Аскар Шадиевдин депутаттык мандаты алынбаганы Жээнбековдорго сөз тийгизүүдө

Кылмыш иши козголору менен ооруп, ооруканага жата калган Аскар Шадиев түн жамынып, Алмаз Атамбаевге жана “Шоопурга” тымызын жолугуп жүргөнү кийин билинди. Билермандардын айтымында “Датка-Кемин” долбоорун ишке ашырууда уурдалган 200 млн долларды чоңдоруна мына ушул Шадиев бөлүштүргөн. Албетте “май кармаган бармагын жалайт” деп өзү чоң сугунуп алгандыктан какап кетип, акыры кайырмакка илинди да жаңы бийликтин баёолугунан пайдаланып, Америкага качып кетти. Бирок, карапайым элдин арасында “Шадиевди бийлик өзү качырыптыр, Асилбекке “Боорсок” деген супермаркеттер тармагын белек кылыптыр” деген сыяктуу ушактар таратылууда. Шадиев болсо “крышасы” Икрам Илмиянов менен Америкада чардап жүрүшсө да жөн жүрүшпөй Жээнбековдордун атына сөз тийгизүүдө. Айрыкча анын мандаты алигиче эмнеге алынбайт деген суроо коомчулукта кабыргасынан коюлуп, аны да Жээнбековдор коргоп жатышыптыр деп жалаа жабылып жатат. Анткени мыйзам боюнча да 30 күн жумушка чыкпаган депутат мандатынан ажыратылыш керек да. Анда неге Шадиев мандатынан ажыратылбайт? Ал деген өткөнкү сессия бүтө электе эле качып кетпеди беле, кийин 1 ай округдарда иштеген жок. Ошондуктан БШК мыйзамды так аткарып, Жээнбековдорго сөз тийгизбей Шадиевди мандатынан ажыратыш керек.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *