Асамидин Ташов, коомдук ишмер: “Полот хандын сөөгү бир күн кечке дарда асылып турган”

— Асамидин мырза, сиз башы көрүнгөн адамдардын катарын толуктап, кыргызга кызматыңызды кылып келе жатасыз. Сизди атагы алыска кеткен Полот хандын тукумдарынан экен деген сөздүн чындыгы барбы? Ушул туурасында айтып берсеңиз…

— Менин жубайым Полот хандын чебереси болот. Канча кылым өтсө да Полот хандын кайсы жерге көмүлгөнүн эч ким билген эмес. Мен Кадамжай районунда аким болуп турган мезгилде ошол туурасында маалымат келип түштү. Ал катты бир топ айылдын кадыр -барктуу адамдары, айыл өкмөт алып келишип, Полот хандын сөөгүн Кыргызстанга алып келсек деген сунуш киргизишти. Тарыхта айтылгандай Полот ханды Маргалаңда дарга асышат. Аны дароо алып салбай, элдин үшүн алыш үчүн дарга аскан боюнча орустун куралчан аскерлери кайтарып турган болот. Ошол мезгилдеги Полот хандын жакындары Кокон хандыгындагы акыркы хан деп сөөгүн  уурдап ала качышат. Артынан кууган аскерлерден улам хандын сөөгүн жийденин түбүнө тыга коюп, ошол жердеги бирөөгө көрсөтүп коюп, өздөрү ал жерден качышат. Ошентип ошол айылдын тургундары аны жууп-тарап жерге беришкен. Мен Полот хандын сөөгүн алып келели деген маселени колдогон жокмун. Биринчиден, шариятта да сөөктү козгогонго болбойт. Экинчиден, Маргалаң дагы кыргыздын жери болгон. Ал жерде бүгүнкү күндө дагы бир канча миңдеген кыргыздар жашайт. Сөөк кайсыл жерге коюлбасын мусулманча салт-санаасын кыла берсе болот.

— Исхак Раззаковдун сөөгүн деле Москвадан Кыргызстанга алып келбеди беле. Аны деле ордунан козгобой койсо болот эле да?

— Менин атам кадыр-барктуу чоң молдолордун бири болгон. Ал кишиден сөөк алыс-жакынына карабай кайсыл жерге коюлса боло берерин, ал адамдын руху туулган жерине келип турат деп угуп калчу элем. Разаковдун сөөгүн Москвадан алып келүү боюнча жооп бере албайм, бирок мусулманчылыкта ушундай. Мына ушул сыяктуу критерийлерге таянып, андан сырткары Маргалаң деле  кыргыздар байырлаган  жер болгондуктан ушундай чечимге келгем. Негизи Кокон хандыгын кыргыздар менен кыпчактар бийлеп турган да.

— Лениндин убагында үй-бүлөсү менен аттырган, орустун падышасы Николай IIнин сөөгүн деле Санк-Петербургга алып келген. Анан Полот хандын сөөгүн алып келсек болбойт беле?

— Мен кыргыз эли мусулман болгондуктан Ислам дининин көз карашы менен айтып жатам. Биздин динде сөөктү ордунан жылдырса болбойт экен да. Бирок кеч да болсо мусулмандык үрп -адаттарды аткара берсе болот. Сөөк кайсы жерде жатса ошол бойдон которулбай калыш керек. Анткени жердин баардыгы бирдей, жаман жер, жакшы жер деп бөлүнбөйт. Ушундай көз караштардын негизинде сөөктү кыйнабайлы, урмат-сыйды, зыяратты ошол жерден эле жасайлы десем баары колдошту. Ишенген адамдарды Өзбекстанга жибердим, Полот хандын сөөгү коюлган жерди бизге бөлүп берүүсүн сууранып, кандай урп-адаттар болсо аткарып коёлу деген максатта. Бул маселе жазда көтөрүлгөн, кышка чейин созулуп кетти. Кийинки жылы май айларында тийиштүү адамдарды чогултуп алып, Өзбекстандын Фергана облусундагы Ахунбабаев районунун акимине бардык. Ал жерде ийри отуруп, түз кеңешип маселени чечтик. Алар биздин баардык айткандарыбызга көндү. Анын ичинде он беш сотых жерди бөлүп беришти, кабырды көтөрүү жана баары кыргыздын улуттук чиймелери менен курула турган болду. Атайын долбоор түзүп курулуш иштерин баштайлы дедик. Ошентип биз долбоордун үстүндө иштей баштадык. Бизде Полот хандын Маметалиев Гыламидин деген чебереси бар. ЖКОнун директору. Өзүнчө штап кылып уюштуруп чебересин башчы кылып дайындадык. Атайын эсеп ачып демөөрчүлөрдү таптык. Ошентип ишти жаңыдан баштаган кезде мен иштен бошоп калдым. Ошондон кийин ал иш токтоп калды. Мен ошол ишке ушул күнгө чейин өкүнүп жүрөм.

— Андан кийин деле иш -аракеттерди жүргүзгөн жоксузбу?

— Ишти улантканга менде мүмкүнчүлүк жок болчу. Себеби, колдогон эч ким жок болду. Өзбекстанга өтө албасам, ал жакка барып алып устачылык кыла албасам, мен үчүн кыйын эле болду.

— Тарыхый малыматтарда айрым окуялар так эмес берилип келет. Маселен, бир маалымат боюнча Полот хан орустардын колуна өзү келип түшүп берет дейт. Дагы бир маалыматта орустар тоонун арасында үңкүрдө жашынып жаткан жеринен колго түшүрүп алат деп берилип жүрөт. Негизи кандай болгон?

— Ооба, чынында орус баскынчылары элди кырып, кыйнап аргасын кетирип жатканда бир топ балбандары менен өзү келип колго түшүп берген деп айтып жүрүшөт. Согушуп жүрүп колго түшкөн деген вариант туура эмес.

— Ошондо Полот хан элдин башына кыйынчылык түшүп, кыйналып турган кезде, өзүнүн керт башын ойлобой, элинин тынчтыгы үчүн өзү келип колго түшүп берип жатпайбы. Ал жазга чейин кол топтоп келсе болбойт беле?

— Полот хан баарынан маалымат алып турган. Бирок ошол эле кезде орустардын куралын анчалык күчтүү деп ойлошкон эмес дагы даярдыксыз, согуштук негизсиз тактика менен барып алып көп кырылып калышкан. Ошондо баарыбир жеңилээрине көзү жетип түшүнгөн.

— Баткен өрөөнүн хандар көп чыккан  өрөөн деп атап келишкени маалым. Бул эмнеден улам чыккан же жеринде бир касиет болгонбу?

— Биринчи кезекте ошол жерде отурукташып калган эл болгон. Алар тоолуктардай боз үйдү ары-бери ташып көчүп конбой, бир жерде отурукташып калышкан. Лейлек менен Кокондун ортосу болгону 60 чакырым  жер. Анда жашаган эл хандык менен байланышып соода-сатык кылып турушкан. Хандыктын алгачкы салыктарын биринчилерден болуп ошол эл төлөшкөн. Адамдардын касиети кайсыл жерде жашагандыгынан да көз каранды болот экен да. Маселен, кыргыздарда карды салаңдагын адамдар аз. Ошол эле кезде коңшу Өзбекстанда курсагы салаңдагандар көп болот. Жер шартына жараша суулардын алыс-жакындыгына жараша адамдардын тулку бою өзгөрүп турат экен. Бул дагы жер түзүлүшүнө карай өзгөрүп турат экен. Туура Баткен жергесинен эл башкарган Полот хан, Раззаков, Орозбеков, Масалиев , Кулатов сыяктуу кыйындар чыгып жатпайбы.

— Сиз сөзүңүздүн башында Полот ханды дарга асканда сөөгүн жерге бербей асылган боюнча кармап турган деп айтып кеттиңиз. Эмне себептен андай болгон?

— Ал боюнча менде так маалымат жок. Биз сураштырганыбызда Полот хандын сөөгү бир күн кечке дарда асылып турган. Сөөктү түнкүсүн уурдап качып кетишкен. Элди коркутуш үчүн сөөктү асылган бойдон кармаса керек. Полот ханды дарга асканда Түркестандын генерал-губернатору  Фон Кауфман дагы келген. Ал ошол Полот хандын кадыр-баркы болгон. Бир нерсени айтып коёюн. Биз Полот хандын сөөгү жаткан жерге барганда, ал жердин жака-бели абдан чукулган экен. Эмнеге мындай десек, ошол айылдагылар  топуракты дары катары колдонушарын айтышты. Ал жердин топурагы жараларды айыктыра турган касиетке ээ экен. Башка кабырлардын баарында оттогон мал Полот хан жаткан жерди барып оттобойт экен.

— Учурда Полот хандан таркаган канча урпагы бар?

— Бир небереси бар эле, ал киши да кайтыш болуп кетти. Азыр чеберелери бар.

Маектешкен Үсөн Абдирашит уулу

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *