө дээрлик көтөрүлгөн маселелерди өз учурунда, анан да жеринде чече билгендигинин жемиши эмей эмне? Ырас, айрым жетекчилер эптеп эле мөөнөтү бүткүчө иштеди деген ат менен олтурушат. Ошол эле маалда эл үчүн кызматын аябаган Аманбай мырзадай азаматтар мезгилди бекерге өткөрбөй журт көйгөйүн чечүүгө баш уруп атканы мактоого кантип арзыбасын?!

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *