Ашхабад аэропортунда жарандардын телефонундагы жеке маалыматтар текшерилүүдө

Ашхабадга учуп келген Түркмөнстан жарандарынын телефонундагы жеке маалыматтар текшерилүүдө. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына Лондондон учуп келген жергиликтүү тургундардын бири билдирди.

“Ашхабадга келип, аэропорттон чыгып баратканда жергиликтүү кызматкерлер телефонумду алып, андагы жеке маалыматтарымды текшере башташты”, – деди ал.

Айтымында, аэропорт кызматкерлери телефонундагы чет өлкөлүк жигит менен түшкөн сүрөттөрдү көрүп, Түркмөнстанда бала жок калдыбы деп аны кемсинтишкен.

Ал билдиргендей, ошондой эле аны менен бирге учуп келген эки курбусунун телефондорун дагы эч нерсе түшүндүрбөстөн тартып алышып, текшерип башташкан.

Сентябрдын башында Азия оюндарына байланыштуу Ашхабаддагы эл аралык аэропортто жүргүнчүлөрдү текшерүүнүн кошумча чаралары киргизилгени кабарланган.

V Азия оюндары Ашхабадда 17-27-сентябрь күндөрү өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *