Арзыбек Кожошев, мурунку экономика министри: “Санариптик каражаттарга көп  ишенүүнүн негизи жок”

Арзыбек мырзага бүгүнкү күндө эң популядуу болуп аткан санариптик каражаттар тууралуу, анын ичинде криптовалюта боюнча суроо узаттым. Жообу мен күткөндөй болгон жок. Албетте, адискөй адамдын жообу гезиттин окурмандарын да кызыктырса керек.

— Арзыбек мырза, сиз адис адам катары айтсаңыз, “криптовалюта” деген эмне?

— Криптовалюта деген бул – электрондук каражаттар. Жөнөкөйлөтүп айтканда, бул компьютердеги санариптик акча. Криптовалютанын өзү татаал коддордон турган санариптик маалыматтар. Аны интернет тармагынан табуу үчүн атайын алгоритмдерди эсептеп чыгып, тыйынды табууга болот. Тыйын табылып сизге таандык болгон учурда ал блокчейн деген криптовалюта сакталуучу жеке капчыкка түшөт. Муну менен атайын программа менен жабдылган жана кубаттуу компьютери бар ар бир каалоочу колдонуп, криптовалютаны издей алат. Криптовалюта боюнча иш алып барган компаниялар аларды интернет тармагына коё берип турат.

— Биткоин дегеничи? Муну да биздин окурмандарга түшүндүрө кетсеңиз?

— Учурда криптовалюталардын эң баалуусу – биткоин. Биткоиндин ишин 2012-жылдан тарта «Bitcoin Foundation» америкалык компаниясы жүргүзүп келет. Компаниянын негизги куратору Гэвин Андерсендин айтымында, биткоиндин башкы максаты – интернет тармагында коопсуз, туруктуу каражатты түзүү. Учурда 15 миллионго жакын биткоин интернет тармагына коё берилген жана алардын ээлери бар.

— Кыргызстанда пайдаланып атышабы?

— Криптовалюталарды каражат катары колдонуу жана аларды топтоо аракеттери дүйнө жүзүндө убакыт өткөн сайын көбөйүүдө. Кыргызстанда да менин байкашым боюнча өзгөчө жаш муундарда санариптик каражаттарга кызыгуу тенденциясы бар. Бул бара-бара популярдуу бир көрүнүш болуп калат деген ойдомун.

— Келечеги кандай, ишенсек болобу?

— Мен бир нерсени айтып кете элем. Ар бир дүйнөдөгү финансылык каражат бир баалуулуктун негизинде түзүлүшү керек. Кандайдыр бир баалуу кагаздар, акция, облигациялар ошол кагаздарды чыгарган ири компаниялардын же болбосо борбор банктын милдеттенмелери менен бекитилген жана укуктук база менен негизделген. Мисалы, биз колдонгон финансылык валюта – кыргыз сому да баалуу кагаз катары Улуттук банктын милдеттенмеси менен бекитилген. А бирок, криптовалюталар болсо өз алдынча түзүлүп, эч кандай баалуу же болбосо укуктук негизи болбогон каражат. Дүйнөнүн бир да мамлекетинин юрисдикциясында бул каражат жок. Ошондуктан жеке менин оюмча мындай санариптик каражаттарга көп ишенүнүн негизи жок. Биткоиндерди сатып алганга кызыкдар болгон жана пландаштырган адамдарга экономист катары айтып кетер элем, бул криптовалюта менен иш кылганда этияттык менен карагыла. Менин оюмча бул кандайдыр бир финансылык спекуляцияга окшогон көрүнүш.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *