Арстанбек Сулайманбеков: салган акчабызды кайтарабыз деген жолго чыгып, чокусу көрүнө баштады

Арстанбек мырза «Нарсу» айыл чарба кооперативдин 2007-жылдан бери негиздөөчүсү жана башчысы. Эч нерсе өспөгөн 85 гектар жерди алып, азыркы учурда мөмө-жемиш бактарын тигип гүлдөтүп коюптур. Биз муну айыл чарба министрлиги уюштурган Балыкчы шаарында жана Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң айылындагы окуу-семинарында билдик.

-Арстан мырза, биз турган алма бак-шактарын кенен өлчөмдө өстүрүүдө эмне түрткү берди?

– Башында досум экөөбүз бизнес чөйрөсүндө кандай иш алпарсак деген суроону коюп баш катырдык. Багбанчылык жаагында ылайыктуу жер керек экенин жана аны өздөштүрүү үчүн эбегейсиз каражат салынарын, ал 3-4 жыл катары менен пайда апкелбесин түшүндүк. Эң негизгиси, мөмө бактарын өстүрүп, аны бизнеске айлантуунун тегерегине барып такалдык да, мындан 9 жыл мурун ушу биз турган жерди сатып алдык.

– Канча гектар, анын канчасы алма жана дагы кандай мөмө бактары бар?

– Жалпы жонунан 85 гектар жерди ээлейт. Анын 45 гектары абрикос, калганы алма, кара өрүк, ж.б. бар. Абрикостун 9 сорту, алманын 5 сорту жана кара өрүк бар.

– Башында бир топ эле кыйынчылыктар болгондур?

– Анын кайсы бирин айтайын. Негизинен кумгак жер болгондуктан мөмө бактарынан кайсынысы ыңгайлуу болорун аныктадык. Көбүнчөсү данектүү мөмөлөргө ыктап, абрикос, кара өрүккө басым жасалды. Андан кийин алардын көчөтүн кай жерден аларыбызды, кайсынысы биздин жерге ылайыктуу деп баш катырып, жергиликтүү сорттордон тышкары чет мамлекеттен көчөттөрдү ташыдык. Көчөт отура турган жерлерди даярдап, таштарын терип, жерин түздөдүк. Кээ бир жерлерге топурактар ташылды.

– Бу жерге тоонунсуусукелбейт экен, суу маселеси кантти?

– Кептин баары ушунда болуп атпайбы. Баардык өсүмдүктөр суусу жок бир күндүн ичинде куурап калат. Жердин алдынан 60 метр тереңдиктен соргучтун жардамы менен чыгарып алдык. 85 гектар жерди тамчылатып сугарыш үчүн 48 миң метр узундукта түтүк кетти.

– Көчөттү отургузгандан кийин канчанчы жылы түшүм берип баштады?

– Толук кандуу түшүмүн азыр деле бере элек. Бирок, биз отургузган мөмө бактары төртүнчү жыл дегенде түшүм бере баштады. Жылдан жылга 10-20 тоннага көбөйүп келатат. Мурдагы жылы 80 тонна берсе, быйыл 100 тоннага чейин алабыз деген ниет бар.

– Чарбаңызда канча жумушчу бар?

– Бизде февраль айынан жумуш башталат да, кеч күздө бүтөт. Чарбабызда жыйырмадай киши ишти баштайт. Алар бутайт, дарылайт, сугарат, жер кыртышын карап турушат. Мөмөлөрү бышып терүүдө эки жүздөн ашык киши араң үлгүрөт.

– 85 гектардан ашык жерди бизнеске айлантууда канча акча салдыңыз?

– Көп, көп… Болжол менен 50-55 миллион сом салдык окшойт. Азыр деле салып атабыз. Канчалык салган сайын ошончолук жумушу көбөйүп атат. Деле токточудай эмес.

– Салган акчаңыздын жарымы акталдыбы?

– Жарымынын жарымы да актала элек. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, болгону жыл сайын алдыга жылыштар бар. Оозубуздун куу чөп менен аарчыгандан алыспыз. Ошол эле учурда чарбага жумушчулардын саны да көбөйгөндөн көбөйүп келатканы бизди сүйүндүрөт. Салган акчабызды кайтарабыз деген жолго чыгып, чокусу көрүнө баштады.

– Багбанчылыгыңызга кеңеш берген адамыңыз барбы же өзүңүз эле «тыта» бересизби?

– Азыр интернет деген неме бар. Билбеген нерселеримди ошол жактан таап алам. Кантип буташ керек, сугаруу, азыктандыруу, кыйыштыруу ж.б. маселелерди таап алып, тажрыйба жүзүндө колдоном. Андан тышкары 70ке таяп калган агроном адамым бар. Ал киши менин башкы кеңешчим. СССР тушунда бак өстүрүп жүргөн абдан тажрыйбалуу адис.

– Уулдарыңыз колкабыш кылышабы?

– Алардын өз алдынча жумуштары бар. Анүстүнө балдарым «бизден жардам сурабай, кошумча жардамчы албай, өзүңүз иштеңиз. Жалкоо болуп, бат эле карып кетесиз» деп атышат. Анткен менен 60 жаштан аштык, агроном, жанталашып иштей турган жаш адис керек экен. Бычакка сап боло турганын таппай атам…

– Кептин соңунда бүгүнкү өтүп аткан семинар боюнча оюнузду айта кетсеңиз?

– Айыл чарба министрлиги өткөзүп аткан окуу-семинары мага окшогон багбандар үчүн, өзгөчө мөмө бактарын өстүрүп, жаңы багытка бет алып, экспортко багытгалган экологиялык таза мөмө-жемиш бактарды өстүрүүнүн алдыңкы технологияларын жайылтуу менен анын өндүрүү көлөмүн көбөйтүү боюнча алектенип аткандар үчүн абдан керектүү окутуу. Мен жаңыдан баштаганда мындай нерселер жок болгон үчүн абдан кыйналгам. КР айыл чарба министрлигинин алгы иштерин кубаттайм. Ушундай окуулар көп болуп турса деп тилейт элем.

Булак: ”Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *