Аркадий Дубнов, эксперт: “Кыргызстанга Россиянын эки спикери келатат, кыязы президенттикке талапкерлерди тизип алып, сынактан өткөрүшөт окшойт”

“Эртең Россия Мамдумасынын спикери Вячеслав Володин Кыргызстанга расмий визит менен келатат, бул албетте адаттан тыш көрүнүш деп айтсак болот”, – деп жазды кечээ, 27-июндун кечинде Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов өзүнүн фейсбуктагы баракчасында:

“Сапардын расмий программасында – өзүнүн коллегасы, кыргыз парламентинин спикери менен жолугушуу гана белгиленген. Бирок Володиндин айткандарына, ишарааттарына, сөздөрүнө байкоо салгыла – балким ошондо Атамбаев өзүнүн мураскери катары тандаган премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын 5-президенти болушун Москва колдойбу же жокпу түшүнүктүү болот.

Бул боюнча али чечим кабыл алына элек.

Бир жумадан кийин Ысык-Көлгө дагы бир спикер, РФ Федерация кеңешинин төрайымы, мадам Матвиенко келет. Кыязы, ал да ондон ашык президенттикке талапкерлерди тизип алып, сындан өткөрөт окшойт.

Президенттик шайлоо 15-октябрда.

Бул өлкөдө эмне болуп кетерин алдын-ала айтуу кыйын да..,” – дейт эксперт Аркадий Дубнов.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *