“Арызчылар” атка конгон Турусбек Маразыков тууралуу дагы бир шиңгил

«Турусбек Маразыковдун бир короо аспирантын аялы көзөмөлдөйбү?» деген материалга Т.Маразыковдун изденүүчүлөрү тырчып, сайттарга жооп жазышты. Ал жооптору анекдоттогудай эле болуптур. Бир аспиранткага курбусу «күйөөң секретары менен чет өлкөгө кетип жаткан турбайбы, көзүңдү ачсаң боло!» десе, аспирантка «ой, антпей эле, күйөөм Голландияга, секретары Нидерландыга барат экен» дептир. Ансыңарындай, Маразыковдун аялы кандидаттыгын физикадан коргосо бул маселе козголбойт эле да. Тил илиминин методикасы деле тил боюнча жазылат эмеспи?

Аспиранттары Т.Маразыковду «сүттөн ак» деп мактап-жактап жатышат. Биз деле анын гүлдүү галстугун жакшы көрөбүз. Бирок, анын жасаган иштери башкача болуп жатпайбы. Бир кезде «илимпоз болот элем» деп суранып жатып академиянын тил жана адабият институтуна үйрөнчүк изилдөөчү болуп ишке кирип, бир жарым жылга жетпей илимди да, академияны да таштап баса берген. Кийин ректордун кудагыйы ортого түшүп жатып, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы факультетине декан кылса, иштей албай, алты айга жетпей кызматын таштай качкан жоругун эмне менен түшүндүрөт? Башка бирөө болсо намыстанып, «уят болот» деп мындай жоопкерчиликсиз кадамга бармак эмес. Буга баары бир экен… «Мурда жаштык кылды эле, эми акыл азуусу чыгып калгандыр» деп эмгек жамааты декан шайлап койсо, Кытайдан келген конокторду тосконду уюштура албай, студенттерден акча жыйнаганы, окуу планындагы орой каталыктары үчүн эскертүү алып, өз арызы менен иштен бошогону жалганбы? Андан кийин Т.Маразыков «ректор кыргыз филологиясы факультетин жапканы жатат» деп жалган маалымат таратып, арыз уюштурганынын бети ачылган.

Аспиранттар «Адамкулова  Маразыковду куугунтуктаган» деп жазышыптыр. Ал өз арызы менен иштен кетип жатса, жалган маалымат таратып, арыз уюштурган арызчыл кишини ким куугунтуктайт? Иштен бошогондон кийин ал өзүн колдогон окутуучуларга, китепканачыларга, лаборанттарга кол койдуруп, дагы кутум уюштуруп, ректорго барат, «мени декандык кызматка кайра койбосоңуз колдоочуларым митинг өткөргөнү жатат» деп опузалайт. Ректор «сиз өз арызыңыз менен иштен кеттиңиз, жаңы дайындалган декан иштеп жатат. Шайлоого катышыңыз, ага чейин кафедра башчысы болуп иштеп бериңиз» деген сунушун айтат. «Мени декан кыласың» деп Т.Маразыков көшөрүп, айтканынан кайтпайт. «Анда жалпы эмгек жамааты менен жолугушуп, бул маселени талкуулайлы, сиз дагы катышыңыз» деп ректор Чынара Адамкулова кыргыз филологиясы факультетинин эмгек жамааты менен жолугушат. Балээнин баарын уюштуруп алып, жыйынга качып келбей коёт. Эмгек жамааты Т.Маразыковду колдобой турганын билдирет. Ошентип, «декан болом» деген эргулдун «шантаж операциясы» ишке ашпай, өзү «мыш» болгон. Ушул окуядан ага карьера гана керек болгону айкын көрүнүп турат. Бирок, «карьера жасайын» десе башкаруучулук жөндөмү жок, коллектив менен да, университеттин жетекчилиги менен да тил табышып иштей албаса, болгон өнөрү арызданганга чыкса, ал кантип иштейт да, кантип өсөт? Ооба, колдоочулардын аркасы менен илимдин кандидаты, доктору даражаларын алса болот. Бирок, өзүндө талант жок болгондон кийин чыныгы илимпоз боло албайт да. Бул эргул илимдин өтөөсүнө чыга албай же карьерадан майнап чыгара албай, азыр арабөк болуп ара жолдо турган чагы. Эми ушундай жоруктары менен дагы эмненин үстүнөн чыгат болду экен?

Мукан Сатыев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *