Ашхабад аэропортунда алдамчылар көбөйдү

Ашхабад аэропортунда чет өлкөлүк каттамдарга коё берилбеген жүргүнчүлөрдү алдоо учурлары көбөйдү.

“Азатлык” түркмөн радиосу кабарлагандай, шылуундар Түркияга жол тарткан алты кишини алдап, алардын документтерин жана 600 долларын алып качып кетишкен.

Акчасынан жана документеринен ажыраган Болдумсаз районунун жашоочусу аэропорт полициясына кайрылган. Кызматкерлер жабырлануучунун аты-жөнүн каттап, шылуундар табылса, байланышка чыгууга убада беришкен.

Өз булактар айрым алдамчылар Ашхабад аэропортунун коопсуздук жана миграция кызматы менен биргеликте иш алып барышарын айтышууда.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *