Артур Медетбеков, Кыргызстан элдик-демократиялык партиясынын лидери, генерал-майор: «Террордук уюмдар бизди ичибизден бөлүп жарууга аракет кылып жатышат»

— Артур агай, сиз коопсуздук маселесине көп көңүл буруп, терроризм, экстремизмдин коркунучтары тууралуу коңгуроо кагып келесиз. Азыр да ушул маселе кооптуу болуп турат. Терроризмдин белгилери бизде да каттала баштады. Коргонууга кудуретибиз жетчүдөйбү?

— Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө терроризм, экстремизм абдан күчөп турган убагы. Мына ушул терроризм менен күрөш жүргүзгөн чоң мамлекеттер АКШ, Россия, Израил, Улуу Британия дагы экстремизмдин запкысын көрүп келе жатышат. Алардын шаарларына көптөгөн кол салууулар болуп, массалык түрдө адам өмүрлөрү кыйылган учурлар көп катталды. Терроризм абдан күчөп кетти, буга бир мамлекеттин күчү жетпейт. Ошондуктан бир нече мамлекеттер биргелешип, ар кандай чараларды көрүп жатышат. Терроризмде эч кандай улут жок болуп калды, алар каалаган өлкөсүнө кирип, каалагандай акцияларды уюштурууга шарттарды түзүп коюшту. Жакынкы Чыгышта өткөн кылымдын 70-жылдары мындай окуялар көп катталганда, бизде мындай окуялар болбойт деп элестетчүбүз. Кийин 90-жылдарда биринчи террористтик кыймылдын запкысын Кыргызстан да тартып калды. Алар кадимкидей биздин аймака кирип, биздин он чактыдай айылдарды басып алышып үч ай Баткен согушу болду. Мына ошондон бери бизде да терроризм меселеси пайда болду. Биздин укук коргоо органдарыбыздын материалдык- техникалык базасынын начарлыгы, профессионалдуулук жагынан кадрлардын жетишпегендиги көрүнүүдө. Өлкөдөгү жакынкы болуп кеткен террористтик окуялар дагы деле болсо кооптондуруп, маселе күч алып турат. Өзүңүздөр билесиздер, биздин 600дөн ашуун жарандар Ислам мамлекети деп аталган топко кошулуп алып согушуп жүрүшөт. Биздин укук коргоо органдарына Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен адамдардын кайра кирип жаткандыгын жана алардын байланыштарын аныктоо абдан оор болууда. Акыркы убактарда «Ватсап», «Вайбер» өңдөнгөн социалдык тармактар аркылуу террористтик уюмдар адамдарды идеологиялык, материалдык жактар менен алдап кетип жатышат. Демек, алардын арасында билимдүү, биздин менталитетти билген, адамдын психологиясын мыкты өздөштүргөн адамдар иштеп жатат десек болот.

— Алар өздөрүнүн идеологиясын бизде жетиштүү диний сабат болбогондон улам жайылтып жатышат да?

— Терроризмге каршы укук коргоо органдары колунан келишинче күрөшүп келишүүдө. Муфтият, дин комиссиясы ” Араба сынбасын, Эшек өлбөсүн” деп эле жакшы жардам бере албай жатышат. Себеби бизден 15 жаштан 30 жашка чейинки жаштарыбыз диний илим алабыз деп Пакистанга, Түркияга, Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттерге кетип атышат. Ошолордун саны жана кандай багыт менен окуп келип жатышкандыгы дагы деле белгисиз. Андан сырткары акыркы учурда динге берилген жаштардын саны абдан көбөйдү. Туура биз мусулманбыз, Ислам динин тутунабыз, Кудай дейбиз. Бирок, Ислам динин жамынып алып жогорудагы айтылган жаштарыбызды экстремисттик топтор башка тарапка буруп кеткенге оңой болуп жатат. Мындай учурда биздин мамлекеттик органдар артта калып, жетишпей калган учурлар болууда. Жалпы эле экстремизм, терроризмдин алдын алуу үчүн диний сабатсыздыкты жоюу зарыл. Балдарды жаштайынан тарбиялап, мектептерге дин таануу сабактарын киргизиш керек. Айрым депутаттар, президенттин жанында жүргөн кээ бир адамдар өздөрүн көрсөткүсү келеби, айрым учурда туура эмес сөздөрдү сүйлөп алып жатышат. Мына жакында эле Чубак ажыны экстремист катары айтып жиберишкен учур болуп кетти. Мен буга кошулбайт элем, экстремист деп аташ үчүн атайын кыянаттык радикалдуу иш болушу керек, атайын эксперттик топтун чечими болушу абзел. Кээде ушундай учурдан пайдаланып экстремисттер кагылышууларды уюштуруп жибериши мүмкүн. Мисалы, жакында Кыргызстандын үч жараны интернет аркылуу видео кайрылуу жасашты. Алар айтып жатпайбы, биз Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларды билебиз деп. Мамлекеттин түзүлүшүнө, туруктуулугуна каршы ар кандай сөздөрдү сүйлөп жатат. Сүйлөгөн сөздөрүндө коркутуу иштери да болуп жатпайбы.

— Алар кайрылуусун президент Атамбаевдин дарегине жолдошуптур да. Ошондо өлкөнүн коопсуздугуна түздөн-түз тиешеси болду, биз күнөөлүү эмеспиз, мунун баарына Өкмөт күнөөлүү дешти…

— Алар жеке эле Атамбаевдин дареги эмес, бүтүндөй Кыргызстанга кайрылуу жасап жатышат. Булар өздөрүн актап, адилет иштерди жасап жатабыз деген менен мусулмандарды өлтүрүп жатышат. Мындай тасмаларды дагы да жиберебиз дешти. Демек, ал жакта абдан күчтүү идеологиялык жактан даярдалган адамдар иштеп жаткандыгынан кабар берет. Ошон үчүн мындай идеологиялык диверсиядан мамлекет катары сактанышыбыз керек. Ал үчүн биздин укук коргоо органдар, чиновниктер идеологиялык жактан кайра катуу сокку урушу зарыл. Булардын мыкаачылык, адам чыдай алгыс жасаган жагымсыз иштерин көрсөтүп, ММКдан тынбай чагылдырып турсак бүдөмүк ойдо жүргөн жарандарыбыз токтоп ойлоно башташат.

— Мына азыр Ислам мамлекети деген экстремисттик тобу абдан күчөдү, алардын каржылык булактары да көбөйдү. Ушундай чоң каржылык менен чыгып, идеологиялык чабуул жасап жаткан соң, идеологиялык контрчабуул жасоо жетишсиз болуп калат го? Чечкиндүү кадамдар жасалышы керек да?

— Кыргызстан акыркы мезгилдерде экстремисттик топтордун материалдык соккусуна урунуп жатат. Мындан бир жыл мурун «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун жетекчиси Халиф Ибрагим 60 млн долларды Борбордук Азияга террордук акцияларды уюштурууга, массалык тополоңдорду жасаш үчүн бөлүп берген. Борбордук Азияга Кыргызстан да кирет. Ошондой тополоңдорду уюштуруш үчүн биздин өлкөгө келген террористтик уюмдун мүчөлөрү кармалып жатышат. Былтыр үч террорист өлтүрүлдү жана алардын шериктери кармалды. Жакында эле Кытай элчилигинде жардыруу болду. Булардын баары материалдык жактан алардын деңгээли чоң экендигин билдирет. Ачыгын айтыш керек бүгүнкү күндө ошол «Ислам мамлекети» же «ДАИШ», «Жапхат ан нусра», «Аль-Каида», «Түркестан ислам кыймылы» деген чоң террордук уюмдар менен күрөшүүдө Кыргызстан жалгыз эмес. Кыргызстан ОДКБнын, ШОСтун мүчөсү. Бизде Кант шаарында учкучтар базасы жайгашкан. ОДКБнын ондон ашык батальону бар, ага Тажикстан, Беларусия, Россия, Армения, Казахстан сыяктуу мамлекеттер кирет. Алар жыл сайын атайын аскерий окууларды өткөрүп турат. Ал эми 90-жылдары Тажикстан менен биздин чек арабыз жок болсо азыр чек арабыз бар, жаманбы-жакшыбы биздин аскерлер кайтарып турушат.Бирок террордук уюмдар Кыргызстандын аймагына кирип алып, бизди ичибизден жарууга аракет кылып жатышат. Мына ушундан улам бизден 600дөн ашуун жарандар Сирияда согушуп жүрүшөт. Ошон үчүн чакан экстремисттик уюмдар пайда болуп, өздөрүнүн идеологиясын тымызын жүргүзүүдө.

— Террорго шектелип кармалгандар абакта башка адамдар менен чогуу олтурат. Ал жакта дагы алар өздөрүнүн идеологиясын жайылтышууда. Аларды камаган күндө дагы темир тордун артында, кылмышкерлерге жанкечтилик идеологияны жүргүзүп жатпайбы?

— Кыргызстанда азыр экстремисттик, террористтик жол менен ар кандай кылмыш ишин жасагандар, алардын ичинде башка мамлекеттин жарандары, биздин жарандарыбыз кармалып, көбү абакта отурат. Бирок, кармалган адамдар башка кылмыштар менен кармалган адамдар менен кошо отурушат. Ал жерде отурган адамдардын 30–40% пайызы толук ошол экстремисттердин идеологиясына кирип кеткен учурлар кездешет. Ошон үчүн террористтик-экстремисттик жол менен кармалган адамдарды өзүнчө кармоого мамлекет шарт түзүшү керек. Жогорку Кеңеште дагы террористтик жол менен башка мамлекеттерге барып келген адамдардын жарандыгын толугу менен алып салуу маселеси да каралып жатат. Менимче ушул маселе туура эле каралууда. Себеби, Сирияга кеткендер – аларды кандай жазалар күтүп турганынан коркуш керек да.

— Кытай элчилигинин алдындагы жардыруу өзүн-өзү өлүмгө алып барган жанкечтиликтин биринчи катталышы болду окшойт. Ушуну деле жанкечтилер биздин өлкөгө да келип жетти деп кабыл алсак болобу?

— Мен буларды мындай деп айтат элем. Булар өздөрүн жардырып, шахид болдук деп атышпайбы. Аларды жанкечти кылмышкер деп айтыш керек. Акыркы мезгилдерде жанкечтилерди коомчулук «исламчыл террористтер» деп, мусулмандардын аброюна шек келтирип коюшту. Бул террордук топтордун Исламга такыр тиешеси жок. Булар Ислам динин жамынып алып ошондой жаман иштерди жасап жатышат. Мына ушул маселе боюнча кээде журналисттер, саясатчылар терминдерди туура эмес пайдаланышууда. Кытай элчилигинин жанындагы жанкечтилер боюнча: Бул жанкечтини психологиялык жактан эчак эле даярдап коюшкан, ал Кыргызстанда буйрукту күтүп жүргөн, ушуга окшогон жанкечтилер барбы-жокпу белгисиз. Азыркы мезгилде Сирияда, Афганистанда мындай жанкечтилерди даярдаган топтор түзүлгөн. Алар жанкечтиге акча төлөшүп, же үй-бүлөсүнө акча которуп, өздөрүн келишимге кол койдуруп коюшкан. Ушундай жанкечтилердин экспорттолушу бүгүнкү күндө күчөп жатат. Ошонун бири Кытай элчилигинин алдындагы өзүн жардырган жанкечти деп айтсак болот. Бирок бул маалыматтардан биз коркуп дүрбөлөңгө түшпөшүбүз керек. Маалыматты туура түшүнүп укук коргоо органдарына жардам беришибиз зарыл.

— Жандан түңүлгөн адамдар мамлекеттик стратегиялык объектилерди деле жардырганга бара алышат турбайбы?

— Ооба, биздин Сирияда жүргөн жарандарды башка бир максаттарга буруп, алардын макулдугун алып туруп, стратегиялык обьектилерди жардырасыңар десе, алар албетте жасайт. Бирок биздин атайын органдар булардын алдын алып билип туруш керек. Учурда мындай топтордун ишин алдын алуу, чалгындоо иштерин жүргүзүүдө биздин атайын органдарда абал бир аз кыйын болуп турат. “Күтүлбөгөн нерсени дайыма күтүп жүрүш керек” деген сөз бар. Азыр террордук агымдар күчөп жаткан соң, биз ар дайым ар түрдүү кырдаалга даяр турушубуз керек.

— Мына жакында эле АКШ менен Англиянын элчиликтерди өздөрүнүн жарандарына “террордук жардыруулар болушу мүмкүн, сак болгула” деп эскертти. Алардын билдирүүсүндө жан барбы?

— Булардын билдирүүсү биздин мамлекеттин коопсуздугуна да тиешелүү. Ошон үчүн биздин укук коргоо органдары билдирүүнү четке какпай, дыкат иликтеп, аныктап ошол боюнча текшерүү иштерди жүргүзүш керек. Негизи эле бул элчиликтер айтпаса деле бизде террордук коркунучтар бар болчу. Алар дагы бул билдирүүнү жөн эле базардан барып угуп келип эле айткан жок. Алардын атайын чалгындоо иштери, террор менен күрөшүүдө абдан чоң тажрыйбалары бар. Иракта, Жакынкы Чыгышта согушуп жүрүшөт. Анан булардын атайын материалдык- техникалык базалары жана аналитиктери абдан күчтүү. Ошолордун негизинде гана билдирүү жасады десек болот. Булардын мындай эскертүүлөрү башка мамлекеттерге да болуп келген. Бул билдирүүнү туура позицияда кабыл алыш керекпиз.

— Улуттар аралык коопсуздук деген бар. 2010-жылы Батыров баштаган сепаратисттердин чакырыгына учурунда чара көрүлбөй, улут аралык кагылышуу болду. Батыров болсо ЕККУнун жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы болуп жаткан окуялар боюнча сын пикирлерин айтып отурат. Биздин атайын органдар аны биздин өлкөгө «уурдап» алып келсе болбойбу?

— Жеке эле К. Батыров эмес, коррупциялык жол менен А. Акаевдин, Б. Бакиевдин убагында качып кеткендерди кармап келебиз, шарттарды түзөбүз десе, биздин органдар баардык жерден кармап алып келсе болот. Бирок баары юридикалык норманын негизинде болушу зарыл. Себеби, алардын баары саясий качкын деген статус алып алышкан. Кээ бирлери башка мамлекеттин жараны болуп калышты. Убагында жогорку мамлекет жетекчилеринин буйругунун негизинде кээ бирлерин Кыргызстандан чыгып кеткенге жол ачып беришти, кээ бирлерине басым кылып кууп чыгышты, аягында укук коргоо органдарына күнөөнү жүктөп бийликтеги саясатчылар суудан кургак чыгып, бийликте тайраңдап жүрүшөт. Эми мындан кийин, качкындардын баардыгын мыйзамсыз жол менен кармап келебиз деген чечимди жогорку деңгээлдеги бийлик уруксат берсе, шартын түзсө, аларды тийиштүү органдын кызматкерлери кармап уурдап келиши оңой, дүйнөдө мындан жаман мисалдар болгон.

Маектешкен Үсөн Абдирашит уулу

Булак: Жаңы Ордо

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *