Асия Сасыкбаева, экс-депутат: “Атамбаев менен Текебаев тирешкен жок, бүгүн эки башка идеологиянын, ак менен каранын күрөшү жүрүп жатат”

– Асия эже, “Референдумга жол жок” кыймылы курултай өткөрүп, Конституцияны алмаштырууга каршылыгын билдирди. Бийлик, ал курултайдын резолюциясындагы талаптарды эске алабы же өз билгенин уланта береби?

– Бир топ уюмдар жана кыймылдар референдумга каршылыгын билдирип, референдумду өткөрүү зарылчылыгы жок экенин айтып, колдорунан келишинче аракет кылышты. Бирок,  бийлик, президенттин аппараты эми кандай кадамга барары белгисиз. Анткени, мамлекетибизде референдумду колдогондор эмес, каршы болгондордун саны күн сайын көбөйүүдө. Бул эске албай коё турган  маселе эмес. Ошондуктан, өйдө жактагыларда өздөрүн сактап калуу сезими жогору болсо, мурдагы бийликтерден сабак алган болсо, референдумду токтотуп, орчундуу башка маселелерди чечүүнүн аракетин баштайт. Бирок, президенттин айлана чөйрөсүндөгүлөр ажого туура эмес кеңеш берип, элден ого бетер алыстатып, президенттин ишенимин өз кызыкчылыктарына пайдаланып жатышат. Кыскасы, мамлекетибиздеги оор абалды жөнгө салуунун ордуна, аны ого бетер тереңдетип жатышат.

– Бийлик бу сапар эсине келбей, каршы тараптын пикирин эске албаса, жазында мындан көп киши Курултайга чакырылып, бийликке кооптуу жагдай жаратып койбойбу?

– Курултайдын мүчөлөрү жакында дагы эл менен жолугуп Конституцияда өзгөртүлө турган беренелер боюнча  түшүндүрмө беребиз дешти. Менимче, ошол түшүндүрмөдөн  кийин жарандарыбыздын “көзү ачылат”. Анткени, бүгүнкү күнгө чейин Конституцияга кире турган өзгөрүүлөр тууралуу элге жетишерлик маалымат бербегендиктен, көпчүлүк баш мыйзамга  кандай өзгөрүүлөр кирерин билбейт. Ал өзгөрүүлөр ким үчүн пайдалуу экенин, анын артында эмне катылганынан кабары жок. Ошон үчүн жер-жерлерде  референдумга чейин чоң курултай өткөрүш керек. Антпесе мамлекет Конституцияны өзгөртүш үчүн дагы чыгым болот. Негизи ар бир президент өзүнө ылайыктап Конституцияны алмаштыра бербей, болгон мыйзам менен жашап үйрөнүшү керек. Антпесек мамлекетте стабилдүүлүк, тартип болбойт.

– Атамбаев менен Текебаевдин тиреши мындан да тереңдей берсе, Кыргызстанды саясый кризиске кептеп койбойбу?

-Менин баамымда, президенттин айланасындагылар жана бийлик жалдап алган журналисттер “Текебаев менен президенттин тирешүүсү” деп чыгарып жатышат. Чынында бул жагдай эки адамдын эмес, эки башка идеологиянын күрөшү. Жакшылап карап көрсөңөр бул жерде күрөш ак менен каранын, жакшылык менен жамандыктын ортосунда болуп жатат. Айтайын дегеним, бийликтегилер бийлик бир колго топтолгон авторитардык системага багыт алса, ага каршы болгон тарап демократияны сактап, мыйзамдарды көзөмөлдөп, парламенттик башкарууну өнүктүрүүнү колдон чыгарбоого  аракет кылып жатышат. Бирок, бир ууч олигарх мыйзамдарды өз кызыкчылыктарына  ылайыктуу кылып өзгөртүп,  парламентти Бакиевдин доорундагыдай каяша айтпаган, эмне десе колдоп берген кол жоолук мекемеге айлантып, сотторду көз каранды кылып, тымызын көзөмөлдөп, жогору жактын буйругун аткарган чечимдерди чыгарткан же ким акча берсе ошонун кызыкчылыгын жогору койгон абалга алып келгени жатышат. Мунун түбү жакшылыкка алып барбайт. Саясый кризисти мындан ары да тереңдетет. Ошондуктан бул жерде эки адамдын тирешүүсү эмес, мамлекеттин келечин тандоо үчүн аракеттер болуп жатат.

– Кыргызстан саясый кризиске кептелип, туңгуюкта калган жокпу?

– Саясый кризиске кептелгенибиз жашыруун деле эмес го. Айтайын дегеним, акыркы мезгилдеги саясый окуялар саясый кризисти ого бетер тереңдетти. Мамлекетти башкаргандар мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртпөй, элди бөлүп-жарып, жада калса сепаратисттерди баатыр кылып, түрмөдө отургандарды күбө кылып, эң негизгиси мамлекеттик телевидениеден чыгарып, сүйлөтүп, Кыргызстандын саясый элитасына каршы кылмыш ишин ачтырып, жараны ого бетер тырматып, ырбатып саясый кризисти тереңдетип жатышат. Мамлекет башындагылар эртең кеч болуп кала электе акылына келип, Мискенбаевдерди чыгарып элди бир-бирине тукурганды токтотушу керек. Болбосо, саясый кризистен чыга албай турган абалга кептелип, мамлекет туңгуюкта калат. Ошондуктан, акчаны жөнү жок коротпой, мамлекетибизди өнүктүрө турган  пайдалуу программаларды иштеп чыгып, мамлекетибиздин коопсуздугуна кам көрүп,   Конституция менен алектенип, референдумга миллиондогон акчаларды коротпой эле чиеленишкен чек ара маселесин чечип,  жумушсуздук жана соода-сатыкты жолго коюп, калктын саламаттыгын жакшыртуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун аракетин көрүшүбүз керек. Мына ушул маселелердин баарын чечкенде гана саясый, социалдык кризистен чыгып, элибиздин турмушу жеңилдейт. Болбосо, карапайым эл кыйналуу менен гана күн кечирип калат.

– Бийликтегилер Текебаевден өчүн алыш үчүн “ата-мекенчилерди” кызматтан алып жатабы же чындап эле “Ата Мекендин” кадрлары иштин көзүн таппай жатабы?

– Акыркы мезгилде иш билги, мыкты адис экенине карабай бийликтегилер элди бөлүп-жарып, “ата-мекенчилерди” кызматтарынан кетирип жатышат. Чынында “ата-мекенчилерди” антип жээрип, кызматынан алып, конституциялык укугун тебелебеш керек. Айтайын дегеним, Кыргызстандын жарандарын конституциялык укугунан ажыратыш бул кылмыш кылганга барабар. Азыр маани бербей жатышканы менен кийин жооп беришет. Чынын айтыш керек, “ата-мекенчилерди” себеби жок кызматтан алып, аларды кодулаганы менен КСДПнын квотасынан баргандарга караганда биздин партия ишеним арткан адамдар жакшы иштешти. Өкүнүчтүүсү, мыкты адис экенине карабай кызматтан четтетишти. Сөзүм куру болбош үчүн бир мисал келтирейин. Биздин партиянын өкүлү көчмөндөр оюнун өткөрүүгө жан дили менен кызмат кылып, Кырчын жайлоосунда  уюштуруу иштери менен алек болуп жүрсө,  премьер-министр чакырып алып, “өз ыктыярың менен кызматтан кетип кал” деп сураныптыр. Премьер-министр башы менен ушундай кадамга барганы уят эле иш болду деп ойлойм. Мындай маселеде “ата-мекенчилер” болобу, башка партиянын өкүлдөрү болобу Конституция боюнча алар деле Кыргызстандын жарандары экенин эске алып, мамлекет  жумуш менен камсыздандырууга укуктуу. Ал эми  адам укуктарын билип туруп атайылап бузгандарды  кылмыш кылганга барабар иш жасашты деп эсептейм.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *