Аскар Медетов, филология илиминин кандидаты: “Чыңгыз Айтматовдун аброюна жараша сый көрсөтө билсек”

– Аскар Советович, жаңы жылыңыз менен!

– Рахмат.

– Өткөн жылы Чыңгыз Айтматовдун мааракесине карата бир катар сунуштарды айттыңыз эле, эске алындыбы?

– Улуу жазуучунун ысымын түбөлүккө калтыруу тууралуу президент К.Бакиевдин 2008-жылы чыгарган жарлыгынын кемчиликтерин айтканбыз. Ошол жармач жарлык оңдолсо деген эле ңиет болгон. Бирок, Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев «Бакиевдин жарлыгы туура» дегендей «кеңешин» бергени салтанаттуу жыйында айтылды го. Ушундан кийин аргасыздан «Жакиев Бакиевдин апологети болуп алганбы?» деген ой келет экен. Ал эми ошол салтанаттан кийин сый тамакта президентке боор тарткан болуп, Эл Баатырлары М.Мамакеев менен Б.Жакиев «эл бузарлар, ичи тар, көралбас-тарды» жекирип сүйлөгөндөрүн белгилүү жазуучу журналист Дүйшөн Керимов силердин гезитке арай көзү чарай кылып жазды го. Мунун өзү баягы «Максимдин көзү жакшы экен» деген мактоо синдромунун кайрадан башталып жатышынан кабар берип турат. Ушул жерден Расул Гамзатовдун «Кошоматка ишенбегиле!» деген ыры эске түшөт:

«Не верьте лести! В ней, по всем приметам,

Таится зло. И в мире столько раз.

Ни пулею, ни славой, ни наветом,

А сладким ядом убивали нас.

И в жизни помнит следует об этом

Взмывающим к высоким рубежам, –

Не толъко космонавтам и поэтам,

Но также государственнъш мужам».

(Р.Гамзатов «Покуда вертится земля», Махачкала, 1976, стр.87)

– Анда аксакалдарга ишенүүгө болбойт дегени турасызбы?

– Кудай сактасын, андай оюбуз жок. Нарктуу адилет сөзүнөн ажырай элек, калыстыгынан тайбаган улуулардан уучубуз куру эмес. Ошол чала токулган Бакиевдин жарлыгынын кемчиликтерин ал президент болуп турганда эле академик Абдыганы Эркебаев айтып, Бишкек шаарынын бир районуна улуу жазуучунун ысымын ыйгаруу сунушун берген. Ал эми белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Жумагул Сааданбеков Ысык-Көлдүн дарбазасы болгон Балыкчы шаарына Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүү сунушун айткан. Ушул конструктивдүү ой-пикирлер эске алынбай, бийлик кошоматка кой сойгондор менен эсептешип жатканы таңкалычтуу.

– Маараке кандай өттү, ошол жөнүндө кеп кылсаңыз?

– Өзүңөр күбө болгондой, Европа, Япония, Кытай, Орусия, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан Чыңгыз Айтматовдун юбилейин өз жазуучусундай эле белгиледи. Москванын борбордук райондорунун бирине эстелиги коюлуп, гүлзарга аты ыйгарылды. Түркияда эстелиги коюлуп, паркка аты берилген. Ташкентте эстелиги тургузулуп, көчөгө аты берилди. Президент Шавхат Мирзиёевдин баш сөзү менен Ч.Айтматовдун тандалган чыгармалары көлөмдүү китеп болуп чыкты. 2017-жылы өзбек тилинде алты томдугу Ташкентте жарык көргөн. Улуу жазуучунун мааракесине карата Пекинде, Берлинде, Москвада, Анкарада, Астанада, Ташкентге илимий конференциялар, салтанаттуу кечелер өткөрүлгөн. Ооба, бүтүндөй Евразия континенти Чыңгыз Айтматовдун юбилейин чоң салтанат, урмат-сый менен белгиледи.

– Бизде кандай белгиленди деп ойлойсуз?

– Бизде да жакшы белгиленди. Элден айланса болот. Айылдарда, мектептерде, шаарларда көп эле иш-чаралар өткөрүлдү. Бирок, «Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө» К.Бакиевдин ичине ит өлүп жатып чыгарган жарлыгы оңдолгон жок. Ачыгын айтканда, ал иттен чыгарыш үчүн ичтардык менен эптеп токулган жарлык болгон. Жетесиз Курманбек Бакиев көзүнүн тирүүсүндө менменсинип, кыйынсынып, бүт дүйнө баалаган Айтматовду кадырламак тургай, элчилик кызматтан бошотуп, улуу адамды бозала кылып, бийлигин, падышалыгын көрсөткөн. Анысы аз келгенсип, көзү өткөндөн кийин да маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын жөндөп уюштура алган эмес. Бул учтан түпкө кала турган сөз.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Чыңгыз Айтматов выдающийся писатель, философ современности – общечеловеческое» деп Айтматовго жогору баа берди. Эми ушул сөзүн иши менен бекемдеп, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк аброюна, масштабына ылайык жерлерге атын ыйгарса жакшы болот эле. Маселен, Ош мамлекеттик университетин карап көрсө болот. Ага сөзсүз эле «Оштун кулунунун аты берилиши керек» дешсе, өздөрү билишсин…

– Эми дагы кандай сунушуңуз бар?

– Айтматовдун ысымын түбөлүккө калтыруу маселеси боюнча Ж.Сааданбеков менен А.Эркебаевдин жүйөлүү сунуштарын колдойбуз. Көлдүн дарбазасы болгон Балыкчыга жана Бишкек шаарынын Биринчи Май районуна Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылса туура болот. Алай ханышасы Курманжан датка Кыргыз АССРин республикага айландырганга көп күч жумшап, кызматы өткөн.

Жусуп Абдрахмановдун жана Кыргызстандын согуштан кийинки жылдардагы өнүгүүсүнө салымын кошкон Исхак Раззаковдун ысымдары да Бишкектин райондоруна берилсе маанисине шааниси жарашып эле калат го деп ойлойм.

Назима Жумаева

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *