Ашхабаддын борборунда жүздөгөн турак үйлөр бузулууда

Бийлик Ашхабаддын бир канча борбордук көчөсүндөгү турак үйлөрдү бузууда. Жаңы турак жай бөлүп берүү маселеси чечилгенче үй ээлерине туугандарыныкына барып жашап туруу буйругу берилди. Жергиликтүү бийлик кыш чилдесинде жүздөгөн үй-бүлөнү көчүрүүгө кандай зарылчылык болгонун жана үйлөрдү бузуунун алдын ала пландалган-пландалбагандыгын түшүндүргөн жок.

Түркмөнстан борборундагы жеке үйлөрдүн бузулуп жаткандыгы тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына кышында үйсүз калган ашхабаддыктар билдиришкен. Айтымдарында, алардын үйлөрү шаарды көрктөндүрүү чараларынын алкагында бузулган. Бийлик үйлөрдүн бузуларын алдын ала эскертпегендиктен, үйсүз калган жарандар курулуш материалдарын жана айрым буюмдарын арзан баада сатууга аргасыз болушууда.

«Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келип, үйдү тез аранын ичинде бошоткула деп туруп алышат. Кышында, мындай оор шартта зарыл болгон нерселериңди чогултууга гана араң жетишет экенсиң», – деди өткөн аптада үйү бузулган жергиликтүү тургун.

Жашоочуларга бузулган үйлөрүнүн ордуна Мир-7 жана Коши райондорунан батирлер сунушталып жатат. Бирок жаңы үй берүүнүн такталган тартиптери жок болгондуктан үй-бүлөлөрдүн көбүнө туугандарыныкында жашап турушу керектиги айтылды. Ошол эле маалда Мир-7 районунан батир алууга жетишкендер жаңы үйлөрдө шарттар толук түзүлбөгөнүн айтып жатышат. «Бизге батир берилген үйдө жылуулук системасы курулуп бүтө элек экен. Кыш чилдесинде батирди жылытуу кошумча түйшүк жаратат. Электр мештерин сатып алууга туура келет», – дейт жергиликтүү тургундардын бири.

Источник: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *