Аркадий Дубнов, эксперт: “Кыргызстандын президенти пикирлештеринен жана таянычтарынан ажыроодо”

Алмазбек Атамбаевдин кечээки сөзү көптөгөн талашка жем таштады, айрыкча Казакстанда. Кыргызстандыктар үчүн мамлекет башчысынын мындай кеби адаттагыдай кабыл алынса, коңшу өлкөдө уу-дуу менен коштолду.

Орус саясат таануучусу Аркадий Дубнов “Эхо Москвы” сайтын-агы колонкасында А.Атамбаевдин ызы-чуулуу кебинин төркүнүнө токтолду. Анын колонкасы “Кыргызстандын президенти пикирлештеринен жана таянычтарынан ажыроодо, же Атамбаев “кандай болсо ошондой”деген ат менен чыкты.

7-октябрда эрте менен Кыргызстандын вице-премьери, 15-октябрда өтө турган Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы Темир Жумакадыров жол кырсыгынан каза болду. Бул каргашалуу окуядан көп өтпөй А.Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанатында кенен кесири сөз сүйлөдү.

Президенттин айтымында аны уулундай көрчү, алтургай ага квартира сатып алууга жардамдашкан, аны келечекте Кыргызстандын жетекчилеринин бири болот, деп эсептөөчү, мына эми 38 жаштагы вице-премьердин өлүмү Атамбаевге ушунчалык таасир эткендиктен, ал Темир Жумакадыровдун үй бүлөсүнө көңүл айтканды да унутуп калды.

Кыргыз президенти үчүн башка нерсени “баары бир таза шайлоо өткөрөрүн” мекендештерине ишендирүү маанилүү болуп турган. Ошол эле учурда ал “кайсы бир жетекчини бизге жармаштырып жатканы” үчүн “казак бийлигин” каптап өттү. “Кайсы бир жетекчи” ким экендигин залда олтургандарга түшүндүрүүнүн кереги жок болчу, бийликтин талапкери С.Жээнбековдун башкы атаандашы Ө. Бабановду айтып жаткан.

Президент эмоцияга алдырып, “казак бийлиги Бакиевдерди жакшы көрөт”, “Бакиевдер ушул убакка чейин Алматыда сайрандап жүрүшөт”, Казакстандын аткаминерлери Бакиевдер элди атып туура кылган, деп айтып жүрүшөт” деген сөздөрдү айтып жатты.

Атамбевдин айтымында Казакстандын башкы күнөөсү – президент Н.Назарбаев Астанада Бабановду кабыл алганында. “Казакстандын бийлигинде биздин кандаш казактар эмес, Чынгызхандын тукумдары турат” деди ал. Ал коңшуларда эл байлыгын Утемуратов сыяктуу олигархтар жеп жатканын, аларга бабановдор менен сариевчилер тизе бүгүп барып жатканын айтты. Ошондой эле ал казак бийлигине “мындан 100 жыл мурда Үркүндө каза тапкан казактарды эскерүүгө духу жетпестигин” айтып маселе койду.

Кыргызстандын президенти Казахстан тууралуу айтып жатып ачууланып жатты. “Бир жарым ай убакыт калды, эгерде биздин коңшулар, коңшу жетекчилер эстерине келишпесе, анда мен башкача сүйлөшөм”-деди ал.

Ушинтип айтып жатып да Атамбаев утуру “таза”шайлоону “биздин талапкер” үчүн добуш берүүнү эске салып турду. “Биздин талапкер” деп өзүнүн фаворити Жээнбековду айтууда. “Кийин билбей калдык, бизди алдап кетишти” дебегиле” деди ал. Ал эми өзүнүн каршылаштарын “кызытылган темирге отургузам, силердин ордуңар түрмөдө” деп коркутту.

Атамбаев оппоненттерин коркутуп жатып, таза шайлоо өткөрүүгө да убада берди. Өлкөнүн президенти өзүнүн фаворитин “биздин талапкер” деп ал эми оппоненттерин биздики эмес деп бөлүп жатканынын өзү эле акыйкатсыздык экени анын башына да келген жок.

Мынчалык экспрессия эмнеден чыкты? Атамбаев ачуусун араң токтотуп, “мен дипломат эмесмин, ашыкча нерселерди сүйлөп койдум окшойт” деп мойнуна алды.

Мунун себеби жөнөкөй эле. Атамбаев эгерде өзүнүн фаворити шайлоодо жеңилип кала турган болсо таасирин жана эркиндигин жоготуп коюудан кооптонот. Мындай болуп калышы мүмкүндүгүн ал өзү да жокко чыгарбайт. “Мени соттой беришсин, бул менин өлкөм, мен эч жакка качпайм”-дейт ал.

Эгерде анын 1-декабрга чейин оппонеттери менен эсептешээрин айтканын эске алсак Кыргызстанда күздүн алдыдагы жумалары бир топ нервди алчудай.

Казакстандын ТИМи Кыргызстандын президенти А.Атамбаевдин айткандарына байланыштуу нааразычылык билдирди. “Кыргызстандын президентинин жоопкерсиз, провокациялык жана жалган билдирүүлөрү биздин эки өлкөнүн кылымдарды карыткан достугуна көлөкө түшүрө албайт”-деп айтылган билдирүүдө.

Казактар кечиримдүүлүк кылышкан. “Чынгызхандын тукумдары”, “казактын начар духу” деп айткандары үчүн эле Бишкектен өз элчисин “консультация үчүн” чакыртып алышы мүмкүн болчу.

Борбор Азияда коңшу мамлекеттердин мамилеси 2002-жылдан бери мынчалык курчуп кеткен эмес болчу. Ал учурда маркум Түркмөнбашы коңшу Өзбекстанды өмүрүнө кол салынганына катыштыгы бар, деп айыптап чыккан болчу. Бирок ал учурда Түкмөнстан да, Өзбекстан да Россия менен союздаш мамлекеттердин катарында эмес болчу.

Алардан айырмаланып Казахстан менен Кыргызстан ЖККУ менен ЕАЭБнын мүчөлөрү болуп эсептелет. Эгерде Атамбаевдин мураскери Жээнбеков бийликке келе турган болсо аталган өлкөлөрдүн президенттеринин жолугушуусун элестетүү кыйынга турат. Жээнбеков өзүнүн кызуу кандуу патрону үчүн алардан кечирим суроого энрки жетэр бекен?

Путин жакында эле кыргызстандык коллегасы тууралуу “эмне экен, ал кандай болсо, ошондой да…” деп айтпады беле. Анан да “ар кандай психтиптер” тууралуу да кеп кылган болчу.

Булак: “Алиби”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *