Ашхабаддан алган алтындардын баасы

Биздин гезит (ред. Азия Ньюс) жыл сайын өзүнүн мыкты спортчуларын аныктап, аз да болсо ашуудан отчетун берет. Албетте, кыргыз спортчулары акыркы жылдары аалам алкагында болбосун же Азия чөлкөмдөрүндө болбосун жараткан ийгиликтери аз эмес. Биз алар менен сыймыктанып келебиз. 2017-жыл олимпиадалык жыл болбогондуктан, эң эле көзгө урунттуу деп Түркмөнстандын Ашхабад шаарында Жабык имарат алдындагы Азия оюндарын баса белгилесек болот. Андагы чемпиондорду мыкты деп аттарын атай кетели: Абдурахманхаджи Муртазалиев (джиу-джитсу); Бекзат Тынчтыкбек уулу, Эсенбек Кудайбердиев, Нурзат Бактияр кызы, Алтынай Мамарасул кызы, Мээрим Момунова (белбоо курөшү); Ызатбек Ратбеков (бильярд); Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей (спорттук бий); Авазбек Аманбеков (кикбоксинг); Жамалбек Асылбекуулу, Бекназар Раимкул уулу, Жаныбек Амантов (самбо), Калы Сулайманов (грек-рим).

Мындан сырткары, белгилей кетчү федерациялар бар.

Булак: “Азия Ньюс”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *