Ашхабад аэропортунда жүргүнчүлөрдү каттамга киргизбей коюу токтоду

Ашхабад аэропорту

Ашхабад аэропортунда чет өлкөгө учууну каалаган жарандарды каттамдарга киргизбей коюу учурлары токтоду. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, 3-июлда өлкөнүн Миграция кызматынын төрагасы жыйын өткөрүп, кол алдындагылардан Түркмөнстандан чыгып жаткан жана өлкөгө келип жаткан бардык жарандарга сылык мамиле кылууну талап кылган.

«Андан кийин өлкөдөн чыгып жаткан бир дагы түркмөн жараны каттамдардан чыгарылган жок. Буга чейин болсо эч кандай себептерин түшүндүрбөстөн эле жүргүнчүлөрдү, көбүнчө Түркияга кетип жаткандарды каттамдарга киргизбей койгон учурлар көп болчу. Айрым учурларда бир каттамга эле киргизилбегендердин саны 15-20га жетип калчу», — деп жазды басылма.

Акыркы бир нече жуманын ичинде Түркмөнстандан Стамбулга учуп барган жарандардын көбү азыр Ашхабад аэропортунда мурдагыдай катуу көзөмөл жок экенин айтышты. Ошондой эле алар миграция кызматкерлери менен коопсуздук органдары жүргүнчүлөргө психологиялык басым жасоону токтотуп, суракка албай калгандыктарын кошумчалашты.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *