Аскарбек Шадиев эбегейсиз көп байлыкты кантип, кайдан топтогон?

Башкы прокуратура Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-берен.еси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгогону 28-апрелде маалымдалган. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы себеп болгон. Мындан улам Аскарбек Шадиев ээлеп турган биринчи вице-премьер министрлик кызматынан кеткен. Коп отпой эле Ша-диевдин жүрөгү ооруп, Бишкектеги Улуттук журок хирургиясы оору-канасында дарыланып жатканы айтылган. Көпузабай эле “Шадиев өлкөдөн чыгып кетти” деген маалымат коомчулукка желдей шарады. Анын өлкөдөн чыгып кеткенин жардамчысы Айбек Эрмеков айтып чыккан. Улуттук коопсуздук кызматы болсо Шадиев өлкөдөн эч жакка чыкпаганын билдирген. Ал эми кечээ жакында эле Аскарбек Шадиевдин жана анын жакындарынын мүлкү камакка алынганы жазылган прокурордун санкциясынын сүрөтү социалдык тар-мактарда жарыялан-ды. Анда депутаттын 25 банктагы эсеби, ал 50 пайыз жана 10о пайыз ээлик кылган го чакты ишканасы, бир нече турак-жайы жана автоунаасы камакка алынганы көрсөтүлгөн. Учурда мынча эбегейсиз чоң байлыкты, көп акчаны Шадиев кантип, кайдан топтоду деген күмөндүү суроо коомчулуктун бүйүрүн кызытып турган маалы. Дал ушул суроону биз айрым белгилүү жарандарга берип, ойлорун уктук…

Топчубек Тургуналиев, коомдук ишмер: “Шадиевдин топтогон байлыгы, анын коррупцияга шектелип жатышы бул таң кала турган нерсе эмес

– Акаевдин учурунан бери бийликтин бийик бутактарында жү-рүп, мамлекеггин байлыгын жеп-ичип, миллиондогон акчаларды чет өлкөлүк банктарга салып, Бишкектен, чет өлкөлөрдөн ондогон квартираларды, үйлөрдү алып, жеп тоюнбаган көп чиновниктерди көрдүк го. Шадиев деле ошолордун бири эмеспи. Шадиев тээ Акаевдин мезгилинен бери кыргыз бийлигинде таасирдүү фигура катары иштеп келе жатат. Бакиевдин учурунда депутат, министр болгон. Атамбаевдин маалында да министр болду. Андан кийин депутат болуп, биринчи вице-премьер министр болуп иштеди. Шадиевге окшогон колу туткактарды аёосуз жазалоо керек. Топтогон байлыктарын, мүлктөрүн мамлекеттин эсебине өткөрүп алуу зарыл. Мен 8 жылдан бери люстрация мыйзамын ушундайларды жок кылыш үчүн сунуштап жүрөм. Тилекке каршы, ошондон бери депутаттар менин сунушумду кабыл албай, метке кагып келе жатышат. Анткени депутаттардын арасында Шадиевге окшогондор толтура.

Аскер Сакыбаева, «Жаны Агым” гезитинин башкы редактору: “Шадиевдин болгон мүлкү мамлекетке өткөрүлсүн”

– Биз баарыдан мурда мыйзамды сыйлап көнсөк жакшы бо-лоор эле. Эгер мыйзамдуу болсо, Аскарбек Шадиевдин болгон мүлкү мамлекетке өтүшүн да колдойм. Жок, мындай иштер бийликтегилердин кайсы бир тарапка жообу катары гана болуп жаткан иш болсо, анда мунун аягы жакшылык менен бүтпөйт. Мисалы, бир кездеги транспорт министри, кийинки депутат, кылмыш иши козголгондон кийин качып кеткен Нурлан Сулайманов азыр кимдин жанында жүрөт?..

Жеңиш Мелдакматов, “Замандаш” саясий партиясынын терагасы: “Шадиевге эң катаал чара көрүлүшү керек”

– Жыйырма беш жылдан бери жалпы элибиз жемкорлорду багуу менен убара. Карапайым калк “качан оцолобуз, качан жемкорлордон тазаланабыз” деп, дагы да болсо үмүт кылып келет. Алсак, Бишкек ТЭЦтеги 386 млн. доллар, Датка-Кеминдеги 389 млн. доллар, Бишкек шаарынын ички жолдорун оңдоого багытталган 140 млн. доллар, акыркы 20 жылда айыл-чарба тармагын өнүктүрүүгө алынган 1млрд. доллар кредиттер менен гранттар, экономиканы жана республикалык бюджетти кармоого алынган 1 миллиард доллардан ашуун кредиттер ж дна гранттар кайда? Кантип жана канчалык максаттуу сарпталды? Эмнеге ири долбоорлордон кийин айрым чиновниктердин капчыктары чоцоюп, үйлөрү кеңейип, банктардагы счеттору көбөйгөндөн көбөйүп жатат? Алсак, ошол эле Аскарбек Шадиев эмненин негизинде жана кантип байлык топтогон? Айылдагы жөнөкөй жашоочунун миң түш көрсө түшүндө көрбөгөн байлыкты кандай жол менен жыйнаган? Аттиң, эл банктарга кредит төлөй албай кыйналып, көбү аргасыздан бөтөн жерге иштеп чыгып кетип жатса, Шадиев өлкөдөгү бардык банктарда акча топтогон экен. Кантип жана каерден? Эми ушул суроолорго байланыштуу Шадиевдин бардык байлыгы тыкыр иликтөөгө алынышы керек. Мыйзамсыз табылгандары толугу менен мамлекетке өткөзүлүшү шарт. Ал эми өзүнө эң катаал чара көрүлүшү керек. Ал эми Шадиевдин өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча алсак, албетте муну тийиштүү күч органдары иликтеп, сот акыркы чечимди кабыл алат. Эгерде күнөөсү далилденсе, укуктук талаада укуктук баа берилиши керек. Бирок моралдык жагынан алсак, дүйнөнү калеми менен багындырган, кыргызды ааламга тааныткан биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Төрөкуловичтин фондунан акча желгени өлкөнүн аброюна аябагандай чоң залака тийгизип, эл аралык аренада Айтматов атындагы фондго жана жалпы биздин мамлекеттин атына көлөкө түшүрдү.

Кайрат Осмоналиев,, юрист: “Шадиев 8 жылдан 12 жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн”

– Шадиевге Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин негизинде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зьшн келтирүү менен чара көрсө болот. Күнөөсү так далилденсе, 8 жылдан 12 жылга чейин кесилип кетиши да мүмкүн. Конфискация да каралган же болбосо ири суммада айып пул салынышы да ыктымал. Күнөөлүү болсо, албетте жазаланууга тийиш.

Мирлан Алымбаев

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *