Арапбаевдин эмнеси короп жатыптыр?..

“Акаев доорундагы “Алга Кыргызстан” партиясынан, анан Бакиев мезгилинде “Акжол”, 2010-жылы “Ата-Журттан” азыр эми КСДП партиясынан парламентке депутат болуп, төрт партиянын “сүтүн эмген” атактуу көпөс Азамат Арапбаев Кумтөрдөгү эки мөңгүнүн талкаланышын мыйзамдаштыруу боюнча акыл айтып жатат” дешип интернет айдыңында кызуу талкуу жүрүп жатат. Арапбаев болсо, “5-6 НПОну угуп отуруп, маселени саясатташтырбай, бул мыйзам долбоорун үчүнчү окуудан кабыл алып берели” – деп мөңгүлөрдүн алдындагы кенди казуу боюнча мыйзам долбоорун өткөрүүгө шашып жатат. Арапбаевдин эмнеси короп жатыптыр, ага баарыбир да. Патриоттук сезим деген жок, кыргыздын келечегин ойлобойт, ойлогусу да келбейт. Мындай депутаттын барынан жогу.

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *