Баткен: Аскер прокуратурасы аскердик кызмат өтөөдөн качкан аскер кызматчылары мунапыс алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин жарыялады

Баткенде аскердик кызмат өтөөдөн качкан 5 аскер кызматчысы үчүн мунапыс жарыяланды. Бул тууралуу Баткен гарнизонунун аскер прокурору Жанар Мырзаканов билдирди.

Аскер бөлүгүн же кызмат ордун өзү билип таштап кеткен аскер кызматчыларына, учурда издөөдө жүргөндөргө кылмышжаза жоопкерчилигинен кутулууга жана мунапыс актысын колдонууга мүмкүнчүлүк бар. 2016-жылдын 9-августундаКыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жарыялоо жөнүндөКРнын мыйзамы ишке кирди. Мыйзамга ылайык, КРнын Кылмышжаза кодексинин 359-беренеси (аскер бөлүгүн же кызмат ордун өзү билип таштап кетүү), 360-берененин 1-бөлүгү (аскерден качуу) боюнча кылмыш жасагандар 3 айдын ичинде, ушул жылдын 9-ноябрына чейин кызмат ордуна же КРнын Аскер прокуратурасына келишсе, кылмышжаза жоопкерчилигинен бошотулат. Учурда аскердик кызмат өтөөдөн качкан 5 жаран үчүн мунапыс жарыяланды.

Алар: Радмир Абаев, Станислав Борисов, Ильязбек Халилов, Абдурахим уулу Рахманалы, Дильшод Абаров“, – дейт Ж.Мырзаканов.

Анын айтымында, аскер кызматчылары ыктыярдуу түрдө аскер кызматын өтөгөн жерине жана Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасына келип, мунапыс актысын колдонуп, андан ары кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошоно алышат.

Баткен облусунан тышкары Ош, Жалал-Абад жана Балыкчы аскер прокуратураларына да кайрылса болот.

  • Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы – Баткен облусу, Кадамжай шаары, Киров көчөсү, 30;
  • Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы – Ош шаары, Петров көчөсү, 33;
  • Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы – Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү, 26;
  • Балыкчы гарнизонунун аскер прокуратурасы – Балыкчы шаары, Кыргызстанга 40 жыл көчөсү, 168.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *