Аркайган тоо алыстан ачык көрүнөт!..

Кечээ эле арабыздан түбөлүккө кош айтышып кеткен улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун да 90 жылдыгы да жакындап калды. Айтматовдун карааны улам бизден алыстап кетип бара жатат. Дагы бир аздан кийин эле 100 жылдыгы белгиленет. Анан дагы бир аз убакыттан соң (жарым кылым — ​тарых үчүн — ​бир көз ирмем!) 150 жылдыгы… Ошентип, кийинки муундардын ажырагыс руханий дүйнөсүнө, тирек-демөөрүнө айланып кала берет…

Бери эле болгондо, — ​биздин өзүбүздүн кыргыз улуту үчүн!

Ал эми өзүнүн чыгармаларынын басымдуу бөлүгү которулган 150дөн — ​180ге чейинки (ар кандай эсептөөлөр боюнча) элдердин көбү үчүн тек гана убактылуу адабий факт, жакшы көркөм чыгарма үлгүсү катары гана кабыл алынып, көбү кайра басылбай, ошол бойдон унутулуп, окулбай кала бериши да толук ыктымал. Анткени, бул деле комплекстүү, көп факторлорго байланыштуу болот: котормонун деңгээли жана ошол элдин көркөм адабиятка, асыресе, котормо адабиятка болгон мамилеси кандай, айтматовдук көркөм дүйнө ошол улуттук аң-сезимге шайкеш келип, сиңип кете алабы, же жокпу, ж. б. д. у.с.

Айрыкча, азыркыдай, адабиятка-искусствого болгон мамилелер өзгөрүп (“Дегуманизация искусства” — ​Ортегга-Гассет!), адамзаттык түбөлүктүү руханий баалуулуктар да түп-тамырынан бери трансформацияланып жаткан кырдаалда…

Бул өңүттөн караганда, сыягы, “Айтматов жана орус адабияты (тили)” деген тема мындан дагы 200–300 жыл өтсө деле актуалдуу бойдон кала берчүдөй… Анткени, ал дээрлик бардык чыгармаларын орус тилинде жазганына карабастан, четтен тек гана кокусунан кошулуп калган кыргыз жазуучусу катары карашып, бийик талантын жогору баалашканына карабастан, аны “өгөйлөгөндөй” мамиле алиге чейин сакталып келе жатат.

Ошол эле учурда, калыстык менен айтканда, Айтматов орус улуттук руханий аң-сезиминде Михаил Шолохов, Василий Шукшин, Василий Белов, Валентин Распутин сыяктуу (Пушкин-Достоевский-Лермонтов-Толстой-Чехов сыяктуу фигураларды айтпай эле коелук!), борбордук орунду эч убакта ээлей албасы да бышык. Айрыкча, улутчул-русофилдик-славянофилдик аң-сезимдүү чөйрөдө! Мындай баалуулуктар алкагындагы диаграммада, Айтматов кайсыл бир эң четки-перифериялык, учкай орунду гана ээлей алышы мүмкүн!..

Демек, объективдүү баалаганда, космополиттик идеялар ширелишкенине, улуттук рамкадан эбак чыгып кеткенине карабастан, Чыңгыз Айтматовдун эң мыкты чыгармалары кыргыз улуттук руханий дүйнөсүнүн гана энчиси болуп кала берет.

Тирүү кезинде эле классик катары саналып калган жазуучубуздун руханий дүйнөсү, мезгил өткөн сайын, улуттук руханий баалуулуктар менен биротоло жуурулушуп, кылымдардан кыргыз канына сиңген “Манастай”, фольклордук шедеврлердей жана Токтогул, Барпы, Алыкул сыяктуу улуттук руханий жандүйнөнүн ажырагыс бөлүгүнө айланат!

Арийне, өзүн “айтматовтаануучумун” деп санап жүргөн, адабиятчы сымал А. Садыков деген бирөө “классик” деген терминди “залкар” деп котордум, кыргызча ушул мааниде туура экен деп жазып, китебин “Залкарлар” деп атап, ага ортозаар жазуучулардын адабий портреттеринен бери киргизиптир! (Ал жөнүндө кийинчерээк өзүнчө кеңири сөз кылабыз). Балким, “Залкар” сөзүнүн чыныгы маанисинде (орусча “выдающийся” деген) алганда, мунусу туура эледир… Учурунда көп эле “залкарлар” болгондугу маалым. Айталык, Насирдин Байтемиров, Шүкүрбек Бейшеналиевдер сымал. Коммунисттик идеологиянын критерийлери менен алганда (“Уркуя”, “Кычан” ж. б. алардын эң мыкты делген чыгармалары!), чынында эле алар “залкарлар” болушчу!.. Бирок, чыгармалары өздөрүнөн да мурда өлүшүп, алардын айрымдары союз кулап, утурумдук идеология алмашкан соң, өз чыгармаларынын “жаназасын” өздөрү окушкандай болушту го…

Ал эми классикалык чыгарма деп (бул эл аралык термин болуп калган сөздү кыргызчалаш ошончолук эле зарыл болуп калса, — “нускалуу”, “үлгүлүү” деп алуу бир аз жакындамак!), муундан муунга аздектелип өткөн, эскирбей, күнү бүгүнкүсүндөй жашап кала турган шедеврлер гана аталат! Айтматовдун көпчүлүк чыгармалары ушундай бийик критерийлерге жооп берет. Албетте, алардын ар бири жөнүндө конкреттүү сөз кылуу, иргеп алуу, келечектин иши. Асыресе, азыртан айтыла турган, кийин кеч болуп кала турган маселелер да бар. Ал маселелер кыргыз улуттук адабият таануусунда терең иликтенүүнү күтүүдө. Маселен, кыргыз окурмандары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын ушул кезге чейин жазуучу-котормочу Ашым Жакыпбековдун лексикалык-стилистикалык жактан кыйла күчөтүлгөн жана байытылган котормосунда окуп келишүүдө. Ошондуктан, ал “котормо-чыгармалардын” айрымдарын олуп-чолуп, үстүртөн гана окуп алышып, айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу “полемикага” түшөм деген, чамасы чакталуу, “байкуш адабиятчыларга” көңүл да бургуң келбейт!

Айтматов чыгармаларын тереңден иликтейм деген адабиятчы айтматовдук үлгүнү гана тереңден, бир нече ирет ар түрдүү өңүттөн окуу менен чектелбей, ага темалаш, тектеш чыгармаларды да окуп, аларга салыштырып карап чыгып, ал чыгармалар тууралуу олуттуу адабиятчылардын пикирлерин да кошо окуп чыгып, ошолордун синтезделген кошундусунан кийин гана өз жеке жыйынтыгын чыгарууга акылуу.

Мисалга, айтматовдук эң алгачкы кичинекей шедевр “Бетме-бет” жөнүндө Борис Лавреневдин “Сорок первый” (анын үстүнө, жазуучу өзү ошол чыгарма боюнча тартылган киного таасирленип жазганмын деп моюнга алып жатса!) жана Валентин Распутиндин “Живи и помни” повестин орусча окуп чыкпай туруп (анткени, бул чыгарманын кыргызча котормосу өтө төмөнкү деңгээлде жасалган), кандайдыр бир олуттуу бүтүмгө келүү мүмкүнбү?! Баса, “Бетме-бет” Распутиндин таасиринен улам, Айтматовдук чыгармачылыкта автор мурдагы чыгармасына (отуз жылдан кийин кайра жазылган экинчи варианты) кайра кайрылып, оңдоп-кошумчалап жазган бирден-бир жалгыз чыгарма!

Дал ошол сыяктуу эле, айтматовдук “Кыямат” романын тереңден түшүнүп, калыс баалай алыш үчүн, бери эле болгондо (анткени, бул тема дүйнөлүк адабиятта эбак эле “ходячая, вечная темага” айланган), Михаил Булгаковдун “Мастер и Маргаритасы” менен Томас Манндын “Иосиф и его братьясын” окуп чыгуусу зарыл!..

Арийне, Айтматовдук көркөм ааламга кыргыз улуттук руханий дүйнөсүнөн сырткары башка жакын дагы бир адабият бар. Ал — ​казак адабияты. Боордош жана тили-дили жакын эл экендигинен деле эмес. Жаш кыргыз жазуучусуна казак руханий алпы Мухтар Ауэзов батасын берип, чыграмачылыгы гүлдөп-өскөндөн бери, Чыңгыз Айтматов чыгармачылыгында (“Жамийладан” тартып, “Кылым карытар бир күн”, Кыяматка” чейин) казактарга байланышкан теманы да такай жазып келген. Балким, дал ошондуктан улам, улуу Ауэзовдон (ал өз кезегинде — ​Абайды уланткан сымал эле!) калган руханий мураскер катары баалашып жүргөн чыгар. А мүмкүн, Аэзовдон кийин союздук деңгээлде андай бийиктикке жеткен казак жазуучусу 80-жылдарга чейин дээрлик болбой келгендиктенби, айтор, казак окурмандары гана эмес, адабий коомчулугу да Чыңгыз Айтматовго өзүнүкүндөй (родной) сыяктуу мамиле кылып келген.

Кээде, мындай мамиле “талаш-полемика” обывательдик деңгээлге өтүп кеткенде гана, “Айтматов кыргыз жазуучусу деле эмес. Ал — ​орус жазуучусу!” деп калыша турган. Айрыкча, 1986-жылы осетин жазуучусу Нафи Джусойты “Вопросы литературы” журналында жарыяланган жазуучулук тил жөнүндөгү полемикалуу макаласында, “Айтматов — ​русский писатель” деп жазып койгондон кийин… Андай болсо, Олжас Сулейменовду кайда алып барабыз? Же казак акыны эмес, же орус акыны эмес бойдон кала береби?!

Кыскасы, бул сыяктуу “окололитературная полемикадан”, чыгармалардын өзү, маңызы тууралуу сөзгө өтүү зарыл. Казак адабий коомчулугунда ХХ кылымда олуттуу роль ойношуп, казак адабиятын дүйнөлүк деңгээлге (орус тилиндеги котормолору аркылуу) жеткирүүгө опол тоодой салым кошушкан эки жазуучу-котормочулар бар. Алар — ​Герольд Бельгер жана Морис Симашко. Аларсыз казак прозасынын көп шедеврлери (Ильяс Есенберлиндин “Кочевники”, “Золотая орда” романдарын атоо эле жетишерлик) мынчалык популярдуулукка жетмек да эмес.

Герольд Бельгер — ​орусташып-казакташып кеткен (ал казак тилинде да жазган!) немец жазуучусу болсо, Морис Симашко — ​орусташкан еврейлерден…

Төмөндө Герольд Бельгердин АйтPARK» коомдук-саясий дискуссиялык клубунда өмүрүнүн соңуна жакын калганда откөн жолугушуусундагы маегинен Чыңгыз Айтматовго байланышкан айрым үзүндүлөрүн жарыяламакчыбыз. Албетте, бул материал “Айтматов жана казак улуту, казак адабияты” деген теманы толук камтууга умтула албайт жана андай болушу да мүмкүн эмес. Тек гана, ошол көп кырдуу мозаикалуу-спектрдин урунттуу учурун жана эпизодун чагылта алат го деп ойлойбуз.

Орусчадан которгон: Азамат САЛИЕВ

Булак: Жаңы Ордо 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *